Ийгиликтин жолдору

https://kyrgyzcha.site/?p=46046&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Ийгиликтин жолдору — Адилеттик, жарык жүз жана таттуу тил

1- Адилет менен иш кылуу керек. Адилеттин чегин ашса көңүлдөр ооруйт. Адилет-бул калкка тиричилик жана тартип берет, ал эми башкаруучуларга кооздук жана сулуулук берет♥

2- Ийгиликке жетүү үчүн төрт шарт бар:

Ыйман, адилет, чынчылдык, федакарлык (Федакарлык – өз кызыкчылыгын кайырлуу иштер үчүн курман кылуу дегенди түшүндүрөт.)

3- Мээримдүү жана кечиримдүү болуу керек. Аллаху таала башкаларга мээримдүүлүк кылбаган адамга мээримдүүлүк кылбайт, кечирбегенди кечирбейт, башкалардын кемчилигин кабыл кылбагандырдын кемчиликтерин кабыл кылбайт. Аллаху таала бизге кандай мамиле кылуусун кааласак биз дагы Анын кулдарына ошондой мамиле кылуубуз керек.

Эгер биз Анын кулдарына жакшылык кылсак Андан жакшылык табабыз. Эгер Анын кулдарын таарынтсак Аллаху таала да бизди ошондой кылат. Кечире турган болсок Аллаху таала да бизди кечирет. Убайдуллах-ы Ахрар Хазретлери мындай деп айткан:

«Аллаху тааланын ыраазысына жеткирүүнүн эң кыска жолдору — адамдарды кубантуу».

4- Биз Аллаху тааланы канчалык сүйсөк адамдар дагы бизди ошончо сүйөт. Аллахтан канчалык корксок бизден да ошончо коркушат. Аллахка канчалык баш ийсек бизге да ошончо баш ийишет. Биз Аллаху таалага канчалык кызмат кылсак бизге да адамдар ошончо кызмат кылышат. Ар ишибиз Аллаху таала үчүн болушу керек. Андай болбой турган болсо эч бир ишибизден пайда болбойт.

5- Башкаларды оңдогусу келген адам алгач өзүн оңдосун.

Өз напсин тарбиялай албаган адам башкалардыкын эч качан тарбиялай албайт.

6- Жумшак жана кичи пейил адам утат.

Оройлуктун эч бир жерде жана эч кимге пайдасы жок.

7- Ийгиликке жетүү эки нерсеге байланыштуу болот:

Чынчылдык, бардык адамдар менен жакшы мамиледе болуу.

8- Эки тарапты тең укпай туруп чечим чыгарбаш керек.

9- Өзүнө карата кылынган иштерге жана өзу кылгысы келген нерселерге сабырдуу болуш кререк.

10- Ачууланбаш керек.

Ачуулануу адамдын акылын жабат. Жамандыктар ар дайым ачуулануудан болот. Оор басырыктуу болуш керек.

11- Бирөөнө сөз өткөргүң келсе алгач өзүң башкалардын сөзүн ук.

12- Бардыгына урмат жана адеп менен жакшы мамиле кылуу.

13- Ийгиликтин сыры–жарык жүз, таттуу тил жана жакшы ыкма♥

Жакшы ыкма же жакшы саясат-бул бардык адамдардын ыраазы болуусу дегенди түшүндүрөт. Жарык жүздүү болбогон адам адамдардын урматына жана сүйүүсүнө ээ боло албайт.

Жоомарт болбогон жана берүүнү жактырбаган адам башкалардын сүйүүсүнө ээ боло албайт. Аллаху тааланыны раазычылыгын ойлойбой башкалардан мактоо же болбосо дүнүйөлүк бир нерсе күткөн адамдын ыкыласы куруйт.

Аллаху таала ыкыласы жок адамды ийгиликке жеткирбейт.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️