Бул Абу Бакр (разияллооху анху)нун тарабынан дүнүйөдөгү акыркы убагында, бул дүнүйө менен коштошуп жаткан убакта жана анын акырети башталып, ага кирип жатканмубакта жазган осуяты.
Бул өлүм убагы каапыр дагы кайыпка ишене турган, күнөөкөр дагы такыба боло турган жана жалганчы дагы чын сүйлөй турган убакыт.
Мен өзүмдөн кийин Умарды башчы кылып дайындадым.
Эгер ал адилеттүүлүк менен иштесе, менинда ал туралуу күмөнүм ошондой. Эгер ал зулумдук кылса жана өзгөрүп кетсе (анын зыяны анын өзүнө болот. Аны башчы кылып дайындоодо) мен жакшылыкты гана кааладым жана мен кайыпты билбейм.
Залымдар жакында аларга кандай натыйжа болоорун жана кандай жаман орунга кайтаарын билишет.
Андан кийин Абу Бакр (разияллооху анху) киши жөнөтүп, Умар (разияллооху анху)ну чакырып, ага мындай деп осуят айтты:
Оо, Умар!
Кээбир адамдар сени жек көрөт, кээбирөлөр жакшы көрөт. Мурдатан бери жакшы нерсе жаман көрүлүп, жаман нерсе жакшы көрүлүп келет.
Умар (разияллооху анху) айтты:
«Андай болсо башчылыктын мага кереги жок».
Абу Бакр (разияллооху анху) айтты:
«Бирок башчылыка сенин керегиң бар. Анткени сен Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам)ды көргөнсүң, аны менен бирге жүргөнсүң жана Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам) бизди өзүнөн жогору койгонун да көргөнсүң. Кээде Пайгамбарыбыз тараптан бизге бир нерсе берилсе биз аны колдонуп анан артып калганын Пайгамбарыбыздын үй бүлөөсүнө берчүү элек (башкача айтканда Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам) өзүнүн үй-бүлөөсүнө биринчи бербестен,ибизге биринчи берчү).
Андан кийин сен мени да көрдүң, мени менен бирге жүрдүң. Мен өзүмдөн мурдакы башкача айтканда Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам)ды эрчидим. Мен уктап жатып түшүмдө сени менен сүйлөшүпмжаткан жерим жок жэ күмөн менен сенин алдыңа күбөлүк берип жатканм жокмун.
Мен өзүм тандаган жолдон чыгып кеткен жокмун. Оо, Умар! Бул нерсени жакшылап билип алгын!
Алланын түндө бир канча укуктары бар Ал аны күндүзү кабыл кылбайт жана күндүзү бир канча укуктары бар аны түндөсү кабыл кылбайт (башкача айтканда инсан күндүзү адамдарга мээнет кылсын жана мусулмандардын коомдук иши менен алек болсун. Ал эми түндөсү бир аз убакыт Аллага ибадат кылуу, зикир, тилават жана дуба кылуу менен алек болсун. Алла Таала күн жана түндүн ушул тартибин дайындаган).
Кыямат күнү акыйкатты ээрчигендик себептен гана амал тараза оор болот.
Кайсыл таразада акыйкат эле болсо ал сөзсүз оор болот. Кыямат күнү акыйкатсыздыкты ээрчигендик себептен гана амал тараза жеңил болот
Кайсыл таразада акыйкатсыздык эле болсо, ал сөзсүз жеңил болот.
Мен эң биринчи сени өз напсиңден коркутам Андан кийин адамдардан коркутам. Анткени адамдардын көздөрү (үмүттөнүүнүн себебинен) тике карап жатат. Алардын напсилеринин каалоолору күчөп кетти. Бирок бул бузулуулардын себебинен аларга кордук келген убакта алар маң болуп калышат. Анткени сен качанга чейин Алладан корко берсең алар дайыма сенден коркушат. Бул менин осуятым. Менден сага салам».