Жоомарт жана кичипейил бол

https://kyrgyzcha.site/?p=56334&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

БИСМИЛЛАХИР РАХМААНИР РАХИИМ.

 

 

*Жоомарт жана кичипейил бол.*

 

Пайгамбарыбызын (С.А.В) бул темага байланыштуу

хадистеринэскерип, өзүбүздү шарият таразасында байкап

көрөлү.

 

? Саубан риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз:

(С.А.В)

 

– *«Ким мага адамдардан эч нерсе сурабаймын деп кепилдик берсе, ага бейиш кепилдик кылынат»* – деди. Мен

айттым: *« Оо. Аллахтын элчиси! Мен эч кимден суранбаймын»* – дедим жана өмүр бою элдерден эч нерсе сураган жокмун.

 

 

?Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз:

(С.А.В)

 

*«Байлык малдын көптүгүндө эмес, канаат кылууда»*

деген. (Бухарий, Муслим).

 

?Хаким ибни Хазам риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз: (С.А.В)

 

*“Берүүчү кол суроочу колдон жакшыраак.* Садаканын

жакшысы өзү муктаж болуп турганда берилгени жана карамагындагы адамдардан башталганы. Ким Аллахтан арамдан

тыйылууну талап кылса аны арамдан тыйылуучу кылат.Ким

каниеттүү болсо, Аллах аны муктажсыз кылат”.

(Бухарий,Муслим).

 

?Пайгамбар (С.А.В) бейиш ээлерин санап, алар таза, карапайым жана жоомарт адамдар экендигин айтты.

 

?Ибну Масьуд риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз:

(С.А.В)

 

*“Кимге Аллах жакырчылыкты жиберсе жана ал элдерге арызданса, ал жакырчылыкты эч ким тосо албайт. Ал эми

Аллах Таалага кайрылса ага тезинен ырыскы берилет”* – деп

айткан.

(Абу Дауд).

 

?Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз

(С.А.В) айткан:

 

– *“Кимде-ким муктаж болбостон эле адамдардан суранса, ал тозок отун чогултуптур”.* (Абу Дауд).

 

?Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз:

(С.А.В)

 

*“Ким адамдардан суранууну көбөйтсө, ал тозоктун чогун сурайт. Кааласа көп, кааласа аз сурасын”* – деп айткан.

(Муслим).

 

 

?Сахихул Бухарийде: Хайбар согушунан кайткан кезде

ансарлар Мадинага барып, майда жандык жана мөмөлөрүн

мухажирлерге беришкендиги тууралуу жазылган.

Абдулла Ибну Масьуд өлүм алдында уулун чакырып

мындай деди:

 

*“Оо,Абдурахмаан! Мен сага беш даанышман эрежени

осуят кылам, аны эсиңе тутуп ал:*

 

• Эгер алар абдан бай болсо да, адамдарга кедейликти

түшүндүр.

 

 

• Эгер абдан кедей болсоң да, муктаждардын талабын

орундат.

 

 

• Тыюу салынган иштерден баш тарт. Ага амал кылба.

 

• Бүгүнкү күнүң кечеги күнүңдөн жакшыраак болуусу

үчүн колуңдан келишинче аракет кыл.

 

• Эгер намаз окусаң акыркы жолу окуп жаткандай берилип оку.

 

?Аллах Таала айтат: *“Мал мүлктөрүн күнү түнү жашыруун да, ачык да сарптагандардын сооптору (алардын) өздөрүнүн Раббисинин алдында. Аларга (эч кандай) коркунуч жок, алар кайгырышпайт”.* (Бакара: 274)

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️