Жашоодогу максатыбызды билели.
Алла Таала бүткүл ааламды эч бир максатсыз жөндөн-жөн эле жараткан жок.
Ал бул ааламды Өзүнүн даанышмандыгы менен белгилүү бир максатта гана жараткан.
Бул туурасында Алла Таала Ыйык Куранда мындай деп айтты:
«Биз силерди жөн эле жаратып, силер Бизге «кайра кайтпайбыз» деп ойлодуңарбы?!». Муъминун сүрөөсү (23:115)
Алла Таала бул аятта адамзаттын бул дүйнөдөгү эң негизги жаралуу максатын баяндады.
Адамдар бул жашоодо бир гана жеп-ичип жана дүйнө жыргалчылыктарын пайдалануу үчүн гана жаратылган жок.
Адамзаттын жаралуусунун эң негизги максаты – Алланын буйруктарын аткарып, Ал тыйган иштерден алыстап жана Ага шерик кошпостон жалгыз Ага гана сыйынуу.
Ошондой эле бул аятта Алла Таала Кыямат Күнү ар бир адамды кылган ишине жараша ал үчүн сыйлык, же жаза болоорун айтты.
Ал эми Курандын башка бир аятында Алла Таала адамзат менен жиндерди жаратуудагы максатын баяндап мындай деп айткан:
«Жин менен адамзатты бир Өзүмө ибадат кылуулары үчүн гана жараттым». Зарият сүрөөсү (51:56)
Бул аятта ачык-айкын көрүнүп тургандай, адамзат менен жиндер Алла Таалага ибадат кылуу үчүн гана жаратылган.
Алардын жашоодогу эң негизги максаты – жалгыз Алла Таала Өзү буйругандай жана Анын пайгамбары көрсөткөндөй ибадат кылуу. Кимде-ким өмүрүн Аллага гана ибадат кылып өткөргөн болсо, анда ал бул жашоого жаралуу максатын толук аткарган болот.
Ал эми ким өмүрүн ибадатсыз өткөрсө, анда ал жашоосундагы эң негизги милдетин аткарбаган болот.
Мына ушул максатты аткаруу менен гана адам баласы эки дүйнө бактылуулугуна толук жетишет.
Алла Таала муну баяндап мындай деп айтты:
«Кимде-ким Менин туура жолумду ээрчисе, алар үчүн коркунуч жок жана алар кайгырышпайт». Бакара сүрөөсү (2:38)