ТООБО КЫЛУУНУН 10 ПАЙДАСЫ

https://kyrgyzcha.site/?p=64879&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

بسم الله الرحمن الرحيم

ТООБО КЫЛУУНУН 🔟ПАЙДАСЫ

 

Тообо — бул, Аллахка жакпаган жаман (күнөө) ишти токтотуп, Аллахка жаккан (сооп) ишти аткара баштоо болуп эсептелет.

Жасап жүргөн ишинин күнөө иш экенин билген адам, ошол замат ал ишти токтотуусу керек.

Андан кийин, ушул ишти жасап жүргөнүм үчүн мени кечиргин деп Аллахка дуба кылып кайрылуусу керек. Андан кийин, ошол ишти эч качан кайра кайталабоосу зарыл.

Пример HTML-страницы

 

Тообонун кабыл болуусу үчүн үч шарт бар:

¹ Күнөө ишти аткарууну токтотуу;

² Ошол күнөө ишти жасап жүргөнүнө өкүнүү;

³ Ал күнөөнү кайра аткарбоого убада берүү.

 

Эгерде ошол күнөө иш башка бир пендеге да тиешелүү болсо, анда бул шарттардан тышкары дагы бир шарт кошулат:

Ошол адамдан кечирим суроо.

 

Тообо кылуу үчүн атайын дайындалган убакыт жок. Бирок, тообонун бат болгону жакшы.

Анткени, Аллах Таала күндүзгү күнөөлөрдү кечирүү үчүн түндөсү, түнкү күнөөлөрдү кечирүү үчүн күндүзү пенденин тообосун күтөт.

Ал эми, өлүм кекиртегине келип калган убактагы жана Кыямат башталып, күн батыштан чыккан убактагы тообо кабыл кылынбайт.

Ошондуктан, эскертпей келүүчү өлүмдү күтүп отурбастан тообо кылууга шашылуу ыймандуу адам үчүн зарыл.

Ал эми Өлүм периштеси эшиктен кирген мезгилде тообо кылууга өтө кеч болуп калат.

 

Тообо кылуунун бир канча пайдалары бар, төмөндө алардын кээ бирине токтолобуз:

1⃣Тобо кылган адамды Аллах Таала жакшы көрөт.

Бул тууралуу Касиеттүү Куранда минтип айтылат: “Чындыгында, Аллах Таала тобо кылгандарды жана таза болгондорду жакшы көрөт”

(Бакара сүрөсү, 222-аят).

2⃣Тообо кылуу адамдын ийгиликке жетүүсүнө себеп болот.

Бул жөнүндө Аллах Таала:

“Оо, ыймандуулар, баарыңар Аллахка тобо кылгыла, ийгиликке жетүүңөр мүмкүн” деп айткан (Нур, 31-аят).

3⃣Тообо кылуу, адамдын аткарган жакшы иш-аракеттеринин кабыл болуусуна себеп болот.

Бул тууралуу Куранда:

“Кимде-ким тообо кылса жана жакшы амалдарды аткарса, ал Аллахка чындап кайтыптыр” деп айтылган (Фуркан сүрөсү, 71-аят).

4⃣Тообо кылуу тозоктон кутулуп, бейишке кирүүгө себеп болот.

Куранда минтип айтылат:

“Ал эми, тообо кылып, ыйман келтирген жана жакшы амал кылган адамдар бейишке кирет, аларга эч адилетсиздик кылынбайт” (Мариям сүрөсү, 60-аят).

5⃣Тообо кылуу Аллахтын кечиримине жана мээримине кириптер болууга себеп болот.

Бул тууралуу Аллах Таала минтип айтат:

“Ал эми күнөөлөрдү жасагандан кийин, дароо тобо кылып, ыйман келтирген адамдар, чынында сенин Раббиң ошондон (тообо кылгандан) кийин Кечирүүчү, Боорукер” (Араф сүрөсү, 153-аят).

6⃣Тообо кылуу күнөө-каталардын сооп-сыйлыкка айлануусуна себеп болот.

Бул тууралуу Куранда минтип айтылган:

“Ошондой эле, тообо кылып, ыйман келтирип, жакшы амал кылган адамдар болсо.., Аллах алардын жамандыгын жакшылыкка алмаштырат.

Аллах — кечиримдүү, Ырайымдуу”

(Фуркан сүрөсү, 70-аят).

7⃣Тообо кылуу бардык жакшылыктарга себепчи болот.

Бул тууралуу Куранда мындайча айтылат:

“Ээгер тобо кылсаңар, өзүңөр үчүн жакшы.”

(Тообо сүрөсү, 3-аят),

“Эгер тообо кылышса, өздөрүнө жакшылык болот” (Тообо сүрөсү, 74-аят).

8⃣Тообо кылуу асмандан түшкөн берекеге жана күч-кубаттын артуусуна себеп болот.

Бул тууралуу Касиеттүү Куранда мындай деп айтылган:

“Оо, коомум!

Раббиңерден кечирим сурап, тобо кылгыла!

(Ошондо) Ал үстүңөргө нөшөрлөгөн жамгыр жаадырат, кубатыңарга кубат кошот.”

(Худ сүрөсү, 52-аят).

9⃣Тообо кылуу тообо кылган адамга периштелердин дуба кылуусуна себеп болот.

Бул тууралуу Аллах Таала минтип айткан:

“Аршты көтөргөн жана анын айланасында турган периштелер Раббисин мактап тасбих айтышат, Ага ыйман келтиришет жана ыймандуу пенделерге Аллахтан кечирим сурап (минтип дуба кылышат):

“Оо, Рабби, ар бир нерсени ырайымың жана илимиң менен камтып турасың!

(Сага) тобо кылып, Сенин жолуңа ээрчиген пенделериңдин күнөөлөрүн кечир. Аларды тозок азабынан сакта!” (Гафир сүрөсү, 7-аят).

🔟Пенденин тообосуна Аллах Таала кубанат.

Бул жөнүндө Анас бин Малик (رضي الله عنه) айтып жеткирген хадисте Пайгамбарыбыз (ﷺ) минтип айткан:

“Ээн чөлдө бир адам төөсүн колунан чыгарып жиберет.

Анын суусу да, азыгы да төөсү менен бирге кетет. Тигинин жашоодон үмүтү үзүлүп, бир дарактын көлөкөсүнө отурат.

Кокусунан, ага төөсү кайра келип калат.

Ал төөсүн чүлүгүнөн кармап, катуу кубангандыктан: Оо, Аллахым сен менин кулумсуң, мен сенин кожоюнуңмун деп айтып жиберет.

Чындыгында, ал катуу кубангандыктан адашып кетти. Ал эми пендесинин тообасына, Аллах Таала, тиги адамдан да көбүрөөк кубанат». (Имам Абу Дауд).

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️