❇ ЖЕР ЖҮЗҮНДӨ ЭҢ АЛГАЧКЫ ШИРК КАНТИП ПАЙДА БОЛГОН?
Жарык дүйнө жаралган кезден тарта, тээ бейпил бейиш төрүнөн кубаланган Адам ата менен Обо энеден бери жер бетинде жалгыз Жаратканга арналган кулчулук кылуу башка кудайга купуя да ашкере да кылынбай күндөн күн, кылымдан кылым өтүп жатты.
Арада Адам атанын бала-бакырасынан башталган коомдорго Аллахтын улуулугун жана аруулугун баяндап пайгамбарлар келип жатышты. Бул сыноо дүйнө Адам атанын гана балдары жашаган жашоо эмес, башында алар менен кошо жерге кубаланган шайтандын да тээ Кыяматка чейинки азгыруусун да айтып шайтандан эскертип келишти.
Жаратканга гана кулчулук кылууну жаралгандын бардыгы билген, бирин-бири түшүнө алган, жарык дүйнөнүн жападан жалгыз максаты ушул жана Жаратканга жан берип сыйынуу менен Ага арналган жүрөк абалдары, ал биринчи үйү болгон бейишти эңсеткен, ага жеткирген жолдун өзүн карманган коомдор өтүштү.
Сыйынуунун туу чокусуна жетишкен элге үлгү болуп аларга келип кеткен пайгамбарларды элестеткен Вадд, Суваъ, Ягус, Яъук жана Наср аттуу беш киши өмүрлөрүндө Аллахка ибадат кылышып берилип ушул гана жол аларды түбөлүк бүткүс азаптан арылтарын билип ошол жолун карманып, алар да өтүштү.
Элдер аларды сагынып көрүп көзүбүздү кубандырып, жашап өткөн убагында Аллахка арнаган ибадаттарын эстеп туралы деп аларга окшоштура айкелдерди жасап алышты. Алардан алдын өткөн коом жасабаган жаңылык кылышып жакшы максаттары болсо да, бирок чоң караңгылыкка жол ачышты.
Ошондо беш ибадатчыл кишинин атына беш айкел тургузушуп, айкелдердин жанына топтолуп келишип алардын кылган ибадаттарын өз ара сөз кылышып алар да Аллахка ибадат кылууга шыктанып кетишет эле. Беш айкелди тегеректене отуруп алып беш солих кишилерди эстөө алардын адатына айланган коом да кылымдан кылым өтүп алардын да күнү бүтүп жашап өтүштү.
Кийинки муун келип ата-теги кылган адат да унутулуп көз алдыларында беш айкелдин турганын көрүшүп, бирок анын эмне максатта турганын түшүнүшпөгөн кез келгенде, тээ адамзаттын атасы Адам пайгамбар менен душмандаша жерге түшүрүлгөн шайтан мүмкүнчүлүгүн карманып аларга адам кейпинде келет. Айкелдердин айланасына адамдарды топтоп: *“Билесиңерби? Бул айкелдерге силердин ата-бабаңар сыйынып жүрүшкөн. Эгерде кыйынчылыкка учурашса, анда келип жардам сурап айланасына үйүлүшкөн. Бул айкелдерди урматтап, улуулап, аруулап кудай тутушкан”* – деп чыныгы илимди унуткан коомду ишендирген сөзүн айтат.
Мына ошондо башында айкел жасап айланчыктап отурган кезден тарта башталган караңгылык чоңоюп отуруп жетер жерине жетип жалгыз Жаратканга жалбаруу, Ага гана кулчулук кылуу жарыгы бара-бара өчүп жер бетинде эң алгачкы ширк кылуу башталат. Ата-бабалары кылган иш мына ушул экен дешип ыйык көрүшүп чыныгы максаттан тайган коом айкелдерге сыйына башташат.
Аларга жер бетине эң алгач жиберилген Аллахтын элчиси Нух пайгамбар келип, аларга миң жылга жакын жалгыз Аллахка кулчулук кылууга чакырат. Нух пайгамбар өмүрүндө даават кылып кайраттанып өз коому чындыкка кайрадан кайтып келсин деп күнү-түнү жалгыз Аллахка чакырган, бирок шайтандын калтырган сөзүн туу туткан коому көргөн жеринен качышкан же кийими менен анын чакырыгынан кулагын жаап-жашырган кыйын күндөр өтөт. Алар: *“Силер кудайчаларыңарды таштабагыла. Вадды, Суваъды, Ягусту, Яъукту жана Насрды да таштабагыла”* – деп Нух пайгамбардын сөзүн четке кагып келишет.
Акырында Аллах ширкке жүрөктөрү менен берилген коомго баштан аяк азап жиберип жок кылып, Өзүнө ыйман келтирген аз сандагы адамдарды гана сактап жер бетине кайрадан жалгыз Аллахка кулчулук кылган адамдарды калтырат.
Бул окуядан алынган негизги сабак – адам канчалык адамгерчиликтүү болуп такыбалыктын жогорку даражасына жетсе да, аны Аллах койгон даражадан көтөрүп да түшүрүп да жибербеш керек. Кандай гана пайгамбар же олуя болсун, аларды улуулап көптөгөн адамдар адашып кетишти. Кандай гана жаратылган маклук болсун, анын эч кандай кайыпты билип жардам сураганга жардам берген касиеттик сыпаты жок. Жардам сурап дуба кылып колдоо тилөөгө Аллах гана татыктуу.