ЖООМАРТТЫК ЖАНА БЕРЕШЕНДИК?♥
Колундагы нерсесин муктаждарга ыроолоо-жоомарттык?♥ Жоомарттыктын сереси берешендик болуп саналат♥ Берешендиктин эң сонун аныктамасы Куранда билдирилген?
«Алар өздөрү ачка болуп турса да, жетимдер, туткундар жана жакырлар менен азык-оокаттарынан бөлүшүшөт: «Биз силерден ыраазылык да, сый да күтпөстөн Алла ыраазычылыгы үчүн гана тойгузабыз.
Биз Эгебизден жана балекеттүү күндүн оорлугунан коркобуз (дешет).
Алла аларды ал Күндүн жамандыгынан сактап, анан аларды нурдуу жана кубанычтуу кылды» (Инсан, 8-11).
Жоомарттык-ыймандын мээрим жемиши?Мээрим- башкалардын муктаждыгын, жетишпестигин камсыздоо үчүн жан үрөө.
Ой-келди чачып сапыруу-жоомарттык эмес. Кылдат иликтеген соң Алла берген нематтан Анын кулдарына тартуулоо-жоомарттык. Бул маселеге Жараткан Алла Өз чен-өлчөмүн койгон?
«Колуңду мойнуңа байлап зыкымдык кылба, болушунча ачык кол болуп чачып да жибербе! Натыйжада жек көрүмчүл болуп, (жоготконуңа) аттиң кыласың» (Исра, 29).
Буга чейин айтылгандай, Жоомарттык да Алланын бир сыпаты?♥Жараткандын «Карим» сыпаты?сыйы мол, өтө март, чексиз берешен сыяктуу маанилерди туюнтат?Аныгында Рахман-Мээримдүү, Рахим-Боорукер, Ваххааб -Тввааб -Тооболорду кабылдоочу, Гаффаар-Кечиримдүү, Аффуув-Айкөл, Рауф-Коргоочу жана Хаади-уура Жолго Салуучу сыяктуу сыпаттардын баары Алланын жоомарттыгынын ар түркүн өңүтүн толуктайт?♥
Хадистерге көз жүгүртөлү♥
«Алла Таала Жавваад-жоомарт жана тартуу Ээси, ошондуктан Ал жоомарттыкты сүйөт? Ал изги ахлакты сүйөт, жаман ахлакты жек көрөт» (Суюути, I, 60).
«Алла шексиз Таййиб-сулуулукту жана жагымдуулукту сүйөт? Ал Таахир-тазалыкты сүйөт?Ал Карим-берешендикти сүйөт?Ал Жавваад-жоомарттыкты сүйөт?» (Тирмизи, Адаб, 41/2799).
??Момун пенде Улуу Алла Тааланын жоомарттыгынан үлүшүн алып, кою караңгылыкты айдыңга бөлөгөн шооладай жарык, камкор, кыраакы, мээримдүү, боорукер, кайырым сүйөр, кеңпейил болушу керек?Анткени аятта мындайча буйрулат♥
«Эй, ыйман келтиргендер! Соодалашуу, достук, жан тартуу болбой турган күн келгенге чейин силерге берген ырыскыбыздан Алла жолунда сарптагыла. Каапырлар-заалымдардын накта өзү!» (Бакара, 254).
«…Силер жакшылыкка эмне сарптаган болсоңор, Алла анын ордуна башкасын берет» (Саба, 39).
«Адамдар уйкуда, өлгөндөн кийин көзү ачылат» деген накылды Азирети Али айтып калтырган. Бул өңүттөн алганда көздү умачтай ача турган түбөлүктүүлүктүн астанасына куру кол барбоо, азапка батпоо үчүн бул дүйнөдө жоомарттык кылып, берешендикти өөрчүтүп, ушу бүгүнтөн акыретке азык камдаганыбыз абзел???
«Дүйнө турмушу кудум түшкө окшош. Дүнүйөдө бир байлыкка жетүү-түштө жер астынан кен табууга окшош. Бул дүйнөнүн байлыгы урпактан урпакка калып олтуруп, акырында кайра эле дүйнөдө калат».
“Жаналгыч периште капилеттеги кайдыгердин жанын алуу менен аны ойготот. Ал пенде жанды жай алдырбай каржаганы менен дүнүйө-мүлктүн анык ээси болалбагандыгы үчүн аттиң кылат. Түгөнгүс бушаймандык… Бирок болору болуп, бойоосу канган болот…»
Эми өзүңүз айырмалап көрүңүз, дүнүйө турмушу менен акырет жашоосун…
Курандан?
“Биз багыштаган ырыскылардан ажал келгенге чейин сарптагыла. Ошондо ал: “Эгем, эгер менин өмүрүмдү бираз узартсаң, мен кайрымдуулук иштерди көп кылып, мыктылардан болор элем» дейт. Бирок тирүү жанга ажал жеткен кезде Алла аны эч качан кечиктирбейт. Силердин эмне кылганыңардын баарын Алла билип турат» (Мунафикун, 10-11).
?Жараткан Алла мына ушул жагдайлар тууралуу жүрөгү ойгоо, берешен пенделерин мактоого алган♥
“…Өздөрү муктаж болуп турганына карабай башкаларды көбүрөөк ойлошот…» (Хашр, 9).
Бир нерсе суралган чакта эч качан “жок» дебеген Алла Элчиси(саллаллаху алейхи васаллам) жоомарттыкты жана бул сыпатка эгедер инсандарын артыкчылыгын мындайча түшүндүргөн?
“Жоомарттык-шактары бу дүйнөгө ийилген бейиш дарагы?
Кимде ким анын бир шагына жабышкан болсо, аны бейишке тартат?
Зыкымдык-шактары бу дүйнөгө ийилген тозок дарагы. Кимде ким анын бир шагына жабышкан болсо, аны тозоко тартат!» (Байхаки, Шуабул-Иман, VII, 435).
“Зыкым менен жоомарттын абалы кудум көкүрөктөн тарата акырекке чейин соот кийген эки кишиге окшош. Садага берген сайын жоомарттын үсүтүндөгү сооту кеңейет, узарып олтуруп бутунун манжаларын жаап, изин өчүрөт?
Канчалык ичин тарыткан сайын сооттун темирлери бири-бирине тартылып олтуруп зыкымды кысат, канчалык жаналекетке түшпөсүн кеңейте албайт» (Бухари, Жихат 89, Закат 28;Муслим, Закат 76-77).
“Март адам Аллага, бейишке жана адамдарга жакын болгону менен тозок отунан алыс болот. Ал эми зыкым болсо, керисинче, Алладан, бейиштен жана адамдардан оолак болгону аз келгенсип, тозок отуна жакын болот! Жоомарт, бирок наадан адам зыкым диндарга караганда Аллага алда канча сүйкүмдүү» (Тирмизи, Бирр, 40/1961).
“Жоомарттын айыбына карабагыла, анткени мүдүрүлгөн сайын Алла анын жыгытпай колдоп турат» (Хайсами, VI, 282).
?Азирети Абу Бакирдин кызы Асма (Алла ага ыраазы болсун)Ааламдардын Ардагы (саллаллаху алейхи васаллам) айткан насааттарды мындайча эскерет?
“Каптын оозун кыспа! Болбосо Алла сага берчүсүн азайтып койот!»(Бухари, Закат, 21).
“Кайрым кыл, санап олтурба. Болбосо Алла сага берчү нематын санап, азайтат. Акчаңды кумурага катпа, болбосо Алла сага берчүсүн катып койот» (Муслим, Закат, 21).
Камкордук, жоомарттык, ыклас жана берилгендик аныгында рухий жетилүүнүн жемиши?
Жоомарттык жана камкордуктун берекеси менен гана жандүйнөнүн бейпилдигин жана руханияттын тынчын алган напсикорлуктан какас болууга мүмкүн.
?Азирети Мавлана берешендик сапатты жана анын карама-каршысындагы зыкымдыкты жоюнун жолун ажайып сонун түшүндүрөт♥
“Жоомарттык-бейиш дарагынын шагы?
Бул шакты кармабагандар өзүнөн көрсүн. Эгин айдагысы келген адам оболу, кампаны бошотот. Акыр аягында пайданы көп табат. Керисинче, үрөөндү кампадан чыгарбаган киши чычкандарга жем кылып берет».
“Сулуулар таза, таксыз күзгү издегени сыңары, жоомарттык сапат кембагал, алсыздарды каалайт. Сулуулардын ажарлуу жүзү күзгүдөн чырайлуу көрүнөт, кайрым жана сыйдын көзөлдүгү кедей, карыптар менен ортого чыгат».
“Карыпчылыкты чегип, муктуждыктан мукураган жандүйнөлөр, түтүнгө толгон үйгө окшош. Сен алардын көйгөйүн угуу менен түтүнгө толгон үйдүн терезесин ачып жибер, түтүнү тарасын, өз жүрөгүң жумшарып, рухуң тазарсын».
Учурга назар салсак, мүмкүнчүлүктөргө жараша кайрым иштерине, белсенген берешендикке муктаждык зор. Жокчулуктун айынан азап чегип, карыпчылыкты тартып жүргөндөрдүн катарына биз да кошулуп калышыбыз толук мүмкүн экенин эстен чыгарбасак.
Арийне, берген кайрымдын баары Жараткан алдындагы карызыбыздын кайтарымы, ыраазылык жышааны.
Биз кубанткан көңүлдөр кайра эле өзүбүзгө руханият сунуп, акыретте сооп-жардам, бейиште таалай болуп бериши үчүн колдогу нематтарды муктаж пенделер менен бөлүшөлү?
Изгилик элестери★?
Жаратылыш Нуру (саллаллаху алейхи васаллам) жаамы артыкчылыктардын сересинде болгону кашкайган чындык★?
Ал коомчулуктун жетишпестигин камсыздоо үчүн талыкпай берешендик кылган жана алардын Туура Жолду табышына себепчи болууга жан үрөгөн★?
Курайш бутпарастарынын аттуу-баштууларынан Савфан бин Умаййа мусулман болбосо да, Хунайн жана Таиф жүрүштөрүндө Алла Элчисинин жанынан чыккан эмес эле. Алла Элчиси Жиранада топтолгон олжого көз чаптырып жүргөндө Савфан да жайытта жүргөн төө, кой-эчкилерди тамшана карап жаткан болот. Кыраакы Пайгамбар аны көз кыйыгы менен байкап койот.
-Абу Вахб! Булар катуу жактыбы дейм?
-Ооба!
-Андай болсо жайыт да, андагы мал дагы сеники болсун! деп берешендик кылат Азирети Пайгамбар★?
Савфан өзүн кармана албай:
-Пайгамбардан башка эч бир адам мынчалык жоомарт боло албас! деп дароо келме келтирип ыйманга келет (Вакиди, II, 854-855).
Савфан атты көл шал тердетип Курайшка жетип барып★?
-Эй, эл журт! Мусулман болгула. Ант болсун, Мухаммад жокчулуктан да, кедейликтен да эч коркпогон ушундай жакшылык ээси экен! – деп жар салган экен★? (Муслим, Фадаил, 57-58).
Жадагалса айрымдар мал-мүлккө жетүү үчүн мусулман болушкан. Бирок көп өтпөстөн мусулманчылык алардын көзкарашында дүйнөдөн, дүйнөдөгү бүт нерседен бийик баага жетти.
?★★Күндөрдүн биринде Алла Элчисине (саллаллаху алейхи васаллам)ачарчылыктан улам бир адам келип жардам сурайт. Бар ааламдын сыймыгы атанган Пайгамбарыбыз жубайларынын бирине кабар салып, өзөк жалгаганга бир нерселерди беришин өтүнөт.
-Сени Пайгамбар кылып жиберген Аллага ант этип туруп айтам, үйдө суудан башка эч нерсе жок деген жоопту алат. Абал бардык жубайларынын үйүндө бирдей болгондуктан, Алла Элчиси топтолуп турган мусулмандарга кайрылат:
-Ким бүгүн мынабул боордошту чын көңүлдөн конок кылат?
-Пайгамбарым! Мен конок кылам! деп Абу Талха (Алла ага ыраазы болсун) кембагалга жалооруй үйүнө алып барат да, жубайына кайрылат:
-Жанбиргем, Алла Элчисинин коногун сыйлайлы! Үйдө өзөк жалгаганга эмнең бар?
-Балдарга гана жетер тамак бар.
-Андай болсо балдарды алаксытып тур! Дасторконго келгиси келсе уктатып кой. Конок үйгө кирген кезде чыракты бир шылтоо менен өчүрүп кой. Анан дастаркондо биз өзүбүз да жеп жаткандай үн чыгарып олтуралы★?
Абу Талха мейманды үйгө алып кирген соң жубайы күйөсүнүн айтканындай чыракты өчүрүп койот. Анан өздөрү да тамактанып жаткансып үн чыгарып олтурушат. Ошентип, конок курсагын тойгузуп, өздөрү эч нерсе жебей ач жатышат. Таң заарынан Абу Талха Пайгамбарыбызга барат. Пайгамбарыбыз берешен сахабаны көрүп★?
-Кече кечиндеги коногуңарга көргөзгөн сыйыңарга Алла Таала ыраазы болду! дейт★★?(Бухари, Тафсир, 59/6; Муслим, Ашриба, 172-173).
?★★Бар ааламдын Мырзасы (алейхиссалату вассалам) асыресе Рамазан айында ибадатты, кайырымды, жакшылыктарды көбөйтүп, Жаратканга жалбара турган. Ибни Аббас (Алла ага ыраазы болсун)мындай дейт★?
“Алла Элчиси (саллаллху алейхи васаллам) инсанияттын эң айкөлү, эң жоомарты болгон. Анын ашкере айкөлдүгү Рамазан айында Жабраил периште менен жолукканда байкалар эле. Жабраил Рамазан айынын ар бир түнүндө Пайгамбарыбыз менен жолугуп, (бири-бирине) Куран окушуп турган. Рамазан айына кирди дегиче эч бир тоскоолдукка баш бербей адаттагысынан дагы айкөл болоор эле» (Бухари, Бадуль-Вахий, 5, 6).
?★★Дагы бир адам Пайгамбарыбызга келип, арыз-муңун, муктаждыгын айтат. Бирок Пайгамбарыбыздын ага бере турган эч нерсеси жок болот. Ошентсе да, Жарыктык башка кишиден өзүнүн атынан карыз алып туруусун айтып, ал карызды кийин өзү кайтарып берүүгө убадасын берет. Жандан артык көргөн Пайгамбарынын машакат чегишине көңүлү түтпөгөн Азирети Умар мындай деди★?
-Оо Алла Элчиси. Жаныңда болсо бер, болбосо сени күч жетпеген нерсеге милдеттендирген эмес.
Анын бул сөзүнө макул эмес экендиги Жаратылыш Нурунун аардуу жүзүнөн дароо байкалды. Чогуу турган мусулмандардын ичинен бирөө:
-Ата-энем сага арналсын, Пайгамбарым! Бер болгонун! Арыштын Ээси азайтып салат деп түк оюңа алба! деп сөзгө аралашты. Бул сөз Ага абдан жакты көрүнөт, бүркөлгөн кабак гүлдөй ачылды★★?
“-Мен да ошону аткарууга милдеттендирилгем!” (Хайсами, X, 242).
Мынакей өрнөк көңүл… Диндештин муктаждыгын орундатуу момундун жүрөгүн бейпилдикке бөлөгөн изги себеп.
?★★Сахабалардын артынан келген таабиин аттуу муундун улууларынан Абдулла ал-Харавий Алла Элчисинин аша жоомарттыгын билчү. Бирок дагы да жакындан билгиси келип жүргөн. Күндөрдүн биринде Азирети Билалга кезигип калат. Колго тийген мүмкүнчүлүктү чыгаргысы келбей Сүйүктүү Пайгамбарыбыз тууралуу кызыгы артып сурап кирет:
-Билал! Алла Элчисинин кайрымдуулугу, берешендиги кандай эле, айтып берчи!
Ал улуу Пайгамбарды эскерүүнү канимет деп билген жарыктык сахаба макул дегендей жылмая багып, окуяны баяндап кирди:
-Пайгамбар болуп жөнөтүлгөн күндөн тарта Азирети Мухаммаддын(саллаллаху алейхи васаллам) көптөгөн ишин анын атынан мен бүткөрөр элем. Маселен, ага көп мусулмандар келчү. Алардын кембагал экенин көрсө, муктаждыгын камсыздоону мага тапшырчу. Мен бирөөдөн карыз алып болсо да кийим-кече, тамак-аш алып берип жүрдүм. Күндөрдүн биринде бир мушрик мага келип:
-Эй Билал! Мен абдан бай адаммын. Сен көптөрдөн карыз алат экенсиң. Сен мындан ары бир гана менден сура, карызды мен берейин. Каалаганыңдай берүүгө мүмкүнчүлүгүм жетиштүү деди. Дароо макул болдум. Кези келип, андан карыз алып муктаждарды камсыздадым. Түш чендерде даарат алып жатсам, мушрик жоон топ соодагер менен өтүп баратып мени көрө салып жекирип кирбеспи:
-Эй Хабаши! Айдын башталышына канча калды?
Аз калганын айттым. Жеп жиберчүдөй мени жекире карап өтө оор сөздөрдү айткан соң:
-Туура, айдын башталышына болгону төрт түн калды. Белгиленген күн келсе, сендеги аласаларымдын баарын алам, уктуңбу!
Мен ал акчаны сенин же ошо адамдын кадыры үчүн берген эмесмин, мага кул болушуң үчүн бергем! Төлөбөсөң, мурунку кейипти кийип каласың! деп балп эттирди. Эмне кылаарымды билбей кыйлага эсейдим. Катуу ойлонгондуктан көзүм караңгылап, башым лукулдап ооруп чыкты.
Мечитке барып азан айттым★?
Намазды окуган соң куптандан кийин Алла Элчиси үйүнө кетти. Артынан барып жолугууга уруксат алган соң ичкери кирип арыз-муңумду айтып кирдим:
-Пайгамбарым! Жанымды берейин сага!
Мен карыз алып жүргөн мушрик мага кекенип ушундай оор сөздөрдү айтты. Ушу тапта экөөбүздө тең аны төлөгөнгө мүмкүнчүлүк жок. Ал мени шерменде кылгысы бар. Андыктан мага уруксат бер, мен динди жаңыдан кабылдаган береги урууга барып башпаанек сурайын. Алла Таала ырыскы жиберип карыздан кутулткуча алардын коргоосунда туруп турайын.
?★Алла Элчиси менен көпкө баарлашкан соң үйүмө кайттым. Кылычты кыны менен, жаа, жебе, бут кийимимди башыма коюп кыбылага карап жаттым. Уйкум качып көңүлүм жайында эмес. Түн бироокумда араң уктадым. Бирок улам ойгонуп, кайра уктап, кыйналып чыктым. Денем талыкшыйт тим эле. Эми турайын деп жатсам сырттан бирөө үн салды:
-Билал! Сени Алла Элчиси чакырып жатат.
Эмнеге чакырды болду экен деген суроо жеткенге чейин мага табышмак болду. Анын короосунда жүк жүктөлгөн төрт төө турганына күбө болдум. Уруксат алып ичкериге кирдим.
-Билал сүйүнчү!
Алла Таала карызды төлөгөнгө бизге мал-мүлк жибериптир. Тиги сырттагы төрт төө жүгү менен сеники. Аны Фадактын байы жөнөтүптүр. Алып кет да, карызыңдын баарын төлө.
?★Пайгамбарым айткандай кылып жүгүн түшүргөн соң төөлөргө жем бердим. Андан соң азан айтып, багымдатты окудук. Күн аркан бою көтөрүлүп калганда Бааки көрүстөнүндөгү дөңсөөгө чыгып жар салдым:
-Кимде ким Алла Элчисинен аласа болсо, келип аласасын алып кетсин!
Буюмдарды накталай акчага айлантуу, карыз ордуна эсептөө сыяктуу жолдор менен Азирети Пайгамбарыбыздын бардык карыздарын төлөдүм★?
Төлөнбөгөн карызы калган жок. Колумда азыноолак гана акча калды. Шамга жакын мечитке барсам, мечитте жалгыз экен. Саламдашкан соң менден сурады:
-Эмне болду, эмне кылдың?
-Алла Таала Пайгамбарынын бардык карыздарын төлөдү. Эч бир карыз калбады.
-Арттыбы?
-Ооба, эки динар артты.
-Мени ошо эки динардан да куткар. Аны да кайрым кыл. Ошолор колдон чыкмайын, көңүлүм тынчымайын үйгө кетпейм★!
Мечитке жамаат келе баштады. Ошо эки динарды бере турган муктаж адам табылса кана. Көпкө издедим. Акыры куптанга жакындап калганда мечитке эки аскер келди. Аларды кечки базарга алып барып, кийим-кече, азык-түлүк алып бердим да, кагынып, силкинип мечитке келдим. Куптандан кийин мени жанына чакырды:
-Жаныңдагылар эмне болду?
-Алла көңүлүңө бейпилдик берсин, айтканыңыздай болду★?
Жоопту уккан Пайгамбар эки динар колдо турганда өлүм келбегендигине шүгүрчүлүк келтирип, Алланы аруулап ордунан козолду да үйүн көздөй бет алды★?
Абдулла мына ушундай болгон!»
(Абу Давуд, Хараж, 33-35/3055; Ибн-и Хиббан, Сахих, XIV, 262-264).
Эми ойлонуп көрөлү, биз үммөтү катары анын жоомарттыгынан канчалык үлүш алдык
?★★Азирети Айша эненин береги жоомарттыгын кыйгап өтүүгө болбос.
Кутумдук жүз берип, Азирети Умарга канжар урулат. Кансыраган Умар уулу Абдулланы чакырат да:
-… Момундардын энеси Азирет Айшага барып: “Умар сага салам айтты» дегин. Эсиңде болсун, “Момундардын эмири!» деп айтпа. Мен мындан ары момундарга эмирлик кыла албай калдым. Анан «Умар бин Хаттаб эки досунун жанына көмүлүү үчүн сизден уруксат сурап жатат» деген өтүнүчүмдү билдир! деп момундардын энесине жиберет.
Окуянын калганын Абдулла минтип эскерет★?
Барган соң уруксат алып ичкери кирсем, Азирети Айша ыйлап жатыптыр. Келгенимдин себебин айтып түшүндүрдүм. Кыйлага дейре ойлонгон соң:
-Алла Элчисинин жанындагы бир кишилик жерди өзүм үчүн бөлдүргөн элем. Бирок бүгүн ал жерге Умарды койбосок болбос! деген жоопту айтты. (Азирети Мухаммад менен Абу Бакир Айша энебиздин бөлмөсүнө коюлат. Азирети Айша атасы жана өмүрлүк жолдошунун жанына жастанууну тилек кылып жүргөн болот).
Көз ачып жумганча үйгө жетип бардым. Атам тынчы кетип эки көзү эшикте калган экен. Мен бараарым менен:
-Эмне кабар? -деди, эки адамдын колдоосу менен тик турган абалда.
-Арзууңуз орундалды. Азирети Айша уруксат берди★?
-Аллага мактоолор болсун!
Акыркы мөөнөттөрдө мындан артык маанилүү иш калган жок эле. Бул дагы жүзөгө аша турган болду. Көзүм жумулары менен мени ошол жайга көмгүлө. Бирок ал жерге барган соң дагы бир жолу уруксат сурагыла. Уруксат берилсе көмгүлө, берилбесе мусулмандардын көрүстөнүнө койгула! деп керээз айтты.
?★Акыры Умар да көз жумду. Шааниси кылынып, аруулап жуулду. Жаназасын окудук. Сөөктү көтөрүп Азирети Айшанын босогосуна барып: “Умар уруксат сурап жатат!» деп акыркы ирет уруксат суралды.
-Ичкериге киргизгиле! деп айтылаары менен бөлмөгө киргизип, эки кутмандын жанына койдук (Бухари, Асхабун-Наби 8, Жанаиз 96, Жихад 174, Тафсир, 59/5, Ахкам 43).
?★★Зайнап бинти Жахш эне колунан көөрү төгүлгөн ууз айым эле.
Алакан жоорутуп тапкан пайдасын Алла жолуна сарптачу. Азирети Пайгамбарыбыз жубайларына★?
“Араңардан колу эң узун инсан мага өтө тез жана эрте жолугат» деп насаатын табышмактатат.
Азирти Айша бул тууралуу мындай деген★?
“-Биз Пайгамбарды сагынып кусаланганда колубузду өлчөп теңештирчү элек. Аныгында, Кадырман Адамыбыз айткандай, арабыздан Зайнаптын колу узун экен. Анткени ал тапкан пайдасын кайрымга, садагага таратчу» (Муслим, Фадаилус-Сахаба, 101).
?★★Дин Исламдын алгачкы жылдарында бири-бири менен биртууган атанган мусулмандар Улуу көчтөн кийин да боордоштук келишимин бышыктап, бүтүндөй адамзаадага боордоштуктун баа жеткис үлгүсүн көрсөтүшкөн.
?★Меккелик мусулмандар Медина шаарына келген күнү эле жергиликтүү мусулмандар конокторду үйлөрүнө алып барып, колдон келген сый-урматты көрсөткүсү келет. Конокторду талашып айрымдардын ортосунда талаш чыгат. Акырында меймандарды чучукулакка алуу зарылчылыгы туулат. Мухаммад Пайгамбарыбыз(саллаллаху алейхи васаллам) Мединага келип беш ай өткөндөн кийин Мухажирлер (Меккеден көчүп келген мусулмандар) менен Ансарларды (Мединанын жергиликтүү мусулмандары) биртууган деп жар салат. Алла Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) аталган боордоштук келишимин Анас бин Маликтин үйүндө бекитет.
Ошентип, мухажир бүлөлөр ансарлардын үйлөрүндө туруп калышат. Боордоштук келишимин ак туткан сахабалар бирге иштеп, тапкан нанын тең бөлүшүп, бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып ынтымактуу жашай башташат. Ансарлар ашыкча жерлерин Пайгамбарыбызга багыштайт★?
Ал эми Алланын Элчиси өзүнө берилген жерлерди мухажирлерге бөлүштүрүп берет. Ансарлар муну менен гана чектелип калбастан марттыктын үлгүсүн көрсөтүп:
-О, Алланын Элчиси! Курма багыбыздан да мухажир бир туугандарыбызга бөлүп берсеңиз кандай болот? деп сунуш киргизишет.
Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам)★?
-Жок, андай болбойт! деп алардын бул сунушун кабыл албаган соң, ансарлар мухажирлерге башкача сунуш айтышат:
-Андай болсо курма бакты кароо, сугаруу иши силерге жүктөлсүн. Кийин түшүмүн бөлүшөлү.
Пайгамбарыбыз бул сунушту ылайык көрөт. Эки тарап бир ооздон:
-Уктук, моюн сундук! дешет (Бухари, Харис, 5).
?★★Мухаммад Мустафа (саллаллаху алейхи васаллам) Медина шаарына келген кезде мухажирлер:
-Оо, Алланын Элчиси! Мына бул коомчулук сымал жоомарт, жакшылык кылууну жанындай жакшы көргөн башка коомду көргөн жокпуз. Мал-мүлкү көп адамдар байлыгына жараша көп берип, ал эми кедейлери болсо колдон келишинче жардам көрсөтүп жатышат. Бардык муктаждыгыбызды камсыздап, бизге мал-мүлкүнүн тең жарымын бөлүп беришти. Ошондуктан бар сооп-сыйлыктарга эгедер болушат деген ой бизди тынчсыздандырат деген ойлорун билдиришет.
Алланын Элчисинин (саллаллаху алейхи васаллам) жообу мындай болот★?
-Жок, алар үчүн Алла Таалага алакан жая дуба кылгандыгыңар жана аларга көргөзгөн урмат-сыйыңар, иш-аракетиңер себептүү аларды мактап, алкаган сайын силер да (Жараткандын сооп-сыйлыктарына ээ болосуңар) (Тирмизи, Кыямат, 44/2487).
?★★Алла Элчиси Надир уруусунан алынган олжолорду мухажирлерге жана ансарлардан абалы начар, муктаж адамдарга бөлүштүрүп берет. Олжону таратпастан оболу ансарларга кайрылат:
-Эгер мурун мухажирлерге берген нерсеңерди калтырсаңар, силер да бул олжодон үлүшүңөрдү аласыңар. Эгер берген нерсеңерди кайра талап кылсаңар, бу олжонун баарын аларга таштайсыңар.
Анда ансарлар бир ооздон (Алла Таала аларга ыраазы болсун)★?
-Мал-мүлкүбүздү, берген үйлөрдү да кайтарып албайбыз, бу олжонун бардыгын аларга таштайбыз, талашпайбыз дешет.
Ардактуу ансарлардын мындай баа жеткис боордоштук мамилеси төмөнкү аяттын түшүшүнө себеп болгон:
“Алар (ансарлар) жер которгондор келгенге чейин орун даярдашып, ыйманын бекем кармап, көчүп келген мухажирлерди сүйүшөт. Аларга берилген нерселер үчүн жүрөктөрү кыпындай да кызганыч туйбайт. Өздөрү муктаж болуп турса да, өздөрүнө караганда өзгөлөрдү жогору койушат….» (Хашр, 9) (Рази, XXIX, 250; Куртуби, XVIII, 25).
Жогорудагы аятта айтылган сыңары жаамы момундардын жандүйнөсү Мединалык Ансарлар сыяктуу берген сайын бейпил таап, кемип калат деп кайгы-муңга чөмүлбөшү абзел.
?★★Орозо маалы. Азирети Айшанын (Алла ага ыраазы болсун) каалгасына бир кембагал келип өзөк жалгаганга бир нерсе сурайт. Башканыкы турганда өз кызыкчылыгын эгерим колдобогон кутман эне үйдө болгон бир тоголок нанды берип коюну кызматчысынан өтүнөт.
Кызматчысы акырын үн катат:
-Кечки ооз ачышыңызга андан башка эч нерсе жок.
-Ошону болсо да колуна кармат, куру кетпесин! деп көшөрөт жарыктык★?
Окуянын андан аркысын кызмтчысы минтип эскерет★?
?★Азирети Айшанын буйругун кыя албай дасторкондогу бир сындырым нанды муктажга бере салдым. Күн батып, ооз ачаар маалы болгондо эшик кагылды. Чыксам бир мусулман бышырылган кой этин алып келиптир. Буга күбө болгон Азирети Айша мындай деди★?
“-Кел, эттен жейли. Бул сенин наныңдан дагы да даамдуу!» (Муватта, Садака, 5).
“…Садагаларды Алла алат..» деп айтылат (Тооба, 104) Куранда. Жараткан Алла кайрымды сүйгөн пендесин жүрөгүнүн табына жараша сыйга бөлөйт★?
?★★Азирети Хузайфа айткан төмөнкү окуя сахабалардын бири-бирине камкордугун чагылдыруу иретинде кандай гана ибараттуу:
“Ярмук согушунда элек. Кармашуу бүткөн. Октон, найзадан жаракат алган мусулмандар ысык кум үстүндө жаткан калыбында жан бере башташты. Мен болсо араңдан өзүмө келип, агамдын уулун издей баштадым. Өмүрүнүн акыркы ирмемин жашап жаткан жарадарлардын арасын кыдырып, акыр аягында издегенимди таптым. Бирок айла канча! Каны суудай аккан агамдын уулу көз ишараты менен эптеп сүйлөгөнгө жарады. Анын таңдайы катып турганы белгилүү эле. Ысыктан эрди кеберсип, тили оозуна батпай, көздөрү жалдырап турду. Мен идиштин оозун ачып, сууну узатып жаткан маалда нары жактан Икриманын үнү угулду:
“Суу! Суу! Бир тамчы болсо да суу!»
Агамдын уулу Харис бул алсыз үндү угаары менен суу ичүүдөн баш тартып, көзү-кашын кыймылдатып, сууну Икримага алып барып бер дегендей ишарат кылды.
Кызыган кум үстүндө шейиттерди аралай чуркап Икримага жеттим. Жетерим менен идишти ага узаттым. Икрима көөкөргө колун эми узатканда, Ияштын суу сураган алсыз үнү угулуп калды: “Суранам, бир тамчы бергилечи… Алла үчүн бир тамчы суу!»
Бул онтогон үндү уккан Икрима колун кайра тартып, сууну Ияшка алып бар деп ишаарат кылды. Икрима да Харис сыяктуу суу ичпей калды.
Мен көөкөрдү кармаган бойдон шейиттерди аралай Ияшка жетип барып, анын акыркы сөзүн угуп калганга үлгүрдүм. Ал өтө кыйналып жатса да, бул сөздөрдү айтып калды:
“Оо, Жараткан! Ыйман жолунда жаныбызды курман кылуудан эч аянбадык! Эми бизди шейиттик даражадан кур калтырба! Каталарыбызды кечир!★★?»
Калетсиз, Ияш шейиттиктин шербетин ичип жаткан. Менин алып келген суумду көрдү, бирок ичкенге үлгүргөн жок… Айта баштаган шахадат келмесин эптеп бүтүрдү★?
Мен дароо артыма кайрылып чуркаган бойдон Икриманын жанына келдим. Идишти ага узатыбатып, көргөн көзүмө ишене албай кеттим. Икрима шейит кетиптир!
Жок дегенде агамдын уулу Хариске жетишип калайын деген ойдо чуркаган бойдон анын жанына келдим. Атаганат! Ал да оттой ысык кум үстүндө кыйналып жатып, жан таслим болуптур. Аттиң! Суу толтурулган көөкөрүм үч шейиттин арасында ичилбей калды».
Хузайфа (Алла ага ыраазы болсун) башынан өткөргөн ошол окуя учурундагы рухий абалын төмөнкүчө билдирген★?
“Өмүрүмдө көптөгөн окуяларга күбө болдум, бирок алардын эч бири мени мынчалык таасирленткен да, толкундаткан да эмес. Булар бири-бирине тууган болбосо да, бири бирине болгон ашкере күйүмдүүлүгүн, камкордугун жана боорукерлигин суктануу менен карап, таң калган бул окуя ыймандын улуулугунун туучоку катары эсимден чыкпай, жүрөгүмө орноду★★?».
?★★Гулам Халил сопулукка, бардык сопуларга карманча каршы чыгып, кастыгын артып турган кез. Абул Хусайн ан-Нури баш болгон жоон топ сопуну кармап падыша сарайына жиберет. Ал кездин бийлигин бийлеп турган Аббаси халифасынын чечими менен кармалган бардык сопулар өлүм жазасына буйрулат. Белгиленген саат келет. Алп денелүү, төөдөй олбурлуу башкесер бир сопуну мойнунан толгой кармап дегдеңдетип жетелеп келет да, колу-бутун байлап, башын канга бойолгон дөңөчкө койгон маалда эч нерседен бейкапар немедей Абул Хусайн ан-Нури алдыга обдулуп чыгат. Анын бул жоругуна жардап тургандардын баары аң-таң. Кансырап көзү чанагынан чыгып кетчүдөй болуп турган башкесер:
-Эй жанкечти! Сен алдыга атырылып жатканың менен бул кылыч анчалык деле арзуу кыла турган буюм эмес. Кезек сага жете электе ыктыярдуу чыга келишиңе жол болсун?! деп кекетет.
Камаарыбаган олуя буларды айтат:
-Менин жолум берешендиктин жолу. Өмүр баарынан аяр, баарынан кымбат нерсе. Өмүрдүн акыркы мөөнөттөрүн биртуугандарымдын аз да болсо жашап калышына арнагым келди. Дүйнөдөгү бир дем ала турганчалык убакыт биз үчүн акыреттеги миң жылдан да баалуу★?
Анткени бул жер кызмат үчүн жаралган. А тиги жак, накта жайчылык, Аллага жакындоочу жай★?
Жайчылыкка кызмат менен жетүүгө болот. Ошого карабай аз да болсо саналуу демимди досторума арнадым★?!
?★★2005-жылдын 8-октябры күнү Пакистанда катуу жер титиреген.
Бул апаат жетимиш миңден ашуун адамдын өмүрүн алып кетет. Карайлаган калың эл ачарчылыктын, жокчулуктун, муң-зардын кучагында калат. Түркиялык бир жаш өспүрүм кат аркылуу мал-мүлкүнүн жарымын мусулман боордошторуна кайрым кылып, берешендиктин ийги мисалын көрсөтөт★?
“Мен кембагал бүлөнүн уулумун. Атам жок, энем оорулуу. Нанга деген эки лиранын бир лирасын силерге жибердим. Анткени мен бүгүн таштандыдан нан таап алдым. Кечинде ошо нан менен ооз ачабыз. Бул бир лирага жер титирөөдөн жабыр тарткан балдарга нан алып беришиңиздерди өтүнөм. Бул акча адал… Баарын жибере албагандыгым үчүн кечирим сурайм★?»
Жоомарттыктын булактай таза, күзгүдөй тунук үлгүсү… Бактылуулук кылымынан бир элес★?…
?★★“Күн сайын эки периште минтип үн салат:
“Эй адамдар, Кудай Тааланын ырайымына келгиле. Аз болгону менен жетиштүү ырыскы, көптүгү менен көптүргөн мүлктөн дагы да кайырлуу».
Бул чакырыкты адам жана жин ааламынын сыртындагы жаамы макулук угат.
Күн сайын күн баткан соң эки периште инсан жана жин ааламынын сыртындагы жержүзүндө жашагандар уга ала тургандай түрдө:
“Оо, Жараткан! Кайрым кылган пендеге мурасчы бер, кайырымы жокко кууралды бер!» деп тилешет» (Ахмад, V, 197).
?★Бул хадистерде айтылгандай берешендин байлыгы кемибейт.
Андай болсо, жандүйнөнү жоомарттык жана берешендик сезимдер менен толтуруп, Жараткан ыроологон нематтарды жана өмүр-жашоону акырет пайдасы үчүн сарптоо чыныгы изгилик. Бул өңүттөн караганда мүлктүн жакшысы- ээсинен мурда акыретке кеткени, жандын кайырлуусу-Алла ыраазылыгын көздөп жашалганы★?