ЗУЛХИЖЖА

https://kyrgyzcha.site/?p=51522&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

ЗУЛХИЖЖА?♥

Зулхижжа бул ХАЖ айы болуп эсептелет♥

Бул айда Ислам устундарынан бири болгон, хаж амалы аткарылат. Дүйнөнүн бардык бурчундагы мусулмандардан, Аллах кимге жеңил кылган юолсо, ошол Мекке шаарына топтолушат.

Зулхижжанын алгачкы 10күнүндө Каъбаны айланып, таваф кылып жана Сафа Марванын ортосунда басып, Зам Зам булагынан суу ичип Минада, Арафатта, Муздалифада, Жамааратта жана Каъбанын айланасында ибадат кылып, Куран окуп жана дуба кылуу менен алек болушат.

Хажга бара албаган мусулмандар, өз жеринде ушул 10күндү текке кетирбей ибаадат жана дубалар менен өткөрүүсү зарыл♥

Бул берекелүү күндөрдүн пайдасы өтө көп.

Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам)♥

«Бул он күн дүйнөдөгү эң жакшы күндөр. Жакшы амалдардын Аллага сүйкүмдүүсү ушул күндөрдө кылынган амалдар деген»

жана башка бир хадисте♥

Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам)♥

«Алланын алдында ушул күндөрү кылынган ибаадаттан артыгыраак эч бир ибадат жок. Мүмкүн болушунча бул күндөрү Алланы көп зикр кыл.

Бул күндөрдө бир күн орозо кармоо, бир жыл орозо кармаганга барабар♥

Зулхижжанын алгачкы 10күнүнүн ичинде бир күн орозо кармоо башка күндөрү бир жыл орозо кармагандан да артыгыраак деген♥»

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️