—Айланайын балам, козумдун каареги, эмнелер эле болуп жатат, кайсыл куноолорубуз учун уу уу уу . —Ызы чуу, ый артынан ый, кааректердин жашы соолуп да кетет эмеспи.
Ошентип ооруканага кирип келишти. Реанимация болумундо Бекташ жатат. Башы, буту, колу, деги эле баардык жери оролгондой корунот. Бекташтын кок ала тырык беттери адамды чочулатпай койбойт. Апасы коруп эле озун жогото баштады. Байкуш эне табити да жок кайгы менен болуп жатып озуну унутуп деле калды окшойт. Жоолуктары бир жакка кыйшайып, агала баскан чачтары саксайып чыгып турат. Жузунун нуру кетип, коздору кызарып шишип бир кыйла каартая тушкон. Алина болсо озун озу куноологонун койбойт. Бекташты коргону апасы гана кирди.
Аран озун кармап турат. Ичинен буулугуп журоктору канжалап, ичинен Алинаны жемелеп куноолоп турду. Анан эле милиция : таанып жатасызбы чын эле бул сиздин баланызбы? Биздин бир эки дакументтерибизге кол койуп бере аласызбы? Баланыз экенин тастыктап. — Бир соз суйлой албайт. Аянычтуу коздору менен карап, жон гана макул болгондой башын ийкеди. Милиция сыртка алып чыгып кетти.
Алина болсо айнек эшиктен Бекташты жалдыраган коздору менен тиктеп турат. Ичинен мин олуп бир тирилип жатты байкуш. Кудайга жалбарып жалынып аман калуусун кайра кайра тилеп жатат. Доктур болмосуно чакырды. —Келиниз отурунуз. Демек келинчеги болосуз э. Чынында абалы аябай оор. Операция болгонуна бугун учунчу кун болду. Авария болду деп бир киши тез алып келди. Оз убагында келгенине сактап калдык, бирок жашап кетет дей албайбыз.
Болгону бир аз убакыт кетет. Башынан кату жаракат алган. Мындай абалда кобунчо акыл эсин жоготушат. Буту да оор баспай калабы деп корком. Бирок азыр биринчи кезекте жандандыруу болмосунон чыгышы керек. Калганын коро жатарбыз. Бир кудайдан эми. — Алина бул создорду укканда озуну олтуруп алгысы эле келди. Баарына куноолумун деп жургондо бул сыноо аны ага бетер чоктурду.
Чуркаган бойдон болмодон чыгып кетти. Жолдо ыйлап чуркап бара жатат, акыл эсин жоготкон адамдай. Кайда бара жатат эмне кылып жатат сезимдери озуно баш ийбейт. Кете берди, кете берди. Колунан тартты да жузуно шак деп бир чаап ийди. Козу ачыла тушту, озуно карап алды да, эки жагын карады машыналар зуу-зуу отуп жатат, жанында бир киши кийген кийими озуно жарашыктуу жузу жылдыздуу Алинаны карап туруп калды.
Ал Алинаны группалашы Эдил эле. Ооруканага кирип бара жатканда чуркап ыйлап чыгып келаткан Алинаны коруп таанып артынан барган. Алинаны тапичкеси бутунан тушуп калган, асфальттын ыссыгы куйгузуп жатсада сезген жок. Унсуз ыйлап Эдилди карап тура берди. Качан гана Эдил соз баштамайынча жашы тынбады. —Алина эмне болду сага мени тааныдынбы? Экообуз чогу окуганбыз анан мен окуумду Германияга которуп кеткем. Деги сага эмне болду озунду жаман сезип турасынбы?
Оруканадан чыгып келайтып бут кийимдеринда тушуп калганын да билген жоксун мен артындан алып келгем. Мэ кийип алчы бутунду куйдуруп жанынды ооруттубу? —Эмне болуптур жан дуйномдун куйуту астында. Койо бер мени олгум келип атат олушум керек менин жашоого аккым жок……. —-Токтой турсан экобуз суйлошолу, олсом эле жыргайм деп атасынбы? Жур кеттик кенири суйлошолу мумкун жардамым тийип калаар. —Эдил Алинаны болбой жетелеп кетти. Болгон окуяны укканда ичинен Алинаны бир чети жаман корсо бир чети боору ооруп аяп кетет.
Озуну чон доктур болуп чыкканын айтып, чет элде журо бергенче «оз уйум олон тошогум» демекчи, элиме керегим тийсин деп бул жакка которулганын айтат. —Алина кыжалат болбо сен. Мен тажрыйбалуу доктурлардын баары менен кенешем. Болушунча аыйктырганга болгон кучумду жумшайм. Болгону сен ишенип умутунду узбо. Бул жашоо сыноо. Ал сыноолорго сынып жок болуп кетпе. Аллахым жакшы коргон кишисине гана кыйын татаал сыноолорду берет. Анткени алар акырында барибир женип чыгышат.
Эми мага ишеним корсотуп, куйоондун айыгып кетишине жардам бересинби? —Алина ун катпайт жон гана башын ийкеди. Кайын энеси болсо милиция менен болгон суйлошуулордон кийин, Бекташтын болмосуно келди, ичине мумкун болбогондуктан, айнек эшиктен карап баласына боор ооруп, ыйламсырап турду. Бекташты ооруканага алып келген кишида келип калды. Медайым аларды таныштырды.
Бекташты ооруканага тез алып келгенин, аны даары-дармектерин, бут баарын таап, алып келип турганы, жанада тез-тез кабар алып, абалын сурап турганы жонундо айтып берди. Бекташтын апасы ал кишиге ыраазычылыгын айтып озунчо суйунуп да алды. Анткени бироого — бироо себеп болорун туйуп турса, анан да тааныбаган эле кишисинен мынчалык жылуу жардамды коруп ага аябай ыраазы болду. Ал киши келип кабар алып тураарын айтып кетти. Алинада келип калды. Кайын энесин жини келип ызалу суйлоп да алды.
—-Кет жогол козумо корунбо сенин кесирин уруп жатат. Сен куноолусун сен уктунбу сен… —Апаа…, — деген бойдон кучактап алып, озун токтото албай шолоктоп ыйлап жатты. Кайын эненин да журогу жибий тушуп. —Байкуш келиним десе сага деле кыйын болду. Чынында бул туйшук да бизге келген бир сыноо корунот. Менин Бекташым кучтуу ал бизди жалгыздатып койбойт, тез эле айыгып кетет. Биз баарына чыдайбыз ээ.
—Келинин кулагына акырын шыбырап жатты. —Баары жакшы болот апа. Мен чыдайм апа, Бекташ учун, Перизатым учун, курсагымдагы неберениз учун, баарына чыдайм… —Эмне дейсин боюнда барбы чынбы? —Оба апа эртеле айтайын дегем бирок, башыбызга тушкон шумдуктар менен болуп, эми убагы болуптур. —Айланып кетейин журогум сезип турат уул болот. Бекташым айыгып кетет уулу болот анын.
— Коздорундо кайгы кубаныч аралаш жаштар агып турду. Бекташтын абалын укканда, орусияда иштеп жашап калган агалары тез эле жетип келишти. Алинанын ата-энеси да доктур болгондуктан тез-тез кабар алып тажрыйбалу доктурлардын кенешин угуп турушат. Арадан он кундой убакыт отту. Бекташ болсо дагы деле озун билбей жатат. Туш! Бекташ туш коруп жатат. Тушундо жарыктык аппак нурлар, кичинекей бобок ширин болуп жормолоп келип, быйтыйган колдорун Бекташка сунду.
Ал колдорду акырын кармаганда кандайдыр бир ыссыктыкты сезип жатты. Анан кайра ал бобок эмнегедир артына кайрылып жормологон бойдон коздон кайым болду. Бекташ аны артынан чуркап издейт таппайт кыйкырып чочуп ойгонуп кетти. Бекташ озуно келди. Жанында келинчеги Алина колунан кармап отуруп уктап кетиптир. Суйунучтуу кабар, анын озуно келгенине баары кубанып жатышат. Алдына дагы да оор кундор бар экенин билишпейт…………….. — ……УЛАНДЫСЫ БАР……