Пример HTML-страницы

Ислам адеп-ахлактарынын өзгөчөлүктөрү:*   

https://kyrgyzcha.site/?p=59298&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

*Ислам адеп-ахлактарынын өзгөчөлүктөрү:*

 

 

Ислам адеп ахлагы

Замандын жана абалдын өзгөрүүсү менен өзгөрбөйт. Адамдын жашоодогу баардык абалдарын камтыйт. Адамдардын ортосундагы ынтымакты бекемдейт. Бактылуулукка алып баруучу эң жакшы жол. Мусулмандардын ишениминин булагы. Жашоону жеңил кылат. Ыкласты бекемдейт. Адеп-ахлак – бул, ыйык Кураандын жана Пайгамбарыбыз Мухаммаддын (С.А.В) сүннөтүнүн негизиндеги мусулмандын ишениминин булагы.

 

*Ыйык Кураанда:*

 

 

Ибну Масьуд риваят кылган хадисте, Пайгамбар (С.А.В)

айткан:

 

👆 «Аллага ыйман келтирген адам каралоочу болбойт,

каргыш айтпайт, адепсиздик жана уятсыздык кылбайт».

(Тирмизий).

 

Ыйык Кураандын аяттары жана Пайгамбардын (С.А.В) хадистери эң жакшы адеп-ахлакка кызыктырган жана бузукулуктан тыйган эскертмелерге бай.

 

Аллах Таала

Кураанда айтат:

 

👆 «Сабырдуу бол. Чындыгында, Аллах жакшы иш амалдарды жасагандардын мээнетин текке кетирбейт». (Худ: 115).

 

 

♻Адеп-Ахлак ар дайым туруктуу болот.

Ал убакыттын, абалдын өзгөрүүсү

менен өзгөрбөйт.

 

Юсуф пайгамбарды кудукка ыргытышкандан баштап,

Аллах аны Египеттин казына башчысы кылып койгонго

чейин, басып өткөн жолуну кара! Вазирдин аялы аны азгыргандан кийин зынданга түшкөндө да анын адеп-ахлагы

өзгөргөн жок.

 

♻Биздин Пайгамбарыбыздын (С.А.В) балалык чагына,

жаштыгына карасаң, ал койчуман, соодагер болгон. Ал эми,

кийинчерээк Аллахтын динине чакыруучу, сахабаларын

тарбиялоочу, аскерлерге башчы, адамдарга имам, аялга

күйөө, балдарына ата болгон. Душмандарын жеңип алганда

да, кысым-эзүүлөрдө да, кыйынчылыктарда да адеп-ахлагы

туруктуу болгон. Душмандын курчоосунда калуу, мекенин таштоо ага таасир берген эмес.

 

♻ Пайгамбар (С.А.В) адамдарга алардын кылган мамилесине жараша эмес, жакшы адеп-

ахлак менен мамиле кылган.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE