СУРОО: Орозону үч күндөн тутса болобу, башында ортосунда, анан аягында?
ЖООП:
Болбойт. Толук туткула. Башында он күн, ортосунда он күн, аягында он күн туткула. Үч күн деген болбойт. Анткени Рамазан айында орозону толук тутуу – ар бир мусулманга парз. Тутпаган адам чоң күнөөкөр.
СУРОО: Мен орозо туттум эле, бирок бутума сыздоок чыгып жатат, ал ириндеп канайт. Ошол убакытта орозону токтотуп турушум керекпи?
ЖООП:
Жок, орозону токтотпогула. Сыздооктон чыккан кан же ириң орозону бузбайт.
СУРОО: Таравих намазын бул күнү окуса мындай сооп болот деген макалалар туурабы?
ЖООП:
Ал маалымат туура эмес. Шариятта ага эч кандай далил келген эмес, ал маалымат негизсиз.
СУРОО: Орозодо жуунса, чайканса болобу?
ЖООП:
Болот, бирок ооз-мурундан суу жутуудан сак болгула.
СУРОО: Шилекейди жутса болбойт экен, ооз ачылып калат деп досум тез-тез эле түкүрүп жүрөт, шилекей жутса ооз ачылып калабы?
ЖООП:
Ооздогу шилекейди жутуу оозду ачпайт. Жута берсин, оозго шилекей топтоп, аны улам түкүрө берүү, кайра оозго шилекейди толтуруп адамга машакатты жаратат. Күндө кандай жүрсө, ошондой эле жүрсүн. Ооздогу пайда болгон шилекейди жутса орозосу бузулбайт. Ал эми башканын шилекейин жутуу (мисалы, аялын же күйөөсүн оозунан өбүү) орозону бузат.
СУРОО: Орозо учурунда билбей бир нерсе жеп алса орозо бузулуп калабы?
ЖООП:
Билбестен жеп алса оозу ачылбайт. Орозосун уланта берет. Мисалы, суу ичип жатып орозо экенин эстеп кетсе, анда ичкенин дароо токтотот, орозосун уланта берет. Себеби билбестен жеп-ичип алуу кечиримдүү.
СУРОО: Оозду жабарда суу ичип, анан дуба кылабы же дуба кылып суу ичсе болобу?
ЖООП:
Ооз жабарда дуба айтканда суу ичиш шарт эмес. Сууну ооз жапкан убакыт киргенге чейин иче бергиле. Бирок ооз жабарда айтылган дубадан алдын же кийин суу ичиш керек деп шариятта келген эмес.
СУРОО: Намаз окуган адам кекирип жеберсе, даараты бузулабы, мен кекирип жиберип жатам?
ЖООП:
Кекирүү дааратты бузбайт. Негизи эле кекирүү адамдын эч бир ибадатына таасир бербейт.
СУРОО: Күйөөм экөөбүз базарда тамак сатабыз, азыр өзү орозо кармайт, тамак сатса болобу же болбойбу?
ЖООП:
Аалымдар орозодо күндүзү тамак сатууну тыйган. Анткени Рамазанда орозо кармоо бардык мусулмандарга парз. Эгерде алар орозо кармабай күндүзү тамак жешкен болсо, чоң күнөөкөр болушат. Ал эми аларга тамак саткан адам, алардын күнөөлөрүнө кандайдыр бир деңгээлде шериктеш болот. Ал эми ооз ачарга даярдалган тамактарды же азык-түлүктөрдү саткан болсо, же кечиримдүү себептерден улам кармай албай калгандарга сатса, анда бул учурда болот деп аалымдар айтышкан.
СУРОО: Каш терсе күнөөбү? Негизи эле буттардагы, беттеги түктөрдү алса күнөөбү?
ЖООП:
Каш терүү шариятта чоң күнөөлөрдөн. Каш терген жана тердирген аялга Аллахтын каргышы айтылган. Ал эми бет (аялдар) же бут-колдордогу түктөрдү алса (депиляция кылса) болот.
СУРОО: Орозо кармап атканда тишти мисвак менен тазаласа болобу?
ЖООП:
Ооба, болот. Орозо учурунда мисвак менен тишти тазаласа уруксат. Мисвак колдонуу оозду ачпайт.
СУРОО: Таравих окубаган күнөөкөр болобу?
ЖООП:
Себепсиз атайылап такай таштай турган болсо күнөөкөр. Анткени таравихтин өкүмү бекемделген сүннөттөрдөн. Ал эми арада кандайдыр бир кечиримдүү себептерден окуй албай калса, анда күнөөкөр эмес.
СУРОО: Орозо туткан адам жумуртка жесе болобу?
ЖООП:
Ооба, жесе болот. Кандай тамак болсо да орозодо ооз ачык маалда жесе болот. Орозодо ооз ачык маалда эч бир тамактын түрү тыйылган эмес. Адал тамактын бардык түрүн жесе уруксат.
СУРОО: Аял киши таравих окуса болобу?
ЖООП:
Ооба, болот. Эркек сыяктуу эле аялдар да таравих намазын окуса болот. Таравихтин өкүмү аялдарга да, эркектерге да бирдей.
СУРОО: Орозо убагында айызы келип калса, кийин карыз болуп калабы, канча күн болсо ошончо тутуп беребизби?
ЖООП:
Айыз келген күндөрү орозо тутулбайт. Айыз келер замат ооз ачылды болуп эсептелет. Анан айызы толук бүткөндөн кийин орозосун улантат. Ал эми айызы себептүү калып кеткен күндөрдүн казаларын кийинки орозого чейинки аралыкта сөзсүз тутушу керек. Үч күн болсо үч күн тутат, бир жума болсо бир жума тутат.
СУРОО: Орозо убагында косметикалык каражаттарды колдонсо болобу?
ЖООП:
Колдонсо болот.
СУРОО: Тырмакты лактаса даарат өтөбү?
ЖООП:
Тырмакта лактаса даарат өтпөйт. Себеби дааратта тырмакка да суу тийиш шарт. Ал эми лактаган болсо, анда тырмакка суу тийбей калат. Ошол себептен улам даарат алды болуп эсептелбейт. Даарат алардан алдын лакты кетирип, анан даарат алуусу керек.
СУРОО: Орозо кармап, бирок таравих намазын окубаса орозо кабыл болбойбу?
ЖООП:
Орозосу кабыл болот. Таравихтин өкүмү сүннөт (сунна муаккада). Аны окубай калса күнөөкөр эмес.