Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Ысымдардын маанилери

https://kyrgyzcha.site/?p=21798&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

 ЫСЫМДАРДЫН МААНИЛЕРИ

 

Жаңыдан балалуу болуп, ысым тандап жаткандарга керектүү маалымат))

«Адам баласы ысымына жараша тагдыр күтөт» деп айтылат. Ошондуктан, ысымга өзгөчө маани берели…

 

Айымдардын аттары…

 

Адия – араб. “белек, сыйлык”

Ажар – “сулуу, сүйкүмдүү”

Аида – араб. “сыйлык, пайдалуу”

Айбике – “ай сымал сулуу”

Айдана – иран. “пакиза, таза”

Айжамал – “ай сымал сулуу”

Алина – байыркы немис. “кең пейил,

боорукер”

Алиса – байыркы немис. “наристе”

Айзада – “ай сымал”

Айзия – “айдын жаркыроосу”

Айнагүл – иран. “таза, ак ниеттүү,

берилген”

Айнур, Айнура – “айдын нурундай”

Айша – араб. пайгамбарыбыздын

аялынын аты “жандуу, жашоону сүйгөн”

Алия – араб. “кадырлуу, урматтуу”

Альфия – араб. “көп жашоочу”

Асел – араб. “бал”

Асем – “сонун, кооз”

Амина – араб. “ишенимдүү, бекем”

Амира – араб. “ханыша”

Аниса – араб. “достукту сүйгөн, жароокер”

Адиля – араб. “адилеттүү, чынчыл”

Азиза – араб. “күчтүү, улуу урматтуу”

Айжан – “ай сымал сулуу”

Асия – араб. “бей-бечарага жардам берген

жана аларды айыктырган”

Адина – фарс. “жума же майрам”.

Бибигүл – иран. “гүлдөрдүн ханышасы,

гүлдүү ханыша”

Бибинур – иран. “жаркыраган ханыша”

Ботокөз – “ботонун (төөнүн баласы)

көзүндөй”

Бузайна – араб. “келбети келишимдүү”

Фаиза – араб. “жеңиш алып келүүчү”

Венера – байыркы мифтердеги

сулуулуктун, сүйүүнүн, жаздын кудайы.

“сулуулук, кооздук”

Гүлназ – фарс. “кооз, назик гүл”

Гүлбахрам – араб. “жаздын гүлү”

Гүлжахан – иран. “дүйнөнүн гүлү”

Гүлниса – араб-иран. “бардык

айымдардан сулуу”

Гүлшара – иран. “сулуу, татынакай жүз”

Гүлзара – иран. “алтындай кооз”

Гүлнара – фарс. “анар гүлү”

Гүланда – иран. “гүлгө окшош”

Камила – араб. “эң сонун, эң алдыңкы”.

Карима – араб. “берешен, кең пейил”

Лейла – араб. “түн”

Латифа – араб. “назик, жумшак”

Лина – араб. “назик”

Наиля – араб. “максатына жете алган”

Нафиса – араб. “кымбат баалуу”

Назия – араб. “оптимист, үмүттүү”

Назира – араб. “кыраакы, сезгич, алтын”.

Дана – иран. “акылдуу, билимдүү”

Дарига – “ой, кандай сонун!”

Дурия – иран. “кооз жибек кездеме”

Жылдыз – түрк тилдери. “асмандагы

жаркыраган жылдыз”

Жазира – “кенен, талаадай кеңири”

Жамила – араб. “сулуу, ак көңүл”

Жанна – байыркы еврей. “кудайдан

берилген сүйкүмдүүлүк”

Жайна – “жаркыраган, кооздолгон”

Жанар – “жакын, боордош, көздүн

нурундай”

Жания – иран. “сүйкүмдүү жан”

Диля – татар. “сулуу”

Динара – араб. Динар “алтын тыйын”.

Зуура – өзбек. Зухра “таңкы шоола”.

Зара – иран. “алтын”

Зарина – иран. “алтын гүлдүү”

Замира – араб. “катылган, жашырылган

кыял, чоордо ойногон”.

Зулфия – араб. “өзүнө тартып турган,

жылдыздуу, тармал чачтуу”.

Роза – грек. “гүл”.

Рабия – араб. “жаз айы”

Рана – араб. “шайыр”

Рашида – араб. “акылман, көрөгөч”

Рая – араб. “суусунду кандырган”

Раида – араб. “алга умтулган, лидер”

Рабига – араб. “сүйкүмдүү, камырабаган”

Разия – араб. “сүйүктүү, жагымдуу”

Ракия – араб. “өзүнө тартып турган,

жылдыздуу”

Раушан – иран. “көрүнүктүү, ачык”

Рахила – араб. “шамдагай, жаны тынбаган”

Рухия – иран. “көтөрүңкү маанай”

Саида – араб. “сыйлуу, урматтуу”

Саулет – араб. “сулуу, жылдыздуу,

көрүнүктүү”

Сабира – араб. “чыдамкай”

Сафия – араб. “таза, достукка бекем,

жайбаракат”

Сакина – араб. “оор басырыктуу”

Самия – араб. “кадырлуу”

Сальма – араб. “тынч, оор басырыктуу,

ынтымактуу”

Салиха – араб. “жакшы, бактылуу”

Самар – араб. “баарлашуучу”

Самира – араб. “баарлашууну колдогон”

Салима – араб. “бузулбаган, дени сак”

Шарифа – араб. “асылзат, нурдуу”

Тахира – араб. “пакиза, таза”

Ясира – араб. “көңүлүнө караган”

Захира – араб. “ачык, жаркыраган”

Зайна – араб. “сулуу, татынакай”

Зафира – араб. “ийгиликтүү, жолу ачык”

Закия – араб. “таза”

Дилара – фарс. “сүйгөнүм, махабатым”

Дилбара – араб. “сулуу, татынакай”

Дина – “дин, ишеним”

Зейнеп – араб. “толук, семиз”

Калима – араб. “жумшак көңүлдүү”

Мадина – араб. шаардын аты

Саида – араб. “бактылуу”

Салтанат – араб. “бийлик, хандын аялы”.

Тахмина – байыркы иран. “баатырдын

энесинин аты”.

Фарида – араб. “чанда учуроочу, жалгыз”.

Фатима – “жарык жүздүү”,

пайгамбарыбыздын кызынын аты.

Фатина – араб. “ажарлуу”

Галия – араб. “кымбат”

Хурия – араб. “эркин”

Халима – араб. “аралашмасыз, таза”.

Чолпон – түрк тилдери. “таңкы жылдыз”.

Ширин – фарс. “таттуу”.

Шарипа – араб. “кең пейил, ыйык”

Уркия – араб. “абдан жагымдуу”

Феруза – иран. “нур чачкан”

Малика – “ханыша”

 

Мырзалардын аттары…

 

Абай – кыргыз. “ыкыластуу, көңүл койгон”

Автандил – грузин. “мекендин жүрөгү”

Абдулла – араб. “Алланын кулу”

Аббас – “үтүрөйгөн, катуу, сүрдүү”

Азамат – “улуулук, даңк, чыныгы жигит”

Азим – араб. “улуу”

Айдын – “жарык, ачык”

Али – “жогорку, даражасы көтөрүлгөн”

Арман – “үмүт”

Арсен – “эр жүрөк, эрктүү”

Артур – “алп денелүү, күчтүү адам”

Айдар – араб. “арстан”

Аалы – араб. “бийик, көтөрүңкү”

Аалым – араб. “билимдүү”

Аким – араб. “акылдуу”

Алмаз – түрк тил. Алмаз ташы

Асан – араб. “жакшы, келишимдүү”

Аскар – “улуулук”

Аскат – араб. “бактылуулардын

Пример HTML-страницы

бактылуусу”

Атабай – “оокаттуу, бай, популярдуу”

Атабек – “мугалим, тарбиячы”

Ахат – “жалгыз”

Ахмед – араб. “мактоого татыктуу”

Аян – “баарына маалым”

Байсал – “оор басырыктуу, акыл-эстүү,

катуу”

Акмат – араб. “даңкы чыккан”

Акбар – араб. “жылдыздуу”

Аваз – араб. “алмаштыруу”

Азат – фарс. “эркин, асыл, укмуш”

Азиз – араб. “урматтуу, кымбаттуу”

Алихан – араб-түрк. “жараткандын

укмуштуу арстаны”

Анвар – араб. “нур чачкан”

Абай – “кыраакы, сергек”

Абылай – араб. “ата, чоң ата”

Адил – араб. “адилеттүү”

Аман – “дени сак, сак-саламат”

Амир – “өкүмдар, башкаруучу”

Бакир – араб. “изилдөөчү”

Баян – байыркы түрк. “чексиз бактылуу”

Баят – араб. “ак, агартуучу”

Байымбет – түрк. “башкаруучу”

Бекзат – “ак сөөктөрдүн тукумдары”

Буркан – араб. “себеп, далил”

Гани – араб. “бай, оокаттуу, атактуу”

Бахтияр – фарс. “бактылуу”

Бекболот – “темирдей бек, темирдей

башкаруучу”

Болот – түрк тил. “темир, болот”.

Вахид – “жалгыз, өзгөчө”

Даниал – араб. “кудайдын белеги”

Данияр – араб. “жакын, тааныш”

Дияр – араб. “өлкө, аймак”

Дөөлөт – араб. “бакыт, байлык”

Дамир – араб. “көшөргөн, тырышчаак”

Едиге – байыркы түрк. “жакшы, асылзат,

укмуш, сонун”

Жунус – еврей. “көгүчкөн”

Жалал – араб. “даңктуу, белгилүү”

Жамбыл – монгол. “мыкты, чыйрак, бекем”

Жамшид – иран. “нур чачкан”

Жанболот – “темирдей жан”

Жолон – “жолу ачык, ийгиликтүү”

Жолдош – “ишенимдүү шерик”

Жуман – араб. “баалуу таш”

Жамал – араб. “Алланын кулу”

Жусуп – еврей. Пайгамбардын аты “сулуу,

келишимдүү”

Зайир – араб. “ачык, даана, шексиз”

Иляз – еврей. “күчтүү, колунан баары

келген, жардамга келүүчү”

Закир – араб. “кудайды мактаган”

Ибрагим – пайгамбардын аты

Рустам – фарс. “баатыр”

Руслан – түрк тил. “арстан”

Иса – “кудай тарабынан берилген

сүйкүмдүүлүк”.

Ислам – “Улуу жаратканга баш ийүүчү”

Исматулла – “Алланын коргоосу

алдындагы”

Икрам – араб. “сый, урмат”

Иман – араб. “ишеним, ыйман”

Исмаил – еврей. “Алла укту, туйду”

Искак – еврей. “күлкү, күлүүчү”

Искендер – грек. Александр “коргоочу,

жеңүүчү”.

Кадыр – араб. “бардык нерсени жасай

алуучу”

Кайрат – араб. “күч, энергия, таң

калтыруучу”

Камбар – араб. “чоң күч”

Канат – “канат (бакыттын, ийгиликтин,

жардамдын канаты эске алынат)”

Капар – араб. “кечирүүчү”

Касым – араб. “бөлүштүрүүчү,

тамактандыруучу”

Карим – араб. “берешен, ак көңүл”

Кемел – “бышкан, эң сонун”

Мухаммед – араб. “мактоого татыктуу”

Максут – араб. “асылкеч, жагымдуу”

Махмуд – араб. “мактоого татыктуу”

Мамажан – “ата-эненин таянычы”

Манап – “ак сөөк, башкаруучу”

Манар – араб. “сигнал, белги”

Манас – “эч нерседен тайманбаган баатыр”

Мансур – араб. “жеңүүчү”

Медет – араб. “жардам, таяныч”

Мурас – араб. “мурас, энчи, мураскор”

Мубарак – араб. “ыйык”

Музаффар – араб. “жеңүүчү”

Муса — араб. пайгамбардын аты “суудан

чыгарылган”

Муталип – араб. “талап кылуучу”

Мухит – араб. “океан, айлана чөйрө”

Мажит – араб. “кыйын, баарын жасай

алган”

Мурат – араб. “каалаган, самаган нерсе”

Мустапа, Муктар – араб. “тандалган”

Нариман – байыркы иран. “жалындуу

аскер”

Надыр – араб. “чанда кездешүүчү”

Назар – араб. “көз караш”

Насыр – “дос”

Нияз – “ырайымдуулук, боорукердик”

Нурлан – “жаркыраган арстан”

Расул – “белги берүүчү”

Ринат – “жаңыланган, жаңыдан төрөлгөн”

Нурсултан – араб. “жаркыраган султан,

башкаруучу”

Нурулла – араб. “Алланын гүлү”

Омар – араб. “чыдамкай, турмушка

ылайыктуу”

Ороз – түрк. “байлык, бакыт, ийгилик”

Райымбек – араб. “сүйкүмдүү, ак көңүл

бек”

Рахман – араб. “жумшак көңүлдүү”

Рашит – араб. “акылдуу, эрктүү”

Сайфуддин – “ишенимдин кылычы”

Сабит – араб. “туруктуу, ишенимдүү”

Садык – араб. “чыныгы”

Самир — “маектеш, маекти колдоочу”

Санжар – “ханзада”

Сираж – “жарык”

Сейит, Сайит – араб. “бактылуу”

Самат – араб. “түбөлүктүү, чеги жок”

Сулайман – еврей. “корголгон”

Сүйүнбай – “кубанычка бай”

Тагай — араб. “эне тарабынан тууган”

Тайыр – араб. “бийикте учкан”

Талип – араб. “билим издеген, студент”

Шамил – “баарын өз ичине камтыган”

Шухрат – “даңктуу, белгилүү”

Талгат – араб. “чөлдө өскөн өсүмдүктүн

аты”

Урал – түрк. “сүйүнүч, ырахат”

Замир – фарс. “жүрөк, ынсап, уят”

Казы, Газы – араб. “дин аскери”

Максыт – татар. “каалаган, жагымдуу”.

Малик – араб. “чексиз укуктуу кожоюн,

падыша”.

Сабыр – араб. “чыдамкай”

Султан – араб. “бийлик, өлкөнү

башкаруучу”

Тариэль – араб. Чыгып келе жаткан күн”

Тимур, Темир – монгол. “темир”

Кудаяр – иран. “кудайдын сүйүктүүсү,

досу”

Улан — “азамат”

Хамит – араб. “зыянсыз”

Шарип – араб. “сыйлуу, даңктуу, ыйык”

Шерхан – “күчтүү, арстан сыяктуу”

Ыбырай – еврей. “элдердин атасы”

Элдар – түрк тил. “өлкө башкаруучусу”

Эрболот – “чыныгы эркек”

Эрден – “кымбаттуу баатыр”

Эрдос – “жоопкерчиликтүү дос”

Эржан – “тайманбас, эрктүү, күчтүү”

Эрмек – “оюн, тамаша”

Эсен – “аман-эсен, сак-саламат”

Фарук – “бактылуу”

Халил – “дос, сүйгөн”

Чынгыз – “улуу, күчтүү, колунан бардык

нерсе келген”

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE