ТОБО КЫЛУУ

https://kyrgyzcha.site/?p=102446&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

ТОБО КЫЛУУ🌙♥

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллооху алайхи ва саллам) мындай деп айтат🌹♥

🌹♥Ат-тааибу миназ-замби ка-ман лаа замба лаху🌹♥

Кандайдыр бир күнөө жасап, анан тобо кылган адам кудум эч бир күнөө жасабаган адамдай♥ («Сунан Ибн Маажа», Китаабуз-Зухуд, Баабу зикрит-тавбати, 4250-хадис)

🌹Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллооху алайхи ва саллам)дын жогорудагы айтканы күнөөкөр адамдардын жүрөгүндө жашоонун кандайдыр бир жаңы шооласын пайда кылуучу сөздөр. Адамзат алсыз эмеспи, ал күнөөгө жол коёт. Бирок, бул – Алла Тааланын берешендиги жана өтө чоң айкөлдүгү: Ал адам баласын үмүтсүздөндүргөн эмес. Кээде адамзат үмүтү үзүлүп, көңүлү калып дагы көбүрөөк күнөөлөргө батып кетет.

🌹Биздин Китебибиз – Курани каримдин өзгөчөлүгү бул🌹ал кайра-кайра Алла Тааланын Кечирүүчү жана Ырайымдуу экенин айтат♥

Адам баласына мындай деп сооротуу берет: туура, сен күнөө келтиргенсиң, сен катага жол койгонсуң, бирок Алла Тааланын Кечиримдүүлүгү сенин каталарыңан да көбүрөөк.

Бир гана шарт бар: чын дилден күнөөлөрүңө кыжаалат болушуң керек, шерменде болушуң зарыл, келечекте ошондой күнөө ишин жасабайм деп чын дилден убада беришиң лаазым.

Эгер ал орду каптала турган кандайдыр бир күнөө болсо, мисалга, бирөөнүн мал-мүлкүн жеген болсоң, анда анын мал-мүлкүнө келген зыянды толуктоого аракет жасашың керек. Эгер кимдир бирөөнүн ичин ооруткан болсоң, анда эгер мүмкүн болсо, андан кечирим сурашың керек. Кыскасы, чыныгы тобо деген – адам баласы басып жүргөн жолду таштап, кайтып келсин жана ал жолдон башка жолго өтсүн.

🌹Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллооху алайхи ва саллам) чыныгы тобонун маанилүүлүгүн мындай деп баяндаган🌹 эгер бир адам кандайдыр бир чөлдө, кандайдыр бир ээн талаада өзүнүн ургаачы төөсү менен кетип бара жаткан болсо, ал жерде кандайдыр бир адам да жок, эч бир инсан да жок, тамак да жок, суу да жок, ал ургаачы төөсүн минген адам жол жүрүп чарчап, кандайдыр бир жерде эс алса жана уктап калса, анан ойгонуп караса, ал ургаачы төөсү да жок, ал ургаачы төөсүнө артылган азык-түлүгү да жок, суусу да жок, буюмдары да жок. Ал ургаачы төөсүн ар кайсы жерден издесе, бирок таппаса, ошондо суу жана тамактан куру калып, өз жайына келип, жатып алса жана эми өлүмдөн башка арга жок деп ойлоп, уктап калса, кокустан ойгонуп, ургаачы төөсүн башында турганын көрсө, ошондо ал толкунданып ыктыярсыз түрдө: «Эй, Алла! Сага шүгүр, Сен менин пендемсиң жана мен Сенин Раббиңмин», – деп койсо, анын катуу сүйүнгөнүнөн улам мына өзүн жоготуп койгон болот. Ал(саллаллооху алайхи ва саллам) мындай деп айтат🌹

Алла Таала Өзүнүн пендесинин тобосуна тигил мусаапырдан да көбүрөөк курсант болот. («Муслим, Китаабут-таубати, Баабун фил-хаззи алат-таубати вал-фархи бихаа, 6955/6960-хадис)

🌹Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллооху алайхи ва саллам)дын насааттарына кулак салып, чын жүрөктөн тобо кылууга Алла Таала бардыгыбызга күч-кубат берсин🌹♥(Аамийн)

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️