♥»Ихлас сүрөсүн окуу Курани каримдин үчтөн бирин окууга барабар.” (Бухари)
♥»Он жолу Ихласты окуган адамга Бейиште бир ак сарай берилет.”
(И. Ахмед)
♥»Жатаар алдында жүз жолу Ихлас окуган адам Бейишке кирет.” (Тирмизи)
♥»Багымдат намазынан кийин 11 жолу Ихлас окуган адамга Бейиште бир ак сарай берилет.” (Хараити)
♥»Багымдат намазынан кийин 12 жолу Ихлас окуган адам Курани каримди төрт жолу хатмкылгандын сообун алат.” (Баззар)
♥»Эртең менен жана кечинде үч жолу Ихлас жана Муаввизатайнды (Фалак менен Нас сүрөлөрүн) окуу балээ жана кыйынчылыктардан коргойт.” (Тирмизи)
♥»Үйүнө кирип жатып Ихласты окуган адам кедейлик көрбөйт.”
(Т. Куртуби)
«Ихласты окуган мусулманга Бейиш важип болот.” (Насаи)
♥»Бир адам сапарга чыгып жатып 11 жолу Ихлас окуса Аллаху таала сапардан кайтып келгенге чейин анын үйүн коргойт.” (И. Нажжар)
♥»Арафа күнү (Бисмиллах менен) миң жолу Ихласты окуган адамдын бардык күнөөлөрү кечирилет жана бардык дубасы кабыл болот.”
(Абу-ш-шайх)
♥»Миң жолу Ихлас окуган адам өзүн Аллаху тааладан сатып алган болот.” (Рафии)
♥»Жума намазынан кийин жети жолу Ихлас жана Муаввизатайнды окуган адам бир жума кырсыктардан, балээлерден жана жамандыктардан коргонот.” (Ибни Сунни)
♥»Жатаар алдында Фатиха жана Ихлас окуган адам өлүмдөн башка бардын нерсенин зыянынан коргонгон болот.” (Ибни Абдилбар)
♥»Ушул үч нерсе кимде болсо Бейишке каалаган эшиктен кирет:
Кул акысын төлөгөн, ар намаздан кийин 11 жолу Ихлас сүрөсүн окуган, өзүн өлтүргөн адамын кечирип өлгөн адам.” (Барика)
♥»Жанга, мал-мүлккө, намыска кол салбай, арактан да сактанып, Ихлас сүрөсүн жүз жолу окуган мусулмандын элүү жылдык күнөөсү кечирилет.” (Байхаки)
♥»50 жолу Ихлас сүрөсүн окуган мусулмандын 50 жылдык күнөөсү кечирилет.” (Дарими)
♥»Жатаар алдында Фатиха менен Ихласты окуган адам өлүмдөн башка бардык нерседен коргонгон болот.” (Баззар)
♥»Жума намазынан кийин жети жолу Ихлас, Фалак жана Нас сүрөлөрүн окуган адамды Аллах кийинки жумага чейин жамандыктардан коргойт.” (Ибни Сунни)
♥Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам) бир жери ооруганда Фалак менен Нас сүрөсүн окуп үйлөчү жана ооруган жерин масх кылчу. (Бухари)