Ийгиликтин жолдору — Көңүл оорутпоо, күнөө кылбоо!!!
1- Эч кимге шек менен карабаш керек. Адамдарга кандай жакындашсак алар дагы бизге ошондой жакын болот♥
2- Эч кимдин көңүлүн оорутпоо керек. Куфурдан кийинки күнөө — бул көңүл оорутуу. Капырдын дагы көңүлүн оорутпоо керек. Адамдардын сырткы көрүнүшүнө эмес ички көрүнүшүнө караш керек. Мусулман бир тууганынын көңүлүн ооруткан адам Каабаны жыккандан дагы чоң күнөөгө кирет. Мусулмандын жүрөгү Жараткандын назары түшкөн жер, буга өтө сак болуу керек.
3- Эч ким менен талашып-тартышпаш керек. Талашып-тартышуу пайда келе турчу эшиктерди жаап таштайт жана достун достугун кетирүү менен бирге душмандын да душмандыгын артырат.
4- Кол алдындагыларга карата жеңил-желпи болбош керек. Оор басырыктуу жана март болуу керек.
5- Өзүн жогору көрбөө керек, кибирден, көкүрөк көтөрүүдөн сактануу керек.
6- Кыска жана нуска сүйлөө керек, ишти создуктуруп жибербөө керек. Сөздүн жакшысы кыска болот, жол көрсөтөт.
7- Ишиңе ээ бол. Пайда менен зыяндын кайдан келе тургандыгын билүүң керек.
8- Өзүңө ойлоно ала тургандай убакыт бөл.
9- Эмоцияга берилбе жана бир пикирде туруп алба.
10- Берген ишиңдин натыйжасын талап кыл.
11- Кечирим сурагандын кечиримин кабыл кыл.
12- Өзүңдү сөзүң менен жана баскан-турганың менен башкаларга сүйдүрүүнү үйрөн. Айланабыздагылар бизди жакшы көрбөгөн болсо анда кемчилик бизде.
13- Суралган суроого каршыңда турган адамдын акыретин ойлоо менен жооп бер.
14- Ар нерсени убада кылба, эгер убада кылган болсоң аткар.
15- Суизан кылба, ошол эле учурда адамдын ар убакта ката кылып коётургандын да унутпа. Ошондуктан,текшерип турууну да таштап койбо.
16- Хуснизан кыл, бирок, шайтан менен написти дагы унутпа.
17- Кыянатка жол бербе, кыянатчыны кечирбе.
18- Ийгилигиңди Аллаху тааладан деп бил. Ийгиликсиздигиңди күнөөлөрүңөн деп бил.
19- Ар ийгиликсиздиктин, ар дарттын дабасы бул туура кылынган намаз жана истигфар. Аллаху таала күнөө кылган бир кулун ийгиликке жеткирбейт.
20- Аллаху таала күнөө кылбагандардан жана күнөө кылынбаган жерден ыраазы♥ Өзүбүз күнөөдөн сактангандыгыбыз сыяктуу досторубузду да күнөөдөн сактоого аракет кылышыбыз керек♥