Таухиддин жүзү-Ыйык Кааба

https://kyrgyzcha.site/?p=39809&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Таухиддин жүзү-Ыйык Кааба

Вахийден азыктанган жана Алла Тааланын ЖАЛГЫЗДЫГЫН негиз туткан Ислам дини бүткүл адамзатты Аллага гана кулчулук кылууга жана талаптагыдай Ага ишенүүгө чакырат.

Шахадат келмеси (калима-и таухид) Ислам принциптеринин пайдубалы болуп эсептелет. Динибиздин ишеним негиздеринин баары, андагы ибадаттык максат Алла Тааланын жалгыздыгын даңазалоого жана Ага сыйынууга багытталган. Ошол себептен ТАУХИДдик негизге көлөкө түшүргөн же шек келтирген бардык түшүнүк, бүткүл максат батыл (бузук) жана кесепеттүү оор күнөө.

Андыктан ар бир мусулман өмүр бою каапырлыктан, ширктен, тоң моюндуктан, күнөөкөрлүктөн жана текеберликтен сактанып, чын ыклас менен Алла Таалага үзгүлтүксүз ибадат кылышы керек.

Таухид дининин жер жүзүндөгү эң маанилүү белгилеринин бири – бул Ыйык Кааба.

Каабанын адамзаттын тарыхы менен тең зобололуу тарыхы бар. Ал жер бетинде курулган эң алгачкы сыйынуу жайы жана эң алгачкы улуу курулуш. Ал Адам Ата (алейхис салам) менен Азирети Ибрахимдин (алейхис салам) адамзат урпагына тапшырган мурасы.

Ыйык Кааба туура багыттын, жолугушуунун жана арналуунун даңазалуу дареги. Улуу сыйга (ажылыкка) чакырылган коноктордун бараар жайы.

Дал ушу жерде айта турган нерсе – Кааба максат эмес, жөн гана арачы. Бардык пайгамбарлар, Кудайдан келген бардык китептер, бардык ибадаттар жана бардык ыйык баалуулуктарыбыз сыңары Алла Тааланын ыраазылыгына жеткиргени үчүн Кааба Ыйык болуп эсептелет. Албетте кыбылага жүз бурууда болсун, ажылыкка аттанууда болсун Алла Тааланын ыраазылыгын тапсам деген ак ниет эң башкы максат болушу керек.

Биз сөз кылып жаткан Каабанын Ыйыктыгы анын сөлөкөтүндө, же тизилген ташында, же көрүнүшүндө эмес, анын ролунун маанилүүлүгүндө. Бир жолкусунда хажарул асвадка (Каабадагы кара таш) салам берген Азирети Умар мындай деген:

«Сенин жөн гана таш экениңди абдан жакшы билем. Азирети Пайгамбарыбыз сага сый-урмат көрсөткөндүгү жана «Кааба – бул Жараткандын аманаты» деп айткандыгы үчүн гана биз сага урмат кылабыз».

Демек, Кааба Жараткан Алла Тааланын Улуулугун, Кудуреттүүлүгүн эске салган, даңазалаган Ыйык жай. Жер жүзүндөгү нерсе атпайдын баары Алла Таалага таандык. Жаратылган нерсенин баарында Алла Тааланын ысым жана сыпаттарынын ар кандай деңгээлде үлүшү бар. Кудайы нур, Кудайы акыйкаттар Алланын Үйү болгон Каабага чачырайт.

Биз мусулмандардын Ыйык Каабага бапестеген сый-урматыбыз аныгында Алланын андагы ысым-сыпаттарына жана бул жайдан бүт дүйнөгө жайылган Кудайы нурга багышталууга тийиш. Анткени Кааба эн-белги катары бизге Жараткан Алланы жана Анын кулу экенибизди эскертип келет.

Жараткан Алланын мээрими ал жайга көбүрөөк төгүлүп жана Өзү буйругандыктан ар дайым, ар бир намазда кыбылага (Каабага) жүз бурабыз. Алла Таала ажылык мезгилинде бүт мусулмандарды биримдиктин, бир туугандыктын, кайрымдуулуктун сый дасторконуна чакырат. Биз Каабаны айланып таваф кылууда Алла Таалага жакын кул болууну үмүт кылып, Анын ыраазылыгын, мээримин издейбиз.

Ошол себептен Алла Таала биз пенделерди ал куттуу Үйдгө зыярат кылууга жана ага сый мамиле кылууга чакырат.

Мындай караганда Кааба өтө жупуну имарат. Эч кандай ашыкча сөөлөтү, көз тайгылткан көркөм түзүлүшү да, кооздугу да жок. Каабанын жупунулугу сымал ишенчибиз да нары аруу, нары таза.

Таухид – бул акыйкатка негизделбеген ар түрдүү ишеничтен арылуу, Алла Тааланын бүтүндөй кемчилик сыпаттардан аруу экендигине ишенүү.

Баса белгилеп кою керек, Ыйык Каабанын жупунулугу Ислам ишениминин таксыз, таза жана ар кандай туура эмес ишенимдерден оолак экендигин айгинелеп келет.

Каабанын каалгасына баруу Жараткан Алланын алдына барганыбызды чагылдырат. Ыйык Үйдүн каалгасында төгүлгөн көз жаш, келтирген тооба Алланын алдында адеп сактап турганыбызды, ошондой эле Алла Тааланын ыраазылыгына, сүйүүсүнө татыктуу болуу үчүн кадам таштап жатканыбызды туюнтат. Кааба жайгашкан аймакта жашоо ашкере жоопкерчиликтүү иш, узактан белсенип ажылыкка баруу чоң немат, каалгасына кол тийгизүү жакшы нерсе, ал эми чын ыклас менен барып, буркурап ыйлап күнөөдөн арылып кайтуу эң чоң жетишкендик. Каабанын эшиги адамзатты арылууга, Айкөл Алланын ырайымын, кечиримин тилөөгө, башка каалгаларга барбоого чакырат. Каабанын тек каалгасы бар, ошол каалгадан кирилип, чыгылат. Анын сыңарындай бул дүйнөгө бизди Алла жаратты, көрөр күн түгөнгөндө кайра Анын алдына барабыз.

Кааба – бул көшөгө менен жабылган таш имарат. Көшөгө адеп-ахлактын, ар-намыстын, абийирдин жана баалуулуктарды татыктуу баалай билүүнүн символу. Баарыбыз билгендей, анын көшөгөсү кара түстө. Кара түс – бул ой-чабыттын тереңдигин, сырдуулукту, учу-кыйырсыз мейкиндикти туюнтат. Ошол сымал жүрөктүн толтосу кара чекит деп аталат. Сырткы көрүнүштүн салабаттуулугу жан дүйнөнүн байлыгынан, кеңдигинен кабар берет. Андыктан сырткы көрүнүшүбүзгө, баалуу кийим-кечебизге жараша жүрүм-турумубуз да, адамдык касиетибиз да, абийир-ариетибиз да жогору болушу керек.

Башкача айтканда, сырты жылтырак, ичи кылтырак болбошубуз керек. Маселен, Каабаны тооп кылып айланганда кийим ордуна жөнөкөй гана ихрам деп аталган ак кездемени жамынып алабыз. Анткени Каабанын алдында өзүбүзгө жараша тургандай жамынчты жамынып анык кулдук деңгээлде болобуз.

Текеберликке, менменсинүүгө, бой көтөрүүгө өбөлгө боло турган нерселерди чечип салабыз. Жүрөктү Аллага арнап салып, ички, тышкы дүйнөбүздүн тазарышын, жакшырышын тилейбиз.

Каабада макам-ы Ибрахим (Ибрахимдин орду) бар. Азирети Ибрахимден (алейхис салам) калган макамга сый-урмат кылуу жакшы жөрөлгө. Муну менен ТАВХИД жана ХАНИФ ишениминин жол башчысы саналган Ибрахим пайгамбарга болгон урмат-сыйыбызды жана анын жолуна болгон бекемдигибизди ырастайбыз. Жалбырттаган жалындан кутулууну, Алла Таалага чын ыкластан берилүүнү, тобокелди Ибрахимдин (алейхис салам) таржымалынан үйрөнүүгө болот.

Каабадагы Хижр-и Исмаил деп аталган жайда намаз окуп, дуба кылуу учурунда Азирети Исмаилдин (алейхис салам) ыкласмандыгынан үлүш алсак болот. Анткени ал даңазалуу пайгамбар Жараткан Алла үчүн жанын берүүгө даяр экендигин иш жүзүндө көрсөтө алган эле.

Биз мусулман болгон соң Алла Тааланын буйругуна жолтоо боло турган напси менен шайтандын азгырыгынан Исмаил пайгамбар сыяктуу мүдүрүлбөй өтүүгө, Жараткан Алланын ак жолунда ар дайым алга карай жүрүүгө болгон аракетибизди жумшашыбыз керек, болбосо, акыретте аттиң деп азапка кириптер болоорубуз анык.

Каабада «Алтын булак» деген ноо бар. Андан аккан жамгыр суусун Алланын берекеси, мээрими катары кабыл алышыбыз керек. Анткени ал Алланын куттуу үйүнүн ноосунан Алланын буйругу менен агып жатпайбы.

Зам-зам суусун ичерде муктаж жандын нагыз колдоочусу, аргасыз жандын анык жардамчысы болгон Алла Тааладан шыпаа, кечирим жана жардам сурайлы. Наристе Исмаилдин (алейхис салам) өмүр улап кетишине касиеттүү зам-зам себепкер болгон. Анын сыңарындай, зам-зам Исмаил пайгамбардын өмүрү сымал таза, аруу жана өрнөктүү жашоонун көрнөгү. Дал ошол жерге барганда Ажар эне сымал Аллага тобокел кылууну үйрөнүп кайталы.

Каабадагы «кара таш»ты Жараткан Кудуреттин жер жүзүнө агылган сыйы катары кабылдаганыбыз дурус. Кара таштын алдында суралган дуба, тилектер Кудайым буйруса, сөзсүз кабыл болоор. Айрыкча, кара ташка салам берүү учурунда бардык күнөөлөрүбүзгө тообо кылууну, Алланын ак жолунан чыкпай жүрүүгө сөз берүүнү жана такыбаа болууга Алланын Өзүнөн жардам суроону унутпайлы.

Каабаны айланып тооп кылуу учурунда мүлдө жаратылыштын зикирине кошулаарыбыз анык. Анткени ааламдагы нерсе атпайдын баары белгилүү бир орбитанын айланасында улам жаңыланып айланууда. Тартылуу жана түртүлүү мыйзамы бир гана заттык нерселерге тиешелүү эмес. Жараткан Алланын бул мыйзамы ааламдагы бардык нерсеге, асыресе, заттын рухий өңүтүнө да тиешелүү. Ааламда кыймылсыз, тынч турган эч бир нерсе жок, баары айлануу мыйзамына баш ийет. Бүт нерсе белгиленген системага ылайык аракетте. Мүлдө макулук өз тилинде Алла Тааланы зикир кылаары кашкайган чындык. Алар Алланын койгон эреже-мыйзамынан тышкары эч кандай оң же тескери аракет жасай албайт. Планеталар сымал, биз, адам баласы да жүрөгүбүздү Алланын нуруна каратууга аракет кылып, рухий бийиктикке, бейпилдикке чыгуунун жолдорун издөөгө жан үрөйлү. Даамын татып көрбөгөн жан балдын эмне экенин билбегени сыңары, тооп кылуу учурунда Каабага түшүп турган Алланын нурунан жүрөккө толтуруу үчүн бүт ыкласты Аллага буруу кандай гана жакшы жыйынтыктарды алып келерин элестетүү мүмкүн эмес болсо керек. Асмандын жогорку кабаттарында Байт-и Мукаддасты айланган периштелер сыяктуу Алланын жер бетиндеги Ыйык Үйү болгон Каабаны айланууну, жалынып-жалбарууну Жараткан баарыбызга насип кылсын.

Жыйынтыктап айтканда, биз муслмандарга Ыйык Каабадан руханий жылуулук, рухий бейпилдик агып турат. Ал биздин кыбылабыз жана тутунган багытыбыз. Биз Кааба деген төрт чарчы имараттык түзүлүшкө эмес, анын Кудуреттүү Ээсине моюн сунуп кулчулук кылабыз.

Каабанын заттык өңүтүн эмес, маанавий (рухий) өңүтүн баалуу деп билебиз. Он сегиз миң ааламдын Ээсинин мээрими, нуру агылган, сулуулугу чагылган, берекеси жааган жана көңүлү түшкөн ыйык жай деп билебиз. Ибадаттар, дуба-тилектер жана кылынган кайрымдуулук, жакшылык иштер токтоосуз кабылдана турган куттуу аймак деп эсептейбиз. Ыйыктыкты ал жайга Алла Таала Өзү ыйгарган жана ал пакиза жайды ыйык деп таануу керектигин бизден талап кылат.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️