Пример HTML-страницы

Түптө Ысык-Көл облусу боюнча жаштар топтолуп, спорттун 10 түрү боюнча күч сынашты (сүрөт, тизме)

Акыркы жанылыктар

TurmushДем алыш күндөрү Түп районунда Ысык-Көл облусу боюнча 1985-жылы туулган жаштар арасында «Ынтымак» оюндары уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Эстафетаны Ак-Суу районунан өткөрүп алган Түп районунун жаштары облус боюнча келген 250дөн ашык конокторду тосуп алышты.

Спорттук иш-чара расмий ачылгандан кийин Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Эрмекан Дюшебаева, «Ынтымак» оюнунун уюштуруу комитетинин мүчөлөрү — Элмир Майкаданов, Актилек Бөлөков, Бакыт Ибраев жана келген коноктор өздөрүнүн куттуктоо сөздөрүн айтышкандан соң, кезек спорт оюндарына берилди.

В.Кайкин атындагы № 7 жалпы орто билим берүү мектебинин жана «Балбай баатыр» спорт комплексинин аянтчаларында спорттун 10 түрү боюнча 5 район, 2 шаардын командалары катышкан мелдештер өткөрүлдү.

Кичи футбол боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү:

— 1-орун — Ысык-Көл районунун курама командасы;

— 2-орун — Түп районунун курама командасы;

— 3-орун — Жети-Өгүз районунун курама командасы.

Волейбол боюнча боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү:

— 1-орун — Түп районунун курама командасы;

— 2-орун — Жети-Өгүз районунун курама командасы;

— 3-орун — Ысык-Көл районунун курама командасы.

Турникке тартылуу боюнча жеңүүчүлөр:

— 1-орун — Түп районунун Тогуз-Булак айылынын атлети Даблет Багаев, 26 жолу турникке тартылды;

— 2-орун — Түп районунун атлети Элмир Майкаданов, 22 жолу турникке тартылды;

— 3-орун — Ысык-Көл районунун атлети Кубаныч Кудайбергенов, 21 жолу турникке тартылды.

Жаа атмай оюнунун жеңүүчүлөрү:

— 1-орун — Каракол шаарынын мергени Бейшенбек уулу Анарбек;

— 2-орун — Балыкчы шаарынын мергени Н.Исраилов;

— 3-орун — Жети-Өгүз районунун мергени Аскат Адисов.

Кол күрөш боюнча мелдештин жеңүүсү:

80 килограммдан жогорку салмактагы Түп районунун балбаны Акылбек Бөлөков атаандаштарына жеңүүгө мүмкүнчүлүк берген жок.

Мындан тышкары жеңил атлетика, гиря көтөрүү, аркан тартыш боюнча мелдештер өткөрүлдү. Олжолуу орунга ээ болгондорго кубок, медаль, диплом жана кызыктыруучу белектер тапшырылды. Келген конокторго ысык тамак уюштурулуп, райондук маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан чакан концерттик программа тартууланды.

«Ынтымак» оюндарынын эстафетасы Жети-Өгүз районунун жаштарына өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE