Пример HTML-страницы

Таластык Адил Иметалиев штанга көтөрүү боюнча мелдештерге катышып, ийгиликтерди жаратууда

Акыркы жанылыктар

TurmushБакай-Ата районунун Бакай-Ата айылынын 19 жаштагы тургуну Адил Иметалиев чет мамлекетте штанга көтөрүү боюнча мелдештерге катышып, ийгиликтерди жаратууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 7-класска чейин Бакай-Ата айылындагы мектепте окуп, андан кийин спорт мектебине барган.

«Штанга көтөрүүдө эң биринчи техника, талыкпаган эмгек, дайыма машыгуу керек. Машыктыруучуң күчтүү болсо, колдоочуларың бар болсо, анда баарына жетесиң. Ошондой эле биринчиден тил билүү зарыл экен. Казакстанга биринчи жолу барганда англис тилин жакшы билбей кыйналганбыз. Ошол учур эсимден кетпейт.

Кыргызстанда штанга көтөрүү боюнча 4 жыл машыгып жүрдүм. Андан кийин 2020-жылы карантин учурунда айылга келип калып, спорт менен машыкпай каламбы деп ойлоп да калгам. 2 жыл Кыргызстандын атынан мелдештерге чыгып жүрдүм. Тилекке каршы «сборныйда» машыгуумду токтотуп, ата-энем менен кеңешип, Россияга окууга тапшырдым. Мордовия Республикасынын Саранск шаарында машыгып, бул жактын аты менен турнирлерге катышып жатам. Эң биринчи жеңишим — Кыргызстандын чемпионатында жеңүүчү аталгам. Казакстанда эл аралык мелдештерде 1-орунга ээ болгом. Мындан тышкары да көптөгөн мелдештерде алдыңкы орундарды ээлегем», — деди ал.

Балбан жигит 4 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE