Ибадаттардын кайсынысы артыгыраак?
- Мусулман адам үчүн таат ибадаттардын көптөгөн түрлөрү бар. Андыктан анын дили ал ибадаттардын ичинен эң сооптуураагын аткарып , Алла тааланын ыраазылыгын табууга умтулгандардын алдыңкыларынан болууга ашыгат?
Кээ бир адамдар ибадаттардын түрлөрүнүн көптүгүнөн , алардын кайсынысы маанилүүрөөк экендигин, кайсыл амалдан кийин кайсынысын аткаруу керек экендигин билбей эки анжы абалда болушат. Алсак , Алланын динине чакыруу амалы жана андагы улуу сооптор, илим талап кылуу амалы жана андагы мол сооптор, ошондой эле байлыкка жетип, аны кайрымдуу иштерге жумшоодогу сооптор , көп нафил намаздарды окуу, жетимдерге кам көрүү, балдарга жакшы тарбия берүү сыяктуу түрдүү сооптуу иштер көп.
Эми ушул чексиз сандагы сооптуу ибадаттарды аткарууда аалымдар орто деңгээлди жана ирээттүүлүктү карманууга чакырган?
Андыктан бир гана түрүн карманып калганын таштап, же бир нече түрүн ашыкча карманып, калганына кош көңүлдүк кылууга болбойт. Ислам дини универсалдуу дин , андыктан мусулман кишиден анын мүмкүнчүлүгүнө жараша бардык жагынан толук болуп, бактылуулукка жетүүсүн каалайт. Бул боюнча Ибнул Коййим өзүнүн сөздөрүндө мындай деген экен?
· Ибадаттын артыгы – кайсы убакытта болбосун жана кандай кызматта болбосун Алланын ыраазылыгы үчүн амал кылуу?
• Алла жолунда күрөшүү ( напси менен, душмандарга каршы) күндүзү нафил орозо тутуудан, түнкү нафил намаздарын аартыгыраак?
· Конок келгенде анын акысын өтөп , ага сый урмат көрсөтүү менен алектенүүсү кээ бир мустахаб иштерден артык?
· Саар убактысындагы амалдардын эң жакшысы намаз окуу, куран окуу, дуба кылуу, зикир айтуу жана истигфар айтып Алладан кечирим суроо?
· Наадандын акысындагы артыгыраак иш , анын суроосуна жооп берип, ага таалим тарбия берүү?
· Беш убакыт намаздардагы артыгыраак иш -чын көңүлдүк , аны окууда ыкылас койуу?
· Муктаждардын зарылчылыгындагы артыгыраак иш- аларга жардам берүү, ажатын ачуу менен алектенүү?
· Куран окуудагы артыгыраак иш, аны окуп жаткан учурда Алла таала сага кайрылып сүйлөп жаткандай аны ыкылас жана көңүл коюу менен маанисине ой жүгүртүп окуу?
· Арафат тоосунда турган убактагы артыгыраак иш , Алла таалага жалбаруу , дуба кылуу жана зикирлерди айтуу?
· Зул хижжа айынын онундагы артыгыраак иш- ибадатты көбүрөөк кылуу. Айрыкча такбирди, келимени жана Аллага мактоону көп айтуу?
· Акырында Ибнул Коййим?«Ар убакта жана абалда ошол убакыттын талабына ылайык милдеттерди Алла тааланын ыраазылыгы үчүн аткарып, Анын ыраазылыгын баарынан илгери коюу керек».- деген сөзү менен оюн жыйынтыктайт?
Аз амалга чоң сооп?
Момун кишинин бактылуулугунун себептеринин дагы бири , анын аз амал кылып көп сооп табуусунда. Мунун себеби, Алла тааланын момундарга кылган ырайымы жана берешендиги.
Алла таала момундарга кылган сооп иштерине береке берип, анын соопторун арттырат??