Ыймандын туура болуусунун шарттары

https://kyrgyzcha.site/?p=41626&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Ыймандын туура болуусунун шарттары

Ыймандын бизде толук орун алуусунун шарттары жана себептери төмөндөкүлөр:

1. Биз кайыпка ишендик.

Биздин ыйманыбыз жашыруун, ачык эмес.

Анткени, биз Аллаху тааланы көзүбүз менен көрө албайбыз.

Бирок, көргөн сыяктуу ишендик.

Буга эч кандай күмөнүбүз жок.

2. Жерде да, көктө да адам, жин, периште жана пайгамбарлардын эч бири кайыпты билбейт, аны бир гана Аллаху таала билет.

Каалаган кулуна кайыптан каалаган нерселерин билдирет.

(«Кайып”- сезүү органдары менен жана тажрыйба аркылуу сезилбеген, билинбеген нерсе деген сөз).

3. Харамды харам деп билип, анын харам экендигине ишенүү.

4. Адалды адал деп, анын адал экендиге ишенүү.

5. Аллаху тааланын азабынан ар дайым коркуу.

6. Канчалык көп күнөө кылган болсо да, Аллаху тааланын ырайымынан, кечириминен үмүтүн үзбөө.

Ушул алты нерседен бирөө кем болсо, ал адамдын ыйманы туура болбойт.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️