36 «ЙАСИН» сүрөөсү: (83-аят)
Кимде-ким бул сүрөнү окуса
(яжуж-мажуж) дажжалдын азгырык коркунучтардан сакталат.
67 «МУЛК» сүрөөсү: (30-аят)
Ким бул сүрөнү окуса Аллах Таала кабыр азабынан сактайт жана сурагы жеңил болот.
8 «АНФАЛ» сүрөөсү: (75-аят)
Бул сүрөөнү окуган адам
түрмөдөн алыс болот.
9 «ТАУБА» сүрөөсү: (129-аят)
Бул сүрөөнү окуган адам
эмнеге муктаж болсо, ошого жетишет.
10 «ЮНУС» сүрөөсү: (109-аят)
Кимде-ким бул сүрөөнү окуй турган болсо,
Аллах Таала аны душмандарынын жамандыгынан алыс кылат.
11 «ХУД» сүрөөсү: (¹²³-аят)
Ким бул сүрөөнү окуса, муктаждыгы камсыздалып, деңизге же сууга чөгүп кетүү сыяктуу кырсыктардан алыс болот.
12 “Юсуф” сүрөөсү: (¹¹¹-аят)
Бул сүрөөнү окуган адам сагынып күткөнүнө жетет.
Баардык жандуу-жансыздардын
көзүнө жылуу көрүнөт.
13 “Раад” сүрөөсү: (⁴³-аят)
Аллах Таала бул сүрөөнү окуган адамдын балдарын жиндердин жамандыгынан сактайт.
14 “Ибрахим” сүрөөсү: (52-аят)
Ким бул сүрөөнү окуса,
Аллах Таала аны душманына үстөм кылат.
Ошондой эле ата-энесин андан ыраазы кылат.
15 “Хижр” сүрөөсү: (99-аят)
Бул сүрөөнү окуган адамдын кирешесине
Аллах Таала береке берет.
16 “Нахл” сүрөөсү: (128-аят)
Бул сүрөөнү окуган адам душманын сөзсүз жеңет.
17 “Исра” сүрөөсү: (¹¹¹-аят)
Бул сүрөөнү окуган адам кара ниет адамдардын кызганычынан, ушакчылардын жамандыктарынан алыс болот.
18 “Кахф” сүрөөсү: (110-аят)
Ким бул сүрөөнү Жума күнү окуса,
Келээрки жумага чейин боло турган кыйынчылыктары жөнгө салынат.
Ошондой эле ал Тажжалдын азгырык коркунучунан сакталат.