БиссмиЛлахир рохмаанир рохиим!
Устаз Шейх Чубак ажы Жалиловдун суроо-жоопторунан
Маасы кийгенде чоң заарага барганда маасынын даараты сынабы?
-Жок, берекем. Маасынын даараты убактысы бүткөндө же маасы чечилгенде гана сынат. Андан башкага маасынын даараты сынбайт.
-Жаман сөздөр менен сөгүнсө даарат сынбайбы?
-Даарат сынбайт, бирок кайра даарат алуусу жакшыраак болот. Көңүл кирдеп калган болбойбу…
-Эрте менен гусул албай багымдат окуса болобу? Гусул алууга шарт жок. Гусул албай соода кылса болобу? Убактым болгондо алып коём. Соода кылуу аял кишиге арамбы?
-Гусул алуу милдеттүү парз. Бирок шарттар «таптакыр» табылбаган учурда таяммум менен намаз окуйсуз. Шарт табылаары менен гусул аласыз. Бирок шарт табылып туруп эле, жалкоолонуп гусул албай таяммум кылсаңыз, ал таяммум өтпөйт. озүңүздү өзүңүз алдаган болоорсуз. Соода менен гусулдун түздөн-түз байланышы жок. Бирок гусул менен болгону берекелүү болот. Аял киши да соода кылса болот. Бирок, шариат чегинен чыкпастан, караңгыга калбастан иштеген болсо.
-Сиздин жазганыңызга караганда пайгамбарыбыздын (САЛЛАЛЛАХУ АЛЕЙХИ ВА САЛЛАМ) убагында бешим намазы сырттан окулган экен деп түшүндүм. Биз ичтен окуйбуз го. Илимимди өркүндөтүү үчүн билсем дейм.
-Сиз туура эмес аңдап калгансыз го дейм. Себеби менин жазгандарымда бешим намазынын жарыя окулгандыгы айтылган эмес. Болгону сахаба Фатиха менен зам сүрөөнү окуган деп жатат. Аны сахаба үч жолдун бири аркылуу билүүсү мүмкүн. Биринчиси: Пайгамбарыбыз алайхис салам өзү айтып берген болуусу мүмкүн. Экинчиси: Сахаба Пайгамбарыбыз алайхис саламдын жанында окугандыктан, ал кишинин шыбырап окугандыгын угуп калган болуусу мүмкүн. Үчүнчүсү: кээде Пайгамбарыбыз алайхис салам сахабалары билсин деп, купуя окуп жаткан учурларда да окуп жаткан сүрөөсүнүн кээ бир аяттарын же сөздөрүн үн чыгара айтып коёт эле. Мисалы Ихлас сүрөөсүн окуп жаткан болсо, «…куфуван ахад» деп үнүн бир аз чыгара кетсе, жанындагылар эмне окуп жаткандыгын билип алышаар эле.
Ал эми азыркы учурда антип окуганга уруксат берилбейт. Ал Пайгамбарыбыз алайхис саламга тиешелүү көрүнүш. Пайгамбарыбыз алайхис саламдын убагында да Бешим намазы купуя окулган, берекем. Кудайым илимиңе береке берсин.
-Мен сасык тумоо болуп ооруп атам. Багымдат намазын окуйм, айыкканча окубай турсам болобу?
-Жок, берекем! Сасык тумоо намаз окугандан тосо албайт. Такыр катуу ооруп турган болсоңор сүннөт намаз окубасаң да парздарын окуп тур…
-Азан, коомат, такбир айтканда жана «Самиалооху лиман хамидах Роббана лакал хамд» дегенде сажда кыла турган жерди караймынбы же башты өйдөрөөк кылып түз караймынбы?
-Азан, коомат такбир айтканда кыбыланы карап айтат деп айтылат, ал эми «самиьаллооху лиман хамидах» дегенде буттун учун карап баштайсыз, ал эми «роббанаа лакал хамд» дегенде сажда кыла турган жерди карап түздөнөсүз….
-Масхты маасыга гана тартуу уруксатпы? Дордойдо шарт жок. Кыйыныраак болуп жатат толук даарат алуу.
-Маасыга тарткың келбесе, териден тигилген байпак болот, ошого тарт.
Башка мусулман бир туугандар менен бѳлүшүүнү унутпаңыздар!