Илимдин Аллах Таала ыраазычылыгы үчүн гана болуусу

https://kyrgyzcha.site/?p=102449&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Илимдин Аллах Таала ыраазычылыгы үчүн гана болуусу🌹♥

🌹Абу Хурайра разияллоху анхудан риваят кылынат♥

«Пайгамбар саллаллоху алейхи васаллам🌹

«Ким Аллахтын ыраазычылыгы талап кылына турган илимди, өткүнчү дүнүйөнүн кызыкчылыгына гана жетишүү үчүн аракет кылса, Кыямат күнү бейиштин жытын да таба албайт», деди».

Абу Давуд жана Ибн Мажа риваят кылышкан.

Түшүндүрүү🌙★

Исламда илим талап кылуу анын ичинде динде факих болуш үчүн илим үйрөнүү Аллах Тааланын ыраазычылыгы үчүн гана болот. Ошондой кылган адам эки дүйнөнүн бак-таалайына жетишет♥

Бул дүйнөдө урмат-сый менен жашоо кечирет. Акыретте болсо «Мава» бейишинен оорун алат. Бирок ким диний илимдерди, башкача айтканда хадисте айтылгандай, Аллахтын ыраазычылыгы талап кылына турган илимди дүйнөнүн өткүнчү кызыкчылыгына жетишүү үчүн үйрөнсө, бейиштин жытын да жыттабайт. Ошол үчүн диний илимдерди алган адам өтө этият болуусу, ниетин туура кылуусу, Аллах Тааланын ыраазычылыгын гана ойлоп иш кылуусу керек.

🌹Ибн Умар разияллоху анхудан риваят кылынат♥

«Пайгамбар саллаллоху алейхи васаллам🌹

«Ким илимди Аллахтан башка үчүн же Аллахтан башканын ыраазы кылууну каалап үйрөнсө, тозоктогу оорундугун ала берсин», деди».

Түшүндүрүү🌙★

Бул хадиси шарифтин айтуучусу Абдуллах ибн Умар разияллоху анху менен таанышпыз.

Ушул хадисте Пайгамбарыбыз саллаллоху алейхи васаллам илим алуу Аллах үчүн гана Аллахтын ыраазычылыгы үчүн болушун зарылдыгын тастыктамакта. Эгер кимдин ниети бузулса башкача айтканда, илимди Аллахтан башка, Аллахтын ыраазычылыгынан башка максат менен үйрөнсө, тозокко түшүүсү анык экендигин айтылууда.

Бул хадиси шариф да алдыңкы хадистин мааниси менен бирдей, болгону биринчи хадисте натыйжа бейиштин жытын да таба албайт, деп баян кылынган болсо, экинчи хадисте «тозоктогу оорундугун ала берсин», делмекте. Бул болсо, диний илимдерди алууда өтө этият болууну, Аллахтын ыраазычылыгын тилөөдөн башка нерсени кыялына да келтирбөөсүн билдирет.

🌹Кааб ибн Малик разияллоху анхудан риваят кылынат♥

«Пайгамбар саллаллоху алейхи васаллам🌹

«Ким илимди уламалар менен тартышуу үчүн, акмактарды жеңүү үчүн, өзүн көрсөтүү үчүн же аны менен адамдарды өзүнө каратуу үчүн алса, Аллах аны тозоко киргизет», деди».

Бул эки хадисти Термизий жана Ибн Мажа риваят кылышкан♥

Түшүндүрүү🌙★

Бул хадиси шариф Каб ибн Малик разияллоху анхудан риваят кылынууда.

Пайгамбарыбыз саллаллоху алейхи вассалам ушул хадиси шарифтерде илим алууда илим алуучу өтө этият болуусу зарыл болгон үч коркунучтуу иштен этият болууну айтууда:

Илим алып аткан адам аны🌹🌙♥

1.Уламалар менен тартышуу үчүн үйрөнбөстүгү керек. Бир илимди жакшылап үйрөнүү уламалар менен талашып-тартышып, баарын жеңип, тынчытып койоюн, деген ниетте болбоосу керек.

2.Акмактарды жеңүү үчүн, өзүн көрсөтүү үчүн илим талап кылбоо керек. Илим алуучу эч качан илимди үйрөнүп алып адамдарды жеңип, бардыгын таң калтырып койоюн, деген ниетти дилине тутпоосу зарыл.

3.«Же аны менен адамдарды өзүнө каратуу үчүн» илим албоосу керек. Адамдар: «Баланча каары болуптур, молдо болуптур», дештери үчүн жана ошого окшогон ниеттер менен илим албоо керек. Эгер ошондой ниет менен илим үйрөнүлсө, акыбети жакшы болбойт экен. Аллах Таала аны тозоко киргизет экен. Ошол үчүн илимди Аллахтын ыраазычылыгы үчүн гана алуу керек🌹♥

Көпчүлүк илим алуучулар бул хадиске амал кылышат, устаздары бул керек эрежени аларга ар дайым эстетип турушат. Миң өкүнүч, кээ бир учурларда бул хадиске амал кылууну кыялына да келтирбей турган адамдар да учурап турушат. Кээ бир өзүнө аалым сыпатын берип жүргөндөр шакирттерине «баланчага барып, мына бул суроону бер, андай десе, мындай де» деп тартышуу чыгарууга үндөп жиберет. Дал эле илим үйрөнүү уламалар менен тартышуу үчүн гана боло тургандай абалды келтирет. Натыйжада илим алуучулар арасында, эл журт ичинде талашып-тартышуу, пайдасыз жанжалдар көбөйөт. Исламга мусулмандарга чоң зыян болот.

🌹 Пайгамбарыбыз саллаллоху алейхи вассалам мындай ишти кылуудан эмес, аны ниет кылуудан да кайтарууда. Мына ошондой туура эмес ишти кыялга келтирүү, ниет кылуу, жаман натыйжага алып келүүсүнөн эскертүүдө. Азыркы күндө көптөгөн пайдасыз талашып тартышуулар, Ислам давааты жолунда мусулмандар өздөрү өздөрүнө «сатып алып аткан» тоскоолдуктар кээ бир өзүн илимдүү деп сыпаттаган жана илим талап кылып аткан кишилердин ушул хадиси шарифке амал кылбастыгынан келип чыгууда.

Эми өзүбүзгө илим менен акмак, наадан илимсиз кишилерге үстүн келүүгө умтулуу маселесине өтөлү.

Азыркы жашообузда бул илдет да кең таркалган. Жалпы диний сабатсыздык шартында үч-төрт калима нерсени үйрөнүп алган наадан, өзүн аалым эсептей баштайт. Каерде болсо, бары оозуна карап туруусунан менменсинип кетет. Барып-барып айланасындагы диний сабатсыз кишилер ага аалым сыпатында карап аткандары да аз көрүнүп калат. Бир эле өзү жашап турган заманы жана мекенинде эле эмес, балким бардык замандар жана мекендерде өзүнө теңи жок аалам эсептей баштайт.

Бул нерсени далилдеш үчүн замандаш жана мурда жашап өткөн уламаларга асылууга киришет да, аларды ката кылышкан, адашкандар деп жарыя кылат. Өз эне тилинде эки сүйлөмдүү туура жаза албаган киши көптөгөн аалымдар пайдаланган китептердин авторлорун сындоого өтөт.

Өзүнүн үй-бүлөсүнө диний амалдарын түшүндүрүп бере албаган киши, Ислам үммөтүнө шариаттын бардык өкүмдөрүн  оңой жол менен түшүндүрүп берген, бүтүн Ислам үммөтү тарабынан имам, мазхаб башчысы, деп тан алынган заттарды акаараттайт.

★Диний сабаты жокторго өзүн аалым кылып көрсөтүүгө аракет кылган ошол наадан, хадис илимин суу кылып ичип жиберген, миңдеген хадис айтуучулардын өмүр баянын, жүз миңдеген хадистерди жакшылат изилдеп чыккан жана жатка билген улуу мухаддистер, мазхаб башчыларын тилдешет, урматсыздык кылышат.

★Мындай кишилер фикхий мазхабга эргешкендерине карабай илимсиздиктери себептүү ошондой кылат. Эгер алар илимден азыраак кабардар болушса бул ишти кылышпайт эле. Алар диний сабаты жок кишилерге үстүн келүү, алардын алдында өзүн билимдүү көрсөтүү үчүн гана ошондой кылышат, себеби аз болсо да диний сабаты бар адам анын жалган сөздөрүнө таптакыр кабыл кылбайт.

Илим менен адамдарды өзүнө каратууну каалагандарынын абалы да ушуга окшойт. Алар Аллах ыраазычылыгы үчүн эмес, адамдардын көңүлүн каратуу үчүн аракет кылышат.

Жөнөкөй абалда адамдар арасында таанымал болуу кыйын болгондугу үчүн «каршы чыксаң тааныласың» эрежесине амал кылышат. Ар бир нерседе уламаларга каршылык кылууга өтөт. Өздөрү жашап турган жамаатта, мусулмандар ичинде өздөрүнүн каршылыктары менен, келишпөөчүлүктөр, тартышууларды келтирип чыгарат. Натыйжада Ислам жана мусулмандар зыян көрөт.

Мусулмандар ушул хадиси шарифке амал кылбай, илимди Аллах ыраазычылыгы үчүн эмес, уламалар менен тартышуу үчүн, диний сабаты жоктордон үстүн келип, өзүн көрсөтүү үчүн иштете тургандардан көп зыян чегип келүүдө. Алар бардык күч-кайратын Исламга кызмат кылууга каратуу оордуна, ошол кызмат менен алектенген уламалар менен пайдасыз тартышып, адамдарды динден суушуна себеп болууда.

Ынсап кылышыбыз, Аллахтан коркушубуз керек. Аллах Таала азбы-көппү диний илим берген болсо, аны менен Аллах Тааланын ыраазычылыгын гана көздөшүбүз керек. Илим алуучулар ниетин аруулаштары зарыл, ар түрдүү тартышууларга такыр жакын да жолобоосу керек. Илим менен адамдарды өзүбүзгө каратууга, таанымал болуп даңк табууга аракеттенбейли. Аллах берген илимге амал кылып, аны менен Аллах Тааланын ыраазычылыгын табуу аракетин кыла берели🌙★🌹♥

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️