Жума күнү кылынган ибадаттарга жок дегенде эки эсе сооп берилет.
Ал күнү кылынган күнөөлөр да эки эсе жазылат.
Хадиси шарифтерде айтылды:
«Сооптордун ичинде Жума күнү жана түнү кылынгандан да баалуусу жок, күнөөлөрдүн ичинде дагы Жума күнү жана түнү кылынгандан да жаманы жок.” (Рамуз)
«Жума күнү күнөө кылбай өткөрүлсө башка күндөр дагы жакшы өтөт.” (И. Газали)
«Жума күнү куштар жапайы жаныбарлар бири-бирине:
«Силерге салам, бүгүн Жума”, — деп айтышат.” (Дайлами)
«Жума келерки Жумага чейин жана үч күндүн ичинде кылынган күнөөлөргө кафарат болот.
Себеби, жакшы бир амал кылган адамга он эсе сооп берилет.” (Табарани)
«Төрт түндүн күндүзү дагы түнү сыяктуу пазилеттүү.
Аллаху таала ал күндөрү дуба кылгандардын тилегин кайтарбайт, аларды кечирет жана алар ал күндөрү мол ихсанга ээ болушат.
Ал күндөр:
Кадыр түнү, Арафа түнү, Барат түнү, Жума түнү жана күндөрү.” (Дайлами)
«Жума күнү гусул алган адамдын күнөөлөрү кечирилет.” (Табарани)
«Жума күнү багымдат намазынан мурда:
«Астагфируллахалазыим аллази ла илаха илла хувал хаййал каййума ва атубу илайх” деген адамдын күнөөлөрү деңиз көбүгүнөн да көп болсо кечирилет.” (Ибни Сунни)
«Жума күнү жана түнү өлгөн момун шейит болот, кабыр азабынан кутулат.” (Абу Нуайм)
«Эне-атасынын кабырын Жума күндөрү зыярат кылган адамдын күнөөлөрү кечирилет, акыларын орундаган болот.” (Тирмизи)
«Жума күнү 80 салават окуган адамдын 80 жылдык күнөөсү кечирилет.” (Дара Кутни)
«Жума түнү Ясин сүрөсүн окуган адамдын күнөөлөрү кечирилет.” (Исфахани)
«Жума күнү жана түнү Духан сүрөсүн окуган адамга Бейиште бир ак сарай берилет.” (Табарани)