Сыноолор кантип сыйга айланат?
Сыноо бул- Аллах Тааланын пенделериндеги , айрыкча Аллах Тааланы жараткан кудай деп таанып, Ага ыраазы болуп жашаган изги пенделериндеги сүннөтү. Аллах Таала аларды сыноолорго учуратат. Бирок ал сыноолор Аллах Тааланын берген жакшылыктарына салыштырмалуу өтө аздык кылат.
Ал сыноолордун келүүсүнүн себептери төмөнкүлөр:
алардын ыйманын сыноо үчүн, дилдерин тазалоо үчүн, даражаларын көтөрүү үчүн жана эгер кайдыгерликке түшүп, кемчилик кетире баштаган болсо, андан ойготуу үчүн, сыноолор берилет.
Аллах Таала тагдырга жазып жөнөткөн сыноого момун киши моюн сунуусу зарыл. Анткени Аллах Тааланын тагдырына ыраазы болуу, ыймандын бир бөлүгү.
Эми сыноолор ар түрдүү болот. Кээде душман үстөмдүк кылган сыяктуу сыноого жалпы коомчулук дуушар болуусу мүмкүн. Кээде сыноо жеке адамдын өзүнө, мал — мүлкүнө же перзенттерине жетүүсү мүмкүн. Бирок бул сыноолор бардыгы Аллахка гана маалым болгон бир даанышмандык себептүү болот. Адамдардын ичинен көбүрөөк сыноого учурагандар — Аллахка жакын жана сүйүктүү болгон пенделер. Пайгамбарыбыз өз хадисинде бул тууралуу мындай дейт:
«أشد الناس بلاءً الأنبياء ثم الأمثل فالأمثل»
Мааниси:
«Сыноого эң көп кабылгандар , Пайгамбарлар , андан соң алар сыяктуулар, андан соң алар сыяктуулар» (Бухарий) Андыктан сыноого кабылган пенде Аллах Таала ага өтө ырайымдуу экендигин билүүсү керек. Анткени Аллах Таала пендеге күчү жетпей турган сыноону жөнөтпөйт.
Мусулман пенде өзүнө жеткен сыноого карата болгон адебинде, тагдырга карата болгон Ислам дини көрсөткөн жолун бекем карманса, Аллах Таала анын сыноодогу мээнетин сый-белекке айлантып коет. Натыйжада, эселеген соопторго жетет.
Сыноолорго карата болгон исламдык адептер:
Кыйынчылыкты ачуулануу же сабырсыздык менен тосуп алуу эч кандай пайда бербөөсүн билүү зарыл. Анткени ачуулануу Аллах Тааланын каарын келтирип, шайтанды кубантат.
Сооптон кур калып, жан дүйнөсү алсыздап душманына шылдың болот. Ошондуктан пенде сыноого сабыр кылып, сооп үмүт кылуусу керек. Ошону менен биргеликте ал сыноодон соо — саламат чыгаруусун Аллахдан суроосу кажет.
Аллах таала Куранда сабыр кылган пенделерди мактап мындай дейт:
«وَبَشِّرِ الصَّابِرِينَ {2/155} الَّذِينَ إِذَا أَصَابَتْهُم مُّصِيبَةٌ قَالُواْ إِنَّا لِلّهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعونَ»
Мааниси:
«Сабыр кылгандарга сүйүнчүлө!
Аларга кайгы-балээ келгенде алар:
«Чындыгында, биз Аллага таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз» — деп айтышат. » (Бакара: 155;156)
Пенде сооп үмүт этип, кылган сабырдуулугу үчүн, анын аркасынан көп эселүү ырахат жана курсантчылыкты табаарын билүүсү керек. Анткени сабырдуулар үчүн бейиште « байтул хамд» (мактоо үйү) деген үй курулат. Мунун себеби , ал пенде башына келген сыноого сабыр кылып, сооп үмүт кылуу менен биргеликте Аллахка шүгүр келтирип мактоо айткандыгы үчүн.
Пендеге жеткен сыноонун натыйжасы , ошол пенденин Аллах Тааланын алдындагы ордун аныктайт. Эгер пенде Аллахдан келген сыноого ыраазы болсо , ага да Аллах Таала тарабынан ыраазылык болот. Ал эми пенде ал сыноого каарданса, ага да Аллах Таала тарабынан каардануу болот. Эми мындан пенде өзүнө экөөнүн кайсынысы артыгыраак экендигин тандоосу керек.
·Чындыгында, пенденин өзү, үй бүлөсү жана байлыгы да Аллах Тааланын мүлкү экендигин жана анын бардыгы болгону ага берилген убактылуу аманат экендигин унутпоосу керек. Бул тууралуу бир акын минтип айткан экен:
و ما المال و الأهلون إلا ودائع و لا بد يوما أن ترد الودائع
Мааниси:
Мал- мүлкүң, үй -бүлөң, болгону бир аманат
Демек ал сөзсүз бир күн, өз ээсине аттанат
Ошентип кайсы бир инсандын колундагы нерсесин Аллах Таала алып койгон болсо, демек ал пенде аманатты ээсине тапшырган болот.
· Сыноого учураган пенде ар дайым Имам Муслимдин Сахих китебинде келген Пайгамбарыбыз айткан ушул дубасын айтып жүрүүсү зарыл:
« ما من أحد تصيبه مصيبة فيقول : إنا لله و إنا إليه راجعون أللهم أجرني فى مصيبتي و اخلف لي خيرا منها إلا آجره في مصيبته و أخلف له خيرا منها »
Мааниси:
«Кайсы бир адамга кайгы жеткенде: Чындыгында, биз Аллахка таандыкбыз жана Ага кайтып барабыз, Оо Аллахым, мени бул кайгыдан куткар жана анын ордуна мындан жакшыраагын бер — деп, сураса, Аллах Таала сөссүз аны кайгысынан куткарып, анын ордуна жакшылыкты берет».