ЖЕТИМДЕРДИН ШАПААТЫ

https://kyrgyzcha.site/?p=58090&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

ЖЕТИМДЕРДИН ШАПААТЫ , АТА-ЭНЕНИН БАЛДАРЫНА ШАПААТЫ БАРБЫ?

 

*Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.*

 

*Динибизде жетимдерге каралашып, аларды коргоого алууга өзгөчө маани берилет. Атасы же энеси жокту жетим, экөөсү тең жок болсо томолой жетим делет да , жалпы жонунан жетим деп айтылат. Курани Карим жетимдерге жакшы мамиледе болуубузду буйруган*.

 

*Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи ва саллам): _»Мени менен жетимге каралашкан киши экөөбүз бейиште мындайбыз»_ деп сөөмөйү менен ортонун жанаштырып ортолорун ачып жаап белги бериптир. _»Кимде-ким мусулмандардын арасынан жетим багып , азыгына, суусундугуна чейин камсыздаса, кечирилгис күнөө (ширк) жасабаган болсо эле Аллах аны сөзсүз бейишке киргизет»._*

 

*Жетимди багуу–бул аны менен алектенүү жана анын жашоосуна жардам берүү. Ал жашап жаткан убагындагы, кыла турган жана кылган жакшылыктарынын сооптору биздин дептерлерибизге да так ошондой жазылат. Ал жетим тозокто биз үчүн парда болот. Алланын Элчиси көрсөтүп кеткендей, бейишке кирүүсүнө себепчи, шапаатчы болот.*

 

*Ата-эненин баласына шапааты: Ата-эне, бул –кишинин эң урматтуу жана ыйык нерсеси. Аларга урматсыздык кылуу Жаратканга урматсыздык кылуу менен барабар. Аларды карабай, каралашпай койгондор сөзсүз өздөрү да ошондой жашоону баштарынан өткөрмөйүн жаны чыкпайт. Бир топ аяттар аларга жакшы мамиле кылуубузду буюрат.*

 

*Пайгамбарыбыз бир күнү: _»Куруп кетсин, куруп кетсин, куруп кетсин!–деп үч жолу кайталады. » Оо, Алланын Элчиси куруп кеткир ал ким?» дегенде , «Ата-энесинин экөө тең, же бирөөсү улгайып калган кезинде (аларды багып) бейишке кире албай калгандар»_–деп жооп берди.*

 

*Бул жакта айтылган нерсе, ата-энеге урмат-сый көрсөтүү канчалык деңгээлде зарыл экенин, жашоолорунун акыркы күндөрүндө аларды кор кылуунун да канчалык даражада күнөө экенин көрсөтүп турат.*

 

*Пайгамбарыбыз: _»Алланын ыраазылыгы–атанын ыраазылыгы аркылуу болот. Алланын нааразы болуусу да атанын нааразы болуусуна байланыштуу»_–деген ойду айткан.*

 

*Ата баласынан ыраазы болсо, Аллах Таала да ал балага ыраазы болот. Ушул негизде ата баласын Аллах Тааланын каалоосу менен куткара алат.*

 

*Жахима аттуу сахаба пайгамбарыбызга келип: » _Оо Алланын Элчиси, мен казатка катышкым келет. Бул маселеде сиз менен кеңешейин деп келдим эле_», –дейт. Пайгамбарыбыз андан: _»Апаң барбы? –деп сурайт. «Ооба» деген жообун уккан соң, «Андай болсо анын жанынан чыкпа. Себеби, бейиш анын таман астында»_–деген. Энеге кызмат кылуу, көңүлүн алуу Аллах Тааланын каалоосу менен бизди бейишке алып барат жана жихад кылганчалык сообун берет. _»Ата бейиштин ортоңку эшиги. Кааласаң бул эшикти сактап кал, кааласаң ташта_» деген сөздүн төркүнүнөн ата-энеге баш ийүү, кызмат кылууда чоң олжо жактанын аңдасак болот. Атанын балдарына берген батасы, дубасы башкалардыкына караганда көбүрөөк кабыл болоорун да унутта калтырбайлы. Ата- эненин батасы, уруксаты жок үйлөнгөн жаштардын үй-бүлөсүнүн куту жок болушунун себеби да ошол. Эми бул жерде ата-эненин баркы үчүн «сени төрөгөн», «баккан» деген нерселерди айтуунун кереги жок. Ансыз да ал нерселер ар бирибиздин жүрөгүбүздүн түпкүрүндө, ыймандын берирээк жеринде жайгашкан ой болсо керек*.

 

Ата-эненин батасын алуу чындыгында өтө маанилүү маселе. Ата-эненин каргышы жазбай тиеринде баарыбыз күбө болуп жүрөбүз. Аят жана хадистерден ата-энелерибизге кылган кызматтарыбыз, сый-урматыбыз шек-күмөнсүз өзүбүзгө кайтып келет. Ата-эненин себеби, ортомчулугу, шапааты менен Кудай буюрса бейишке кирүүдөн үмүт үзбөйлү.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️