Пример HTML-страницы

ЖУМА КҮНҮ ҮЧ АМАЛДЫ АТКАРУУНУ УНУТПАГЫН! 

https://kyrgyzcha.site/?p=60393&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

ЖУМА КҮНҮ ҮЧ АМАЛДЫ АТКАРУУНУ УНУТПАГЫН!

 

1. «Кахф» сүрөсүн окууну унутпа! Буга көп убактың коробойт. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) минтип айткан: «Кимде-ким Жума күнү «Кахф» сүрөсүн окуса, анын кадам алдынан чыккан нур асман булуттарына чейин жаркырайт. Кыямат күнү ошол нур менен нурданат жана анын өткөн Жумадан берки (кичине) күнөөлөрү кечирилет». (Хааким, Байхакий). Ошондой эле, экинчи бир хадисте, минтип айтылган: «Жүма күнү ким «Кахф» сүрөсүн окуса, ал үчүн эки жуманын ортосу нурга толот». (Хааким).

 

2. Пайгамбарыбызга салам жана дуба айтууну унутпа! Бул да сенден көп убакыт талап кылбайт. Бейшемби күнү Дигер убактысы өткөндөн баштап, Жума күнүнүн ушул убактысына чейин Жума болуп эсептелет. Мына ушул аралыкта салам жана салават айтуу – зарыл. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): «Жума күнү мага көбүрөөк салават айткыла, чынында силердин айтканыңар мага жетип турат» – деген. Дагы бир хадисинде, пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): «Күндөрдүн жакшысы – Жума күнү. Адам (алейхис салам) ушул күндө жаратылган. Ушул күнү бейишке киргизилген. Ушул күнү андан чыгарылган. Бул күнү мага көбүрөөк салават айткыла, анткени салаватыңар мага жетип турат» — деп айтат. Анын сөзүн угуп отурган сахабалар: «Сиз чирип кетсеңиз, биздин салаватыбыз кантип жетсин?» – деп сурашат. «Аллах Таала пайгамбарлардын этин жешти жерге арам кылган» – деп жоп берет. (Имам Ахмад).

 

3. Бул күнү дуба кылууну унутпа! Буга да көп убактың коробойт. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) минтип айткан: «Жума күнүндө бир убакыт бар, кимдин дубасы ошол убакытка дал келсе, ал шек-күмөнсүз кабыл болот». Бул убакыт тууралуу ар түрдүү пикирлер бар. Көпчүлүк аалымдардын айтымында, бул убакыт Дигерден Шамга чейинки аралыкка туура келет. Бул үч амалдан сырткары, Жума күнү жуунуп, намазга эрте келүү – зарыл. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) минтип айткан: «Ким Жума күнү жакшылап жуунуп, алгачкы саатта мечитке барса, төө союп курмандык кылгандай соопко ээ болот. Ким андан кийинки сааттарда барса, уй союп курмандык кылгандай соопко ээ болот. Ким андан кийинки сааттарда барса, кой союп курмандык чалгандай соопко ээ болот. Ким андан кийинки сааттарда барса, ал тоокту курмандык кылгандай сооп алат. Ким андан кийинки саатта барса, жумуртканы курмандык кылгандай сооп алат. Имам минбарга чыккан мезгилде, периштелер сапка тизилип, анын айтканына кулак салышат».

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE