Пример HTML-страницы

СУРОО-ЖООПТОР

https://kyrgyzcha.site/?p=58603&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

БИСМИЛЛААХИР РАХМААНИР РАХИИМ.

 

СУРОО-ЖООПТОР

 

СУРОО: Мен намаз окуйм, жолдошум окубайт. Намаз окубаган адам менен жатуу, чочко менен жатканга барабар деген сөз чынбы?

 

ЖООП: Адамды ак жолго салуу Аллах Тааланын иши. Пенденин колунан келбейт. Пенде себеп гана боло алат. Ошондуктан, ар бир намазыңызда жолдошуңузга дуба кылсаңыз жакшы болот. Жолдошуңуз мусулман эле болсо никеңер сакталып турат. Көңүлүн алып, ыраазылыгын тапсаңыз бейиши болоорсуз. Сиз айткан сөз да айтылат.

 

СУРОО: Намаз окуп жатканда айымдар бутуна байпак кийиши шартпы?

 

ЖООП: Чоочун эркектердин көзү түшө турган жерде болсоңуз бутуңузга байпак кийип алууңуз шарт болот. Ал эми өзүңүзчө жалгыз, же туугандарыңыздын, же жалаң аялдардын арасында болсоңуз кызыл ашыка чейин жабылуу болгон болсо, байпак кийүү шарт эмес. Анткен аялзатынын буту намаздын өзүндө аврат деп эсептелбегени менен чоочун эркектерден бутун жабуусу милдеттүү деп фатва берилет керемет мазхабыбызда.

 

СУРОО: Өлгөн адам түшкө кирсе эмне кылыш керек? Дегеле, түшкө ишенсе болобу? Түш тууралуу шариятта кандай айтылат? Кенен айтып бериңүздү суранам.

 

ЖООП: Өлгөн адам түшкө кирсе, Куран окуп сообун багыштаса жакшы болот. Бул туурасында «Бактылуулуктун формуласы» деген китебибиздин 75-бетинде кеңири айтканбыз. Ал эми түш үч түргө бөлүнөт. Жакшы түштөр Алла Тааладан, жаман түштөр шайтандан, түшүнүксүз түштөр адамдын чарчаганынан, көңүлүнүн жай эместигинен болот. Бардык түштү колдон келишинче жакшылыкка гана жоруган оң. Ак пейилдүү адамга жоруткан жакшы. Көңүлгө жакпай турган түш болсо, эч кимге айтпай жардыларга садака тыйын берип койсоңуз, баш-көзүңүздөн садака болоор.

 

СУРОО: Боюнан алдыруу канчалык күнөө, аркы дүйнөгө барганда ошол балдар энени тозокко сүйрөйт деген чынбы?

 

ЖООП: Адам өлтүргөндөй эле күнөөкөр болот. Боюндагы баланы төрөө эненин ден-соолугуна олуттуу зыян бере турган болгондо, же ичтеги бала өспөй калып, же оорулуу болуп (мисалы баш сөөгү жок) туулгандан кийин да ата-энесинин балээси боло тургандай жагдай жаралса гана алдырганга уруксат берилет. Адегенде, дарыгерлердин чечими, андан кийин молдокелер карап макулдук бергенден кийин гана алдырганга болот жогорудагыдай шарттар менен. Ар ким өзү билемдик менен алдыра албайт.

 

Кээ бирлер пландалбай калганы үчүн, же каалбагандыгы үчүн, же жөн эле бага албай калам деп алдырган болсо адам өлтүргүч болуп эсептелет. Ислам шарияты боюнча адам өлтүргөндөй жазага тартылат.

 

СУРОО: «Тирүүлүктө жети күйөөгө тийген айымдар бейишке чыгат» деген сөздүн канчалык деңгээлде чындыгы бар?

 

ЖООП: Жок. Андай сөздү укпаптырбыз. Бул ушул, кайра-кайра күйөөгө тийгиси келгендердин чыгарганы го. Кичине жүзүбүз жарык болсун деп. Кудайым аялдарды көз ачып көргөнүнөн айрыбасын. Кошкону менен кошо карытсын.

 

СУРОО: Кечиресиз, ыңгайсыз болсо дагы суроомо жооп алгым келет. Кытайлардын бир дарысы бар экен, формасы эркек кишинин мүчөсүнө окшош. Аны пайдалануу менен аял жатын ооруларынан арылат экен. Мындай каражатты колдонуу күнөө болбойбу?

 

ЖООП: Кечиргенден дагы сурооңузга жооп берүү кыйыныраак экен. Жатыны ансыз айыкпай турган болсо эмне кылмак эле? Ооруп жаны сыздагандан көрө аны пайдаланганы оңураак болгону турат. Бирок тескери жагы ага көнүп алып, күйөөсүн теңсинбей калса коом бузулганы жатпайбы? Жакшысы, Кудайым жаратып койгон дарысы күйөөңүздү жакшыраак пайдаланыңыз. Дарылык касиети анча жок болсо күчтөндүрүп тамак берип бапестеп карасаңыз, ордуна келээр. Күйөөңүз жок болсо күйөөгө тийиңиз.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE