Үйлөнүү саясындагы аялдын бактысы♥
Алла Тааланын жараткандарындагы сүннөтүн жүзөгө ашыруу үчүн турмушка чыгуу , аялдын бактысынын себептеринин бири болуп саналат.
Бул тууралуу Алла таала Куранда мындай дейт:
«هُوَ الَّذِي خَلَقَكُم مِّن نَّفْسٍ وَاحِدَةٍ وَجَعَلَ مِنْهَا زَوْجَهَا لِيَسْكُنَ إِلَيْهَا»
Мааниси:
«Ал силерди бир жандан жаратып, байыр алуусу үчүн андан жубайын жаратты.» (Аърроф:189)
Бул аяттагы «сакан» (байыр алуу) сөзү , тафсир аалымдарынын айтуусу боюнча , кубанычтуулукту , ырахатты жана көңүл бейпилдигин түшүндүрөт.
Үй- бүлөлүк турмушта эр аялдын арасында өз ара укуктар , милдеттер жана эки тараптан тең талап кылынган адептер да бар.
Ошолорду жүзөгө ашыруу менен үй- бүлөдө түбөлүктүү бактылуулук орнойт.
Ансыз жашоо тозокко , азапка айланып калат.
Аялдын күйөөсүндөгү бир нече укук жана адептери бар.
Алардан кээ бирине токтолуп өтөлү :
Күйөөсүнүн жумуштан же сапардан кайтып келгенде, аялына болгон мамилени жакшы баштоосу.
Мисалы , салам берүү, жылмайуу , кол алышуу жана жумшак сөз менен кайрылуу;
Аялына кайрылганда жакшы сөз же жагымдуу ат менен чакырып кайрылуу.
Имам Бухарий риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз аялы Аиша энени кээде:
Яа Аиш ! –деп чакыргандыгы айтылат.
Албетте, мындай жылуу сөздөр аял затынын көңүлүн көтөрүп , курсант кылат;
Аялы менен жагымдуу темада сөз куруу же аялынын сөзүн да кунт коюу менен угуу;
Аялынын көңүлүн көтөрүү жана эркелетүү;
Үй- бүлөлүк бактылуулукту арттыра турган иштердин дагы бири , аялына үй иштеринде жардам берүү ;
Асвад аттуу сахаба бир күнү Аиша энебизден минтип сураптыр : Пайгамбар алейхис салам үй бүлөсү менен бирге болгон убакта эмне иш кылаар эле?
Анда Аиша энебиз:
Пайгамбар үйүндө үй бүлөсүнүн кызматында болоор эле.
Анан качан намаз убактысы келсе, намазга туруп кетчү.»- деп жооп берген экен.
Аялга болгон жакшы мамилелердиин бири, аны менен кеңешүү.
Анткени кеңеше туурган орундар көп.
Мисалы: балдарды тарбиялоо , үйдөгү камсыздоо маселелери сыяктуу. Аял менен кеңешүү аялдын да ой пикирин урматтоо болуп эсептелет. Буга аял заты курсант болот;
Аялын өзү менен биргеликте зыяраттарга, майрамдарга кошо алып баруу жана жолдошторунун аялдары , туугандары менен тааныштыруу. Албетте бул нерседе сооптор бар жана коомчулуктагы байланыш өрчүп, эр аялга бирдей кубаныч алып келет;
Өз аялына сараңдык кылбай , жоомарт болуу.
Анткени бул дагы үй бүлөнүн бекемдигине жана бактысына салым болот;
Аялы өз күйөөсүнө сулууланып жасангандай эле күйөөсү да өз аялына жагымдуу болууга аракет кылуусу керек.