1-Себеп:
Шариат илимин талап кылуу.
2-Себеп:
Аллахтын ааламдагы, жаратылыштагы аят-белгилерине ой жүгүртүү (тафаккур).
3-Себеп:
Куран окуу жана ага ой жүгүртүү.
4-Себеп:
Нафиль ибадат жана зикрлерди көбөйтүү.
5-Себеп:
Аллах жана Анын элчиси жакшы көргөн нерсени өз каалоосунан да бийигирээк коюу.
6-Себеп:
Аллах жанан Анын дини эскерилген мажлистерге бекем болуу.
7-Себеп:
Күнөө иштерден алыс болуу.
8-Себеп:
Ыймандын көбөйүүсүн Аллахтан дуа кылып тиленүү.
Аллахка бардык мактоолор, Анын Элчиси Мухаммед Мустафага Алланын салават-саламдары болсун?!
Акыр Кыяматка жакын ыйманды сакташ – ысык чокту алаканга койгондой кыйын болот.
Адамдын жүрөгү дайым кайсалдап – бирде ыйман жолуна түшүп, ибадаттан ырахаттанып, өз Раббисине жакын болгондон бакыт табат; бирде күнөө жолуна түшүп, ибадаттар нафили жок парзы аз болуп, өз Раббисинен алыстаганын сезет.
Пенденин ыйманы периштелердикиндей бир калыпта турбайт – бирде өсөт, бирде пасаят. Бул тууралуу Куран жана Хадисте сахабалардын сөздөрүндө, андан кийин Ахли-с-Суннанын имамдарынын эмгектеринен далил табабыз.
ЫЙМАН ДЕГЕН ЭМНЕ?
ЫЙМАН БУЛ – ЖҮРӨКТҮН ИШЕНИШИ, ТИЛДИН ТАСТЫКТАШЫ ЖАНА ДЕНЕ МҮЧӨЛӨРҮНҮН АМАЛЫ.
БАРДЫК АХЛИ-С-СУННАНЫН ИМАМДАРЫ БУЛ НЕРСЕГЕ МАКУЛДАШКАН.
Ахли-с-Сунна ыйман маселесинде муржия жана харижия агымдарынын так ортосунда турат, б.а. ыйман өсөт жана азаят, амалдар ыйманга таасир берет дейт, бирок күнөө кылган киши дароо ыйманынан ажырап калбайт, күнөөнүн оордугуна жараша ыйманы азаят, барып барып жок болуп кетмейинче.
Демек амалдар ыймандан, ыйман амалдан.
Амалдар ыйманды көтөрөт, ыйман көтөрүлсө амалдар көбөйөт?
Ыймандын өсүшү да, төмөндөшү да белгилүү себептер менен болот.
Кандай себептер менен ыйман өсөт?
Кантип ыйманды көбөйтсө болот?
1-СЕБЕП:
ШАРИАТ ИЛИМИН ТАЛАП КЫЛУУ
Буга Курандын “Чындыгында Аллахтан бир гана аалымдар (же билүүчүлөр) коркушат (хошйа)” (Куран, аль-Фатыр: 28) деген аяты далалат кылат. Коркуу сезими – хошйа – жүрөктөгү ыймандын кубаттуулугунун белгиси. Кудайдан коркууну жаратпаган илим – бекер, пайдасыз илим. Аллах бизди андан сактасын!
Шариат илими Аллахты таанууга, Анын ысым-сыпаттарын терең түшүнүүгө багыт берет. Буларды жакшы билген пенде натыйжада Аны гана улуктап, сүйүп, Андан гана коркуп, үмүт этип, Ага гана тобокел кылып, тагдырына ыраазы, сыноосуна сабыр кылат. Аллах Тааланын ысым-сыпаттарын көп билген пенделер — жашоонун ар кандай жагдайларында дуа кылганда бул ысым-сыпаттарды туура колдоно билишет, ошондуктан дайым сурагандарына жооп алып турушат.
Шариат илими Исламды таанууга багыт берет. Аллах жакшы көргөн, ыраазы болгон жана Ал жек көргөн амалдарды, ишенимдерди, сөздөрдү үйрөтөт. Буларды жакшы билген пенде натыйжада Анын ыраазычылыгына умтулуп, Аны нааразы кыла турган нерселерден четтеп калат.
Пайдалуу илим деп өз ээсине мөмөсүн берген илимди айтабыз?
Ал эми качан илим пайдалуу болсо, жүрөктөн терең орун алса – ал жүрөк Аллахтан корко баштайт, Ага баш ийет, улуулугунун, сүйүүсүнүн алдында өзүн кор сезет, Андан үмүт этүү пайда болот. Аллахты тааныган Анын алдындагы жоопкерчилигин сезип аракет кыла баштайт.
Илим да бир паста келбей, окуу менен, аз-аздан келип ээсин илимдүү кылат. Куран даяр китеп түрүндо дароо түшпөй, аят-аят болуп келип, 23 жылда гана толукталган. Себеби ар бир түшкөн аят жана сүрө сахабалардын илимин, ыйманын өстүрүп, динге аларды бекемдеп турган.
Туура жана толук илим адамдын айлана-чөйрөгө болгон көз карашын өзгөртөт, башкаларга көрүнбөгөн нерселерди ал көрө алгыдай кылат. Ошондой эле Шариат илими көөдөндүн (жүрөктүн) көрүүсүн ачат. Ошондуктан илим алуучу башкалар ишене албаган (ыйманы жетпеген) нерсеге ишене алат.
Адам көзү менен көргөнүнө ишенет эмеспи. Күнөөкөр кимселер Акыр Кыямат белгилерин, периштелерди же Тозокту көргөндө ыймандары дароо өсөөрү (себеби көздөрү менен айкын көрүштү да) Куранда баяндалат. Бирок мындай ыйман өз ээсине пайда бермек беле? Ал эми ыймандуу инсандар Аллах айткан нерселер боло элекете эле болгондой, көрө электе эле көргөндөй акыбалда, ошондуктан өлүм келе электе эле өлүмдөн соң болчу нерселерге ишенет, Аллахтан бул дүйнөдө коркуучу болуп жашайт. Себеби илимдери бар эле.
Илим жүрөккө ыйман берет?Жүрөк күчтөнсө дененин ибадаты күчөйт – парздарды аткарыш жеңил болот, нафилдер, зикрлер, тахажжуттар тургузула баштайт?Себеби жүрөк — падыша, дене — аскерлер?
2-СЕБЕП:
АЛЛАХТЫН ААЛАМДАГЫ, ЖАРАТЫЛЫШТАГЫ АЯТ-БЕЛГИЛЕРИНЕ ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ (ТАФАККУР)
Аллах айтат?
“Албетте, асмандар менен жердин жаратылышында жана түн менен күндүн алмашуусунда акылдуу адамдар үчүн аят-белгилер бар?” (Куран, Алу Имран: 190)
“Силердин өзүңөрдө да (белгилер бар). Көргөн жоксуңарбы?” (Куран, аз-Зарият: 21)
“Бирок, (бул) белгилер жана (азаптан) эстетүүлөр ыймансыз адамдарга пайда бербейт” (Куран, Йунус: 101)
Эгер адам асманга, жерге, тоолорго, булуттарга, күнгө, айга, дарыяларга ж.б. санап бүткүс ажайып жаратылышка көз чаптырса Аллахтын кудуретин далилдеген көптөгөн аят-белгилерди табат?
Жок дегенде эле адам өзүнүн жаралуусун карасынчы: абалы суу эле, кийин томолоктошкон эт, кийин сөөк болуп эненин курсагында пайда болду. Адамдын ички органдарычы: тамак сиңирүү, кан айлануу, дем алуу… булар өзүнөн өзү эле пайда болдубу же бир Зат бар экенби ар бирине функция ыйгарып жарата алган? Субханаллах! Аллах бардык кемчиликтерден таза Зат?!
3-СЕБЕП:
КУРАН ОКУУ ЖАНА АГА ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ
Аллах Таала айтат?
“…Анын аяттары окулганда ал аяттар алардын ыймандарын көбөйтөт…” (Куран, аль-Анфаль: 2)
Курандагы Аллахтын убадалары, коркутуулары, Бейиш, Тозок жана аларга алып келчү амалдар тууралуу ой жүгүртүү адамдын ыйманын, ишенимин өстүрөт.
Куранга бир гана жүрөгү бекилип калган кайдыгер пикир кылбайт.
Ибн Каййим аль-Жаузия айтат?
“Адамдар Куран окуу кандай пайда алып келээрин билишкенде бардык убактыларын ага сарпташмак. Мына ошондо адамдар эгер жүрөгүнүн дартына даба болчу аятты жолукканда аны жүз жолу же түнү бою кайталап чыгышмак. Чындыгында, маанисине ой жүгүртүп бир аят окуу, ой жүгүртпөй толук Куранды окуп чыгуудан абзел. Чындыгында, Куранды тафаккур кылуу адамдын рухуна пайда берет, ыйманынын бекемдейт, Курандын таттуулугун сездирет… ” (“Мифтах Дар ас-Саъада”:204-бет)
Ибн Масъуд айткан экен?
“Эгер сен Куран окуудан, зикр кылуудан, жалгыз отуруп Аллах жөнүндө ойлонуудан ырахат таппасаң – Аллахтан өзүңө башка жүрөк сура, чындыгында сенин жүрөгүң жок”
4-СЕБЕП:
НАФИЛЬ ИБАДАТ ЖАНА ЗИКРЛЕРДИ КӨБӨЙТҮҮ
Ыйманга эң чоң кубат берген амал – парздарды аткаруу. Андан соң нафилдер. Себеби Аллахка жакындаган сайын пенденин ыйман өсөт, ыйманы өскөн сайын Аллахка жакын болот?
Эң чоң амал – намаз. Аллах Куранда намазды “ыйман” деп атады. “Аллах силердин ыйманыңарды бекер жоготпойт” (Куран, Бакара: 143)[20]
Аллах Таала айтат?
“Алар – ыйман келтиргендер жана Аллахты эстөө менен жүрөгү тынчтанган адамдар. Көңүл бургула: Аллахты эстөө менен жүрөктөр тынчтанат!?” (Куран, ар-Раъд: 28)
Хадисте келет?
“Өз Раббисин зикр кылган менен Раббисин зикр кылбагандын мисалы тирүү менен өлүктөй” (Бухари: 6407)
Жүрөгүндө ыйман бакчасы орногон момун зикр менен жаны, акылы, жүрөгү эс алат. Ал эми жүрөгү ыйман нурун батыра албаган эки жүздүү мунафиктер зикрден алыс болушат⬇
Себеби алардын ыйманы алсыз же ыйманы жок. Аллах бизди сактасын эки жүздүүлүктөн!
Жүрөккө зикр – балыкка суу сыяктуу. Суудан ажыраган балыктын акыбалы кандай болот? Зикрдин көптөгөн пайдалары бар. Алардын арасында Зикр – ыйманды өстүрөт, шайтанды кууйт, Мээримдүү Аллахтын ырайымын чакырат, кайгы-кападан арылтат, канаттануу жана сүйүнүч тартуулайт, жүрөктү жана денени чыңайт, жүздү нурдантат, ырыскынын келишин жеңилдетет?
5-СЕБЕП:
АЛЛАХ ЖАНА АНЫН ЭЛЧИСИ ЖАКШЫ КӨРГӨН НЕРСЕНИ ӨЗ КААЛООСУНАН ДА БИЙИГИРЭЭК КОЮУ
Бардык иштерде Аллахтын гана ыраазычылыгын көздөө, Анын асыл Пайгамбары Мухаммед Мустафанын жолун жолдоо жана Куран-Сүннөттүн илимин үстүнө напсисинин, көңүлүнүн (хаваа) каалоосун койбоо, акыйкат келгенде баш ийүү – ыймандын бийик мартабаларына алып барат?
Аллах бардык максаттардын максаты экенин аңдаган пенде, Аллахтан башкасынын баары себеп экенин түшүнөт. Аллах жанан Анын элчисинин (саллаллаху алейхи ва саллам) адамдын үстүндө кандай акысы бар экенин билген киши ал экөөнү баарынан жакшы көрөт, буйруктарынан чыкпай жашоосун Шариат менен өткөзүүгө умтулат, буларга каршы келген ширк, куфр жана бидаатты жек көрөт, мушриктер, каапырлар жана бидаатчылар менен достошпойт.
6-СЕБЕП:
АЛЛАХ ЖАНАН АНЫН ДИНИ ЭСКЕРИЛГЕН МАЖЛИСТЕРГЕ БЕКЕМ БОЛУУ
Момундун ыйманы периштелердики сымал дайым толуп турган акыбалда эмес. Бирде чегинен ашып бараткан суудай чайпалып толук болот. Дүйнө иштерин кылып Аллахтын зикринен алыс боло калса эле пасая түшөт. Ошондуктан инсан унутчаак жана дайым эскертип турууга, ыйманын жаңылап турууга муктаж.
Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ошондуктан Шариат сабактарына катышуу, момундар менен чогулуп жүз көрүшүп туруу, деги эле солихтер, такыбалар, дини таза адамдар менен достошуу – ыйманды кубаттаган себептер?
Ошол үчүн ыйманга муктаждыгын бизден жакшы сезип турган сахабалар “Келгиле, кичине ыймандашып отуралы” деп бири-бирин чакырышчу.
7-СЕБЕП:
КҮНӨӨ ИШТЕРДЕН АЛЫС БОЛУУ
Шек жок күнөөлөр ыйманга терс таасир берет. Ыйман сооп иштери аткаруу менен өсөт, күнөөлөр менен азаят экени Ахли-с-Суннанын акыйдасынан.
Сооп иштердин баары тең эмес, ошондой эле күнөө иштер да бири бирине тең эмес – бирөөсүү оор, кээ бири жеңил, ким кылды, кайсыл жерде, качан – бардыгы эске алынат.
М: ыйык айларда аткарылган жакшы иш көбүрөөк соопко ээ болгондой эле, күнөө иш да оорураак болот.
Аллах Таала айтат?
“Алар Аллахтын астында ар кандай даражаларга ээ болот. Аллах алар кылып жаткандарын Көрүүчү” (Куран, Алу Имран: 163)
Бейиштеги даражалар ээсинин кылынган сооп иш, ыйманына жараша берилет. Ошондой эле Тозокко түшкөн күнөөкөрлөр да күнөөсүнө жараша Тозоктун бир деңгээлинен орун алат.
Күнөө иштер ыйманды азайтат. Күнөө иштерден, фитнадан баш тартуу – сооп иш аткаргандык – демек ыйманды курчутат.
8-СЕБЕП:
ЫЙМАНДЫН КӨБӨЙҮҮСҮН АЛЛАХТАН ДУА КЫЛЫП ТИЛЕНҮҮ
Биздин ыйман периштелердикиндей бир калыпта болбогондуктан дайым толукталып турууга муктаж.
Ошондуктан ыймандын жаңыланып турушу тууралуу дуа кылгыла деген буйрук келген.
Ибн Масъуд дуа кылаар эле?
“Аллахумма зиднии иймаанан ва йакыынан ва фикхан (О, Аллах, менин ыйманымды, йакынымды жана дин түшүнүгүмдү көбөйт)” (Байхаки “Шуъаб аль-Ийман”: 1/73)
Албетте ыйманды өстүрүүчү себептер булар менен эле чектелбейт. Жакшылыкка чакыруу, жамандыктан кайтаруу, өлүмдү эскерүү максатында кабырларга зыярат кылуу, Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллям) өмүр баянын (сира) окуу, аалымдардын илим жана ибадатындагы талыкпас жолун окуу, дүйнөдөн алыстап, уруксат этилген нерселерди өз ченеминен ашырбай колдонуу, ибадатты ар түркүндөп жасоо, Аллах үчүн жакшы көрүү жана Аллах үчүн жаман көрүү ж.б. себептер бар.
Аллах ушул ишибизди бизге жана мусулман үммөтүнө пайдалуу кылсын?!