Бактысыз менен бактылууну салыштыруу…
Бул жашоодо машакаттар , кайгылар болбой койбойт.
Анткени ал, ар турмуштун зарылдыктарынан келип чыгаары шексиз. Аллах таала мындай дейт:
«يَا أَيُّهَا الْإِنْسَانُ إِنَّكَ كَادِحٌ إِلَى رَبِّكَ كَدْحًا فَمُلَاقِيهِ»
Мааниси:
«Эй инсан ! Чынында сен Эгеңе карай (аракет кылып) умтуласың, анан Ага жолугасың» (Иншикак: 6)
Дагы бир аятта мындай дейт :
«وَلَنَبْلُوَنَّكُمْ بِشَيْءٍ مِنَ الْخَوْفِ وَالْجُوعِ وَنَقْصٍ مِنَ الْأَمْوَالِ وَالْأَنْفُسِ وَالثَّمَرَاتِ وَبَشِّرِ الصَّابِرِينَ»
Мааниси:
«Биз силерди коркунуч жана ачкачылык сыяктуу нерсе менен, ошондой эле мал-мүлкүңөрдү, жаныңарды, түшүмүңөрдү кемитүү аркылуу сынайбыз.
Сабыр кылгандарга сүйүнчүлө! (Бакара :155)
Чындыгында, Аллах Таалага жана акырет күнүнө ыйман келтирген момун киши өзүнө жолуккан кыйынчылык, кайгы жана машакаттарды сабырдуулук жана туруктуулук менен тосуп чыгат жана зыяндуу нерселерге каршы мүмкүнчүлүгүнө жараша күрөшүп, жеңилдетүүгө мүмкүн болгон турмуштук жеңилдетет.
Ошол себептен да пайгамбарыбыз кубаныч менен кайгы-капа абалдарындагы момундун абалын мактап, мындай деген:
«Момундун иши ажайып!
Анын бардык иши — ал үчүн жакшылык.
Эгер ага кубаныч жетсе, бул үчүн ал шүгүр кылат да, ал үчүн андай кылуусу жакшы болот.
А эгер ага кайгы-капа жетсе, ага сабыр кылат да , ал үчүн андай кылуусу жакшы болот.
Мындай нерсе момунда гана болот» (Муслим)
Демек момун киши кененчилик, курсантчылык абалда Аллах Тааланын нээмат-жакшылыктарына шүгүр кылып, ал жакшылыктарды пайдалуу багытка жумшайт.
Андыктан ушунун натыйжасында ал Аллах Тааланын сообуна , сыйлыгына жетип, кубанычтуу болуу менен ыйманы кубатталып, туура жолго, тактап айтканда, динге бекем болот.
Ал эми кайгы–капа сыяктуу жагымсыз абалдарда, Аллах Тааладан саламаттыкты сурап кең көкүрөк менен сооп үмүт кылып, сабырдуулук кылат.
Ошондуктан ага жеткен оор сыноолор, кыйынчылыктар , кайгы-капалыктар ага зыян кыла албайт.
Ошентип момун киши кененчиликте да, кыйынчылыкта да бейпил турмуш кечирип , бактылуу жашай берет.
Ал эми момундан башка киши болсо, ал эки абалда тең бактысыз болот.
Алсак, ага кыйынчылык же кайгы жетсе, ага тынчсыздануу , коркуу же кыжырдануу менен мамиле кылып бактысыз болот.
Анткени ал сооп, үмүт кылбайт жана ага жеңилдик берүүчү сабырдуулукту да карманбайт.
Ал эми кеңчилик жана курсантчылык абалда адамдарга текебердик , мактанчаактык жана чектен чыгуу менен мамиле кылуу менен, ал ага берилген жакшылыктарга шүгүр кылбайт жана ал жакшылыктарды туура пайдаланбайт.
Ар убак тынчсызданат, ач көздүк кылып, азга канаат кылбай бирөөлөргө үмүтчүл болот.
Колундагы нээмат-жакшылыктан кур калуу коркунучунда болуу менен башкалардын колундагы нерселерге көз артат.
Ал эми момун киши эгер бир оору же кедейлик менен сыналса, ал ар дайым ыйманы менен жана Аллах Тааланын ага берген насибине ыраазы жана канаат кылуусу менен ырахаттуу абалда болгондугун байкайсын.
Аны менен биргеликте ага келген оор түйшүктү шарият жолу менен четтетүүгө аракет кылат жана ага жете турган нерсе четтеп өтүп кетпесин, ага жетпей турган нерсе ага тийбесин жакшы билет.
Ошол эле учурда ыймансыз адам эгер оору же кедейликк сыяктуу шарттар менен сыналса, өзүн өтө бактысыз сезип, кайгысына кайгы, оорусуна оору артканын көрөсүң.
Аллах Таала өзүнүн бул сөзүндө минтип чындыкты айткан:
«وَلَا تَكُونُوا كَالَّذِينَ نَسُوا اللَّهَ فَأَنْسَاهُمْ أَنْفُسَهُمْ أُولَئِكَ هُمُ الْفَاسِقُونَ»
Мааниси:
«Алланы унуткандардан болбогула.
Алла алардын өздөрүн унуттуруп салган.
Дал ошолор бузукулар». (Хашр:19).