АДАМ АЛСЫЗ БОЛУП ЖАРАТЫЛГАН

https://kyrgyzcha.site/?p=40892&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

АДАМ АЛСЫЗ БОЛУП ЖАРАТЫЛГАН??

Күнүмдүк жашоонун агымында үйдө, жолдо, жумушта, окууда ар түрдүү адамдарга жолугасыз.

 

Бул адамдардын көпчүлүгү тыкан кийинген, өздөрүн жакшы караган, чачтары таралган, сакал-мурутун кырынган, үтүктөлгөн кийимдер кийинген адамдар.

 

Бирок, бул көрүнүштөрүнүн артында мунун көрүнбөгөн тарабы да бар.

Бул адамдар мындай жакшы көрүнүшкө келүү үчүн канчалык убакыт коротушту болду экен?

 

Ар бир адамдын күн бойу жашаган убактысынын маанилүү бөлүгү тазалануу жана өзүн каранууга кетет.

 

Бирок канчалык тазаланса да, бул убактылуу болот.

Тишин щеткалап жууган адам балким 1 сааттан кийин эч жуубаган сыяктуу абалга келиши мүмкүн.

 

Жуунган бир адам эгер жайында болгон болсо, бир-эки сааттан кийин эч жуунбаган сыяктуу абалга келип калышы мүмкүн.

 

Бир топ убакыт коротуп сакал-мурутун алган бир эркек эртеси күнү ойгонгондо, кайра эле сакал алууга мажбур.

 

Адамдын эмне үчүн мынчалык кароого жана коргоого муктаж денеге ээ экендигин ойлонуп көрдүңүз беле?

 

Эмне үчүн бүт адамдар жашоосу бойу тынымсыз денесин тазалоого мажбур?

Эмне үчүн микроскоп менен араң көрүнгөн кичинекей бактериялар, вирустар да бул денеге зыян бере алышат?

 

Жана эмне үчүн адамдын денеси убакыт өткөн сайын начарлап, картайууда?

Бүт адамдардын денеси ушундай.

Дүйнөнүн эң бай, эң сулуу адамдары, бул дүйнөдө жашап өткөн бүт хандар, императорлор, өкүмдарлар, башкаруучулар же бүгүн жашаган же жашабаган бардык адамдарга бул абал тиешелүү.

 

Ар кандай адам бир канча күн кароосуз калса, таанылгыс абалга келип калышы мүмкүн. Улгайуу менен бирге ишке ашкан бардык өзгөрүүлөр да бүт адамдарга тиешелүү.

 

Ооба, адамдын денеси ар тарабынан корууга жана кароого муктаж.

Дүйнө шарттарында болсо адамдын башына качан, эмне келээри белгисиз.

Жашаган жери дүйнөнүн эң өнүккөн шаары болсун, же электр энергиясы, суусу жок бир тоодогу айыл болсун, адам жашоосунда эч күтпөгөн бир учурда бир коркунучка кабылышы мүмкүн.

 

Айыкпас ооруга кабылышы же майып болуп калышы мүмкүн.

Ал жолуккан бир окуя эч качан жоготпойм деп ойлогон дене күчүн, сулуулугун же денесинин мактанган бир өзгөчөлүгүн андан ажыратып койушу мүмкүн.

 

Абдан жакшы көргөн үй-бүлөсүн, досторун эч эстей албай турган абалга келип калышы мүмкүн.

 

Давид Родригез сыяктуу.

Анын да жандуу бир социалдык жашоосу, абдан жакшы көргөн үй-бүлөсү жана сөйкө салган кызы бар эле.

Бирок бир авария натыйжасында бардык бул нерселер ал үчүн маанисиз болуп калды.

Давид 2 жума комада жатты, мээсиндеги бир травма себебинен ал мурда тааныгандарынын эч кимисин тааный албас абалга келди.

Ал тургай бир канча мүнөт мурда көргөн адамдарын да бир аздан кийин унутуп калып жаткан.

Бир күн мурун, ал тургай бир саат мурун мындай нерсе болот десе, ишенбесе керек эле.

Апасы сүйлөп жатат: Ооруканада эле. Аны менен сүйлөшүп жаткам, бирок мени апа деген жок, ал тургай 5 мүнөткө бөлмөдөн чыгып, кайра келсем мени тааныбай, башка бирөө деп ойлочу.

 

… Бул жер Түштүк Кореядагы бир атактуу соода борбору.

Чындыгында борбору болчу деп айтуу туурараак болот…

Ал жерге бараткандардын баары кадимкидей эле соода кылам деп ойлошкон.

Бирок, эч күтпөгөн жерден алардын баарынын пландары өзгөрмөк.

Чоң бир газ кысылуусу натыйжасында пайда болгон жарылуу менен 20 секунда ичинде бул имарат жер менен жексен болду.

Чаң булуту таркаганда, соода борборунун толугу менен талкаланганы байкалды.

Бир убактарда Сеулдун экономикалык өнүгүшүнүн символу болгон имарат эми кыйшайган темир жана бетон жыйындысына айланды.

Пландардын баары бул бетондун астында калды.

Аллах бул мисалдар менен дүйнө жашоосунун өтүп кетүүчү экендигин, өлүмдүн ар кайсы убакта келип калышы мүмкүн экендигин көрсөтүүдө.

 

Жашап жаткан бул кыска жашообузга байланып алуу болсо, өзүбүздү чөгө турган бир имаратка камап алган сыяктуу. Демек, акылдуу бир адам мындай алданууга кабылбайт.

Аларга дүйнө жашоосунун мисалын бер; асмандан (Биз) түшүргөн сууга окшойт, аны менен жер бетинин өсүмдүктөрү бири-бирине аралашты, ушундайча шамалдар учурган ыпыр-сыпырга айланды. Аллах – бардык нерсеге күч жеткирүүчү. (Кехф Сүрөсү, 45)

 

Кристофер Риив бир мультфильмдин киносунун тартылышы менен миллиондогон адам үчүн Супермэн болгон эле.

Бүт адамдардын көзүндө күчтүү, кубаттуу, атактуу бирөө эле бирок…

Бир күн баары өзгөрдү. Ал аттан жыгылды.

Денесинин бир топ сөөгү сынды жана шал болуп калды.

Эски күч-кубатынан эчтеке калбады.

Башкалардын жардамы менен гана араң кыймылдай ала турган абалга келди.

9 жыл ушинтип жашагандан кийин, 2004-жылы өлдү.

Анын да жашап жаткан кезинде фанаттары бар сыяктуу эле.

Акчасы жана келечекке байланыштуу пландары.

Балким бул дүйнөдө сонун жашоом бар деп ойлоп жаңылган эле.

Андан бир топ жылдар мурун өлгөн башка атактуулар жаңылган сыяктуу.

Бирок ал да бүт адамдар сыяктуу өлгөндө, топурактын астына жападан жалгыз көмүлдү.

 

Ант болсун, силерди алгач жараткан сыяктуу (бүгүн да) бир-бирден, жападан жалгыз жана окшош (бирдей) абалда Бизге келдиңер жана силерге бергендерибизди артыңарда таштадыңар… (Анам Сүрөсү, 94)

 

Орточо 70-80 килограммдык бир «эт жана сөөктөн» турган дене жука бир тери менен капталган.

Албетте, бул жука тери оңой эле чийилет, жыртылат жана кичинекей бир травмада көгөрөт.

Күн астында көпкө турганга чыдай албайт.

Белгилүү бир убакыттан кийин тери алгач кызарат, кийин шишийт жана сары суу топтойт.

Ошол сыяктуу суукка да чыдай албайт.

Аллах адамдарды эң сулуу келбетте жараткан жана эң комплекстүү системалар менен камсыз кылган.

 

Бирок дүйнөнүн өтүп кетүүчү экендигин көрсөтүү жана дүйнөлүк амбицияларга берилип кетишине тоскоолдук болушу үчүн адамдын денесин эт жана май сыяктуу абдан бат бузула турган заттардан жараткан.

Адамдын эң чоң алсыздыктарынын бири – денесинин затынын ушунчалык чирик болушунда.

 

Адам Аллахтан бир эскертүү катары денесинин алсыздыгын бат бат сезип турат.

Бул дүйнөдө кемчиликсиз бир сулуулук, картайбаган бир жүз, эч оорубаган бир дене сыяктуу түшүнүктөр жок.

 

Себеби бул дүйнө жалаң гана убактылуу кала турган сыноо мекенибиз. Чыныгы мекен – акыретте?

 

Башка бир мисал жөнүндө ойлонолу. Муздак абанын таасири да адам денесинин алсыздыгын толугу менен көрсөткөн бир далил.

Муздак аба адамдын физиологиялык коргоосун акырын акырын шал кылат.

Мындай абада дененин акырын акырын чөгүшү байкалышы мүмкүн.

Башында жүрөктүн согуу ритми жайлайт, тамырлар кысылат жана артерия басымы жогорулайт.

Дене өзүн жылытуу үчүн титиреп баштайт.

Дененин жылуулугу 35 градуска түшкөндө, кооптуу бир абал пайда боло баштайт.

Жүрөктүн римти жайлап баштайт, басым төмөндөйт, кол жана буттарда, эң көп манжаларда тамырлар кысылып баштайт.

Денесинин жылуулугу 35 градуска түшкөн адамдын аң-сезими начарлап, уйкусу келип, концентрациясы жоголуп баштайт.

Мээнин иштешинде кемчиликтер жаралат.

Бул жерде эң маанилүү нерсе дене жылуулугунун 1,5 градуска эле төмөндөшүнүн канчалык маанилүү натыйжаларга жол ачып жаткандыгы.

Суукта мындан көбүрөөк калган учурда жана дене жылуулугу 33 градустан төмөнгө түшкөндө болсо, эс тутум жана аң-сезим жоголот.

24 градуска түшкөндө дем алуу, 20 градуска түшкөндө мээ, 19 градуска түшкөндө болсо жүрөк токтойт жана өлүм ишке ашат.

Адамдын физикалык алсыздыктарынын себебин түшүнүшү абдан маанилүү.

Себеби, бул алсыздыктар адамга дүйнөдө эмне кылбасын чыныгы ырахатка эч качан жете албастыгын апачык көрсөтөт.

Бардык бул нерселердин жаратылышынын себеби – адамдын Жаратуучубуз болгон Аллахтын алдындагы алсыздыгын түшүнө билиши жана дүйнөнүн өтүп кетүүчү мекен экендигин байкашы.

Муну байкаган адам чыныгы мекен болгон бейишке багытталат, бул дүйнөгө эч ойлонбостон байланып албашы керек экендигин эстейт.

Себеби адамга убада кылынган түбөлүк бир бейиш жашоосу бар.

Бейиш – эч кандай кемчилик, физикалык алсыздыктар болбогон бир жер?

Ал жерде адам напсиси каалаган бүт нерсеге ээ болот, чарчоо, курсак ачуу, суусоо, картайуу, ооруп калуу сыяктуу физикалык кемчиликтерден болсо толугу менен кутулат??

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️