Жалкоолук зынданына түшүүбүздүн себеби эмне?
Жооп:
Жашоо – кыймыл жана аракет. Каалоо болсо анын кыймылдаткычы. Мына ошентип, кайратыңыз каалоону минип алып жашоо аянтына эрөөлгө чыккан кезде, эң биринчи айбаттуу душманы болгон үмүтсүздүк менен беттешет. Сиздин руханий кубатыңызды жок кылат.
Ал душманга каршы لاَ تَقْنَطُوا «…үмүтүңөрдү үзбөгүлө!» (Куран 39:53) кылычын колдонуңуз.
Андан кийин эч түйшүксүз болгон акыйкат кызматынын ордун зомбулук менен басып алган, башкалардан жогору болуу сезими чабуул коёо баштайт. Аракетиңиздин башына сокку уруп атынан кулатат.
Сиз да كُونُوا لِلّٰهِ «Аллах үчүн бирге болгула!» акыйкатын ага жөнөтүңүз.
Андан соң, ар түрдүү себептерде коюлган тартиптерди секирип ашып өтүү менен башаламандыкка салган шашкалаңдык чыгат, аракетиңиздин аягын тайгылтат. Сиз وَاصْبِرُوا وَ صَابِرُوا وَ رَابِطُوا «…Ибаадатта, балээлерге жана күнөөлөрдөн качууда сабырдуу болгула, сабыр кылууда душмандарыңардан өйдө болгула жана ар дайым алар менен күрөшүүгө даяр болгула…» (Куран 3:200) аятына калкалаңыз. Андан кийин, жаратылышынан жакшы мүнөздүү болгондуктан, бүткүл адамзаттын укуктарын сактоо жана өз акысын алардын ичинен издөө менен милдеттүү болгон инсандын амалдарын чачыртакан жекече пикири менен сүрөттөөсү бетме-бет чыгат.
Сиз да خَيْرُ النَّاسِ اَنْفَعُهُمْ لِلنَّاسِ «Адамдардын жакшысы – адамдарга пайдалуураагы» деген айкөл баатырды жөнөтүңүз.
Андан соң, башкалардын жалкоолугунан адат пайда болуп, чабуул коюп белин сындырат.
Сиз да عَلَى اللّٰهِ لاَ غَيْرِهِ فَلْيَتَوَكَّلِ الْمُتَوَكِّلُونَ «…Тобокел кылуучулар башкаларга эмес, жалгыз Аллахка гана тобокел кылышсын!» (Куран 14:12) деген чептин ичине коргонуңуз.
Андан кийин, алсыздык менен напсинин өзүнө ишенбестигинен пайда болгон бирөөгө төңкөрө коюу жана ишти бири-бирине түрткүлөө деген мыкаачы душман чыгат. Аракетиңиздин колунан кармап отургузуп коёт. Сиз да ал душманыңыздын колу аракетиңиздин этегине жетпесин деп لاَ يَضُرُّكُمْ مَنْ ضَلَّ اِذَا اهْتَدَيْتُمْ «…Силер Туура Жолдо жүрсөңөр, адашкандар силерге зыян келтире алышпайт…» (Куран 5:105) деген улуу акыйкаттын үстүнө чыгасыңыз.
Андан соң, Аллахтын милдетине кийлигишүү деген динсиз душман келет, аракетиңиздин жүзүнө муштум уруп, көзүн көр кылат. Сиз да анын чегин билдирүү үчүн اِسْتَقِمْ كَمَا اُمِرْتَ «…Буйрулганың сыяктуу туура жолдо бол…» (Куран 42:15) وَلاَ تَتَاَمَّرْ عَلَى سَيِّدِكَ «Кожоюнуңа кожоюн болбо!» деген, иштин көзүн билген жана милдетин так аткарган акыйкатты жөнөтүңүз.
Андан кийин бардык түйшүктөрдүн энеси жана бардык кордуктардын уясы болгон ырахаттануу каалоосу бетме-бет келет.
Аракетти колго түшүрүп жалкоолук зынданына таштайт. Сиз да لَيْسَ ِلْلاِنْسَانِ اِلاَّ مَا سَعَى «Инсан, кылган эмгегинин гана үзүрүн көрөт» (Куран 53:39) деген айкөл баатырды ошол алдамчы баш кесерге жөнөтүңүз. Ооба, сиз үчүн машакат чегүүдө чоң бир ырахат бар.
Анткени, табияты кайнап турган инсандын ырахаты – жалгыз гана эмгектенүү менен күрөшүүдө.
اِنَّ لَكُمْ فِى الْمَشَقَّةِ الرَّاحَةَ اِنَّ اْلاِنْسَانَ الْمُتَهَيِّجَةَ فِطْرَتُهُ رَاحَتُهُ فِى السَّعْىِ وَ الْجِدَالِ
بِسْمِ اللّٰهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
اِنَّ النَّفْسَ َلاَمَّارَةٌ بِالسُّوءِ
Мааниси:
(Эскертүү) «Напси ар дайым жаман нерселерге түртөт» аяты менен:
«Сенин эң зыяндуу душманың – напсиң» – деген маанидеги اَعْدَى عَدُوِّكَ نَفْسُكَ الَّتِى بَيْنَ جَنْبَيْكَ хадисинин пайдалуу бир маселеси.
Напсисин тарбиялабоо шарты менен, өз напсисин жакшы көргөн адам башкаларды сүйбөйт.
Эгер сырттан сүйсө да чын жүрөктөн сүйө албайт, балким анда бар болгон пайда менен ырахатын сүйөт. Ар дайым өзүн жакшы көрдүрүү менен сүйдүрүүгө аракет кылат жана кемчиликтерди өзүнө албайт. Тескерисинче, адвокат сыяктуу өзүн коргоп, актап турат. Апыртуу менен, балким ар кандай жалган нерселер менен өз напсисин мактап, кудум Кудай сыяктуу ыйыктагандыктан مَنِ اتَّخَذَ اِلهَهُ هَوَيهُ аятынын шапалагын жейт.
Өзүн мактоо менен сүйдүрүүсү болсо тескери натыйжа берип адамдардын жийиркеничин туудурат жана муздак мамиле кылдыртат. Анын үстүнө акыреттик амалдарда да ыкласты жоготуп алат. Натыйжасын көрүп, ойлонбогон жана азыркы ырахаттарды гана эңсеген сезимдер менен напсисине жеңилип, жолдон адашкан сезимдин фатвасы менен бир сааттык ырахат үчүн бир жыл түрмөдө жатат.
Бир мүнөттүк текеберчилик менен өч алуунун айынан он жыл жаза чегет.
Кудум эле үйрөнүп жаткан Курандагы «Амма жүзүн» бир момпосуйга сатып жиберген сугалак бала сыяктуу, алмаз сыяктуу баалуу болгон соопторун, напсисине кошомат кылуу жана аны ыраазы кылуу жана кумарын кандыруу үчүн маанисиз шише сыныктары сыяктуу болгон ырахаттарга жана менменсинүүгө себепчи кылып, пайдалуу иштерде зыянга учурайт.
اَللّٰهُمَّ احْفَظْنَا مِنْ شَرِّ النَّفْسِ وَالشَّيْطَانِ وَمِنْ شَرِّ الْجِنِّ وَاْلاِنْسَانِ
(Эскертүү): Бул кошумча баарына пайдасы бар?