Бир зат бир падышага мындай деп айтат:
-Сага жакшылык кылганга андан көбүрөөк жакшылык кыл, жамандык кылганга эч нерсе кылба, анын жамандыгы өзүнө жетет.
Муну көргөн бирөө ал затка көралбастык кылып падышага айтат:
-Бул зат мага келип, сенин оозуң жаман жыттангандыгын айтты.
-Чын айтып жатасыңбы?
-Албетте, чын айтып жатам, жаныңа келгенде оозу-мурдун жаап алса сөзүм туура чыгат.
-Анда муну бир сынап көрөлү.
Бир күнү баягы затты тамакка чакырып тамагына сарымсак кошот.
Анан мындай деп айтат:
-Падышанын тынчын кетирбөө үчүн ага жакын барба!
Ал зат падышанын алдына барып күтүп турганда падыша сынап көрүү үчүн ал затка айтат:
-Мага жакын кел!
Ал зат болсо оозу-мурдун жаап алып падышага жакын барат. Падыша ичинен «баягы киши туура айткан турбайбы» деп, кат жазып, бул заттын колуна карматып айтат:
-Бул катты баланча аскер башчыга алып бар!
Ал зат катты алып сыртка чыкканда өзүнө тамак берген адамга жолугуп калат. Ал адам сурайт:
-Колуңдагы эмне?
Падышанын өз колу менен жазган буйруктары көбүнчө бир сыйлыктын берилүүсү үчүн жазылган буйруктар болгондуктан мындай деп айтат:
-Падыша бираз сыйлык жазып берди, аны алууга баратамын.
-Өтүнөм, аны мага берчи!
-Макул, мына алыңыз!
Ал киши кагазды алып, аскер башчыга барат. Жазылган нерсе ал ойлогондон башкача болуп чыгат.
Падыша кагазда:
«Бул кагазды алып келген адамды жазала!” — деп жазган экен.
Муну уккан ал киши:
«Мунун ээси мен эмесмин, кааласаң мунун чыныгы ээсин алып келейин” дегени менен пайда чыкпайт. Буйрук дароо орундалат. Эртеси күнү ошол зат падышанын алдына дагы барганда падыша айтат:
-Сага кечээ берген катым эмне болду?
Ал зат болуп өткөн окуяны айтып берет. Падыша сурайт:
-Менин оозумду жаман жыттанат деп айтып жүргөн экенсиң, чынбы?
-Жок, андай дегеним жок.
-Андай болсо эмне себептен мага жакын келгенде мурдуңду жаап алдың?
-Ал адам мага сарымсак кошулган тамак жегизген болчу. Жыты сизди жийиркентпесин деп оозумду жаап алдым эле. Ошондуктан, мурдум дагы жабылган болду.
Падыша окуяны түшүнүп мындай дейт:
-Жамандык кылган жамандыгынын жазасын алды.