Жубайлар ортосундагы адеп.

https://kyrgyzcha.site/?p=48388&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Жубайлар ортосундагы адеп

Алла Таала пенделерин жубу менен жараткан.

Ошондуктан Ислам дини да жуптукта өмүр сүрүүгө кызыктырат.

قال تعال: ﴿وَاللَّهُ جَعَلَ لَكُمْ مِنْ أَنْفُسِكُمْ أَزْوَاجًا وَجَعَلَ لَكُمْ مِنْ أَزْوَاجِكُمْ بَنِينَ وَحَفَدَةً وَرَزَقَكُمْ مِنَ الطَّيِّبَاتِ أَفَبِالْبَاطِلِ يُؤْمِنُونَ وَبِنِعْمَةِ اللَّهِ هُمْ يَكْفُرُونَ﴾ {النحل: 72}

Алла Таала айтты:

«Алла силер үчүн өзүңөрдөн жуптарды жаратып, жуптарыңардан силер үчүн балдарды, неберелерди жаратты жана силерди адал — таза ырыскылар менен азыктандырды. Анан алар жалганга (будтарга сыйынууга) ыйман келтиришип, Алла Тааланын жакшылыктарына каапыр болушабы»?! (Нахл: 72)

قال الله تعالى: ﴿وَمِنْ آَيَاتِهِ أَنْ خَلَقَ لَكُمْ مِنْ أَنْفُسِكُمْ أَزْوَاجًا لِتَسْكُنُوا إِلَيْهَا وَجَعَلَ بَيْنَكُمْ مَوَدَّةً وَرَحْمَةً إِنَّ فِي ذَلِكَ لَآَيَاتٍ لِقَوْمٍ يَتَفَكَّرُونَ﴾ {الروم:21}

Алла Таала айтты:

«Анын аят — белгилеринин (дагы бири) — Ал силер бирге турушуңар үчүн өзүңөрдөн жуптарды жаратышы жана ортоңордо сүйүү жана мээрим пайда кылышы. Албетте мында пикир кыла турган коом үчүн аят — үлгүлөр бар». (Рум: 21)

Жуптук напсини кармоого жана туяк калтырууга себепчи болгондуктан, Ислам дининде эри — катындын ар биринин укуктары, милдеттери жана ар биринин ортосунда боло турган адептер бар.

قال الله تعالى: ﴿وَلَهُنَّ مِثْلُ الَّذِي عَلَيْهِنَّ بِالْمَعْرُوفِ﴾ {البقرة: 228}

Алла Таала айтты:

«Жакшы иштерде алар (аялдар) үчүн эрлеринин алдында милдеттери бар сыяктуу эле укуктары да бар». (Бакара: 228)

Биринчи: Эркектин (күйөөнүн) милдеттери:

1. Махр берүү.

قال الله تعالى: ﴿وَآَتُوا النِّسَاءَ صَدُقَاتِهِنَّ نِحْلَةً﴾ {النساء: 4}

Алла Таала айтты:

«Аялдарыңарга махрларын (алар никеңерге өтүү менен өздөрүн силерге тапшыргандарынын акысын) сөзсүз (чын көңүлдөн ыраазылык менен) бергиле»! (Ниса: 4)

2. Абалына жараша аялын жана балдарын тамактандырып, кийиндирип жана турак — жай менен камсыз кылуусу.

قال تعالى: ﴿لِيُنْفِقْ ذُو سَعَةٍ مِنْ سَعَتِهِ وَمَنْ قُدِرَ عَلَيْهِ رِزْقُهُ فَلْيُنْفِقْ مِمَّا آَتَاهُ اللَّهُ﴾ ( الطلاق: 7)

Алла Таала айтты:

«Бай — дөөлөттүү киши өз байлыгынан (т.а. байлыгына жараша) каржыласын. Кимдин ырыскысы кысылган (кембагал) болсо, ал убакта Алла өзүнө тартуу кылган нерседен (т.а. өз абалына жараша) каржыласын»! (Талак: 7)

قال تعالى: ﴿وَعَلَى الْمَوْلُودِ لَهُ رِزْقُهُنَّ وَكِسْوَتُهُنَّ بِالْمَعْرُوفِ﴾ {البقرة: 233}

Алла Таала айтты:

«Аларды (энелерди) абалына жараша кийиндирип — ичиндирүү — атанын милдети». (Бакара: 233)

قال تعالى: ﴿أَسْكِنُوهُنَّ مِنْ حَيْثُ سَكَنْتُمْ مِنْ وُجْدِكُمْ﴾ {الطلاق: 6}.

Алла Таала айтты:

«Аларга өзүңөрдүн турак — жайыңардан кудуретиңер жеткен жайдан турак бергиле»! (Талак: 6)

3. Аялына диндин зарылдыктарын (эгер билбесе) үйрөтүүсү. Аны (аялын) намаз окууга ж.б. ибадаттарга буюруусу. Шариятта жабууга буюрулган денесин ачуудан, эркектерге аралашуудан ж.б. Ислам дининде тыюу салынган нерселерден кайтаруусу.

قال تعالى: ﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آَمَنُوا قُوا أَنْفُسَكُمْ وَأَهْلِيكُمْ نَارًا وَقُودُهَا النَّاسُ وَالْحِجَارَةُ﴾ {التحريم: 6}

Алла Таала айтты:

«Оо, ыйман келтирген пенделер! силер өзүңөрдү жана үй — бүлөөңөрдү отуну адамдар жана таштар болгон тозоктон сактагыла»! (Тахрим: 6)

4. Көп аялдуу болсо, алардын ортосунда каржылоо, багуу жана түнөө ж.б.у.с. нерселерде адилеттүү болуу.

قال تعالى: ﴿فَإِنْ خِفْتُمْ أَلَّا تَعْدِلُوا فَوَاحِدَةً﴾ {النســـاء: 3}

Алла Таала айтты:

«Эми эгер (алардын арасында) адилеттүүлүк кыла албастыктан корксоңор, анда бир аялга (үйлөнгүлө)»! (Ниса: 3)

5. Аялына жакшы мамиледе болуу.

قال تعالى: ﴿وَعَاشِرُوهُنَّ بِالْمَعْرُوفِ﴾ {النساء: 19}

Алла Таала айтты:

«Алар (аялдар) менен жакшы, ынтымактуу жашагыла»! (Ниса: 19)

6. Аялынын төшөгүнө төрт айдан ашык убак жатпай койбоо. Кошулган учурда, шариятта көрсөтүлгөн жолдо кошулуу керек. Артына жана айыз (этек кир) мезгилинде кошулуу шариятта арам кылынган.

قال تعالى: ﴿وَيَسْأَلُونَكَ عَنِ الْمَحِيضِ قُلْ هُوَ أَذًى فَاعْتَزِلُوا النِّسَاءَ فِي الْمَحِيضِ وَلَا تَقْرَبُوهُنَّ حَتَّى يَطْهُرْنَ فَإِذَا تَطَهَّرْنَ فَأْتُوهُنَّ مِنْ حَيْثُ أَمَرَكُمُ اللَّهُ﴾ {البقرة: 222}

Алла Таала айтты:

«(Оо, Мухаммад,) сенден ошондой эле айыз (этек кири) жөнүндө сурашат. Айткын:

«Ал жийиркеничтүү (зыяндуу) нерсе. Демек айыз маалында аялдарыңардан оолак болгула жана тээ тазарганга чейин жакындашпагыла! Таза болгондон кийин гана аларга Алла буюрган тараптан келгиле»!

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты:

«Аялынын артына кошулган киши, каргышталган» (Абу Давуд: 2162)

7. Бири — биринин сырын ачпоо жана айыптарын башкаларга айтпоо.

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «إِنَّ مِنْ أَشَرِّ النَّاسِ عِنْدَ اللَّهِ مَنْزِلَةً يَوْمَ الْقِيَامَةِ الرَّجُلَ يُفْضِي إِلَى امْرَأَتِهِ وَتُفْضِي إِلَيْهِ ثُمَّ يَنْشُرُ سِرَّهَا» {رواه مسلم: 1437}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты:

«Кыямат күнүндө Алланын астында адамдардын эң төмөн даражасы, ал бири-бирине кошулуп, анан а(ялы)нын сырын жайылткан киши». (Муслим: 1437)

8. Балдарды (Ислам тарбиясында) тарбиялоо ал экөөнүн милдети.

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «كُلُّكُمْ رَاعٍ وَكُلُّكُمْ مَسْئُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ وَالْمَرْأَةُ رَاعِيَةٌ فِي بَيْتِ زَوْجِهَا وَمَسْئُولَةٌ عَنْ رَعِيَّتِهَا» {رواه البخاري: 893}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты:

«Ар бириңер кароочусуңар, ар бириң кол астындагыларга жоопкерсиңер. Аял күйөөсүнүн үйүндө (бала — чака жана мал — мүлкүнө) кароочу, жана ага жоопкер». (Бухарий: 893)

Экинчи: Аялдын милдеттери:

1. Алла тыйбаган жолдо күйөөсүнө баш ийүү. Барында да жогунда да анын абийирин сактоо. Күйөөсүнүн мал — мүлкүнө жана балдарына көз салып сактоо.

قال تعالى: ﴿ الرِّجَالُ قَوَّامُونَ عَلَى النِّسَاءِ بِمَا فَضَّلَ اللَّهُ بَعْضَهُمْ عَلَى بَعْضٍ وَبِمَا أَنْفَقُوا مِنْ أَمْوَالِهِمْ فَالصَّالِحَاتُ قَانِتَاتٌ حَافِظَاتٌ لِلْغَيْبِ بِمَا حَفِظَ اللَّهُ﴾ {النساء: 34}

Алла Таала айтты:

«Эркектер өз аялдары үстүндө жетекчи. Буга себеп Алла алардын бирөөлөрүн — бирөөлөрүнөн (эркектерди аялдардан) даражасын бийик кылганы жана эркектер (аялдары жана үй — бүлөөлөрү үчүн) өз мал — мүлктөрүнөн сарп — каражат кылгандыктары. Демек Алла Таалага кулчулук кылып, Ага жана эрлерине баш ийип, алар жокто Алланын сактоосу (жана жардамы) менен (эрлеринин мал — мүлктөрүн жана өз абийирлерин) сактоочу аялдар — жакшы аялдар». (Ниса: 34)

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: « وَالْمَرْأَةُ رَاعِيَةٌ فِي بَيْتِ زَوْجِهَا وَمَسْئُولَةٌ عَنْ رَعِيَّتِهَا» {رواه البخاري: 893}

Алланын элчиси (ага Алланын салават — саламдары болсун) айтты:

«Аял күйөөсүнүн үйүндө (бала — чака жана мал — мүлкүнө) кароочу, жана ага жоопкер». (Бухарий: 893)

2. Күйөөсүнүн үйүнөн анын уруксаты жана ыраазылыгысыз чыкпайт. Башка эркектерди карабайт. Эркектер арасында үнүн бийик көтөрбөйт. Жамандыктан колун тартат. Тилин жаман сөздөн сактайт. Күйөөсүнүн жакындары менен жакшы мамиледе болот.

قال تعالى: ﴿وَقُلْ لِلْمُؤْمِنَاتِ يَغْضُضْنَ مِنْ أَبْصَارِهِنَّ وَيَحْفَظْنَ فُرُوجَهُنَّ وَلَا يُبْدِينَ زِينَتَهُنَّ إِلَّا مَا ظَهَرَ مِنْهَا﴾ {النور:31}

Алла Таала айтты:

«Момун аялдарга да айткын, көздөрүн (чоочун эркектерге кароодон) тосушсун жана абийирдүү жерлерин (арамдан) сакташсын. Ошондой эле көрүнүп тургандан башка кооздук — жасалгаларын (т.а. үстүлөрүндөгү кийимдеринен башка кооздук — жасалгаларын чоочун бирөөлөргө) көрсөтүшпөсүн»! (Нур: 31)

3. Күйөөсүнө жакшы мамиледе болуу. Сөзүндө, кыймыл — аракетинде ж.б. нерселерде жумшак болуу.

قال الله تعالى: ﴿وَلَهُنَّ مِثْلُ الَّذِي عَلَيْهِنَّ بِالْمَعْرُوفِ وَلِلرِّجَالِ عَلَيْهِنَّ دَرَجَةٌ﴾ {البقرة: 228}

Алла Таала айтты:

«Жакшы иштерде алар (аялдар) үчүн эрлеринин алдында милдеттери бар сыяктуу эле укуктары да бар. Дагы эркектер үчүн (аялдар) үстүндө бир даража (артыкчылык) бар». (Бакара: 228)

4. Күйөөсү кошулууну кааласа, андан себепсиз тыйылбоо.

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «إِذَا دَعَا الرَّجُلُ امْرَأَتَهُ إِلَى فِرَاشِهِ فَلَمْ تَأْتِهِ فَبَاتَ غَضْبَانَ عَلَيْهَا لَعَنَتْهَا الْمَلَائِكَةُ حَتَّى تُصْبِحَ» {رواه البخاري:3237 ومسلم: 1436 وأبو داود: 2141}

Алланын элчиси (ага Алланын салават — саламдары болсун) айтты:

«Күйөөсү аялын төшөккө чакырса, аялы келбесе, аялына ачууланган абалда түнөсө, периштелер ал аялга таң атканча каргыш айтат».

(Бухарий: 3237. Муслим: 1436. Абу Давуд: 2141)

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️