Муаз ибн Жабал (Розия Аллоху анху)нун айтымында?мен айттым: О, Алланын Элчиси мени тозокко жибербей бейишке алып чыкчу иш жөнүндө айтып берчи?» Алланын Элчиси айтты?
«Сен Менден эң маанилүү нерсени сурадың, бирок бул Кудуреттүү Алла оңой кылган адамга гана оңой болот. Сен Алла Таалага эч кимди теңебей жалгыз ага гана сыйынууң керек:
Намаздарды окууң керек зекет төлөөң, рамазанда (бир ай) орозо тутууң жана да (ыйык) Үйгө (Кабатуллага) зыярат кылууң керек, Ал дагы айтты?
Каалайсыңбы, мен сага такыбалыктын эшигин көргөзөйүн? Орозо-бул калкан, сооптуу иштер- бул суу отту өчүргөндөй күнөөлөрдү жоет: түн бир оокумда туруп Аллага сыйынуу, анан Ал (Алланын Элчиси) төмөнкү аяттарды окуду: “Алардын капталдары төшөктөрүнөн ажырап (түндө уйкудан туруп) өздөрүнүн Раббы болгон Аллага коркуу жана үмүт менен жалбарышат жана алар Биз (аларга) берген ырыскылардан сарп кылышат (кайыр, садака, зекет жана башка ушул сыяктуу соопчулук иштерге)».
«Алардын бул дүйнөдө кылып өткөн соопчулук) жасаган жакшы иштерине карай (акыретте) сыйлык катары бериле турган көздөрүн кубантуучу жыргалдарды (Жаннаттагы жыргалдарды, азырынча) эч бир жан билбейт».
Анан ал айтты?Сага баарынан жогорку чек жөнүндө, анын түркүктөрү жана үстүңкү бөлүгү жөнүндө айтайынбы?»
Мен айттым: О, Алланын Элчиси, айтып берчи. Ал айтты?
«Баарынын жогорку чеги- бул Ислам, Түркүк- бул намаз, а үстүңкү бөлүгү болсо –бул Жихад.
Анан Ал?«Буга жетүүнүн жолун айтып берейинби сага?»-деди. Мен: «О, Алланын Элчиси, айтып берчи»- дедим.
Ал өз тилин кармап: «Муну тый»- деди.
Мен: «О, Алланын Элчиси, биздин айткан сөздөрүбүз биздин өзүбүзгө каршы болмок беле?»- дедим. Ал (Алланын Элчиси) айтты?
«Энең сенден айрылып калсынчы (Муаз!) Тозокко адамдар жүзү менен же мурду менен ташталабы? Тилинен тапкандан (күнөөлүү сөздөрүнүн кесепетинен) түшүрүлөт. (Тирмизиден).