СУРОО-ЖООП САБАГЫ

https://kyrgyzcha.site/?p=58107&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

? *СУРОО-ЖООП САБАГЫ*.

 

Күйөөм экөөбүздү ушак айтып, уруштуруп жиберишти. Бирок, кайра жашап жатабыз. Кудайды салып карганган күнөө эмеспи?

 

— Кой антпе, уят болот. Кудайым баарын билип турат. Күйөөң экөөңдүн тең акылыңар бир аз жукараак окшойт. Болбосо койнуңдагы күйөөңө ишенесиңби, же көчөдөгү ушакчыга ишенесиңби?

 

Пример HTML-страницы

— Менин үч жарым жашар балам сүйлөй албай жатат. Бир-эки жолу даарылаттык. Баламды урушуп койсок жини келип, ургулап кыжаалат болуп кетет. «Балдар менен ойнобойт, балага дем салдыр” дешти. Кайсыл жакка барыш керек? 07701923..

 

— Мечитке бар. Баланы урушпа. Насип кылса сүйлөйт.

 

— Нике кыйылып бирок, элдерден шартка байланыштуу бата албай калган, үйлөнгөн 2 жаштын келечеги кандай болот? Шариятта кандай? 07022677..

 

— Жашыруун нике дегенди менден аккредитациялап алайын деп турасыңбы? Жашыруун нике болбойт. Жок дегенде бир кой союп, той кыл. Элди чакыр. Элге кошуп мени чакыр. Батаны беребиз.

 

— Байкемдин балдызына үйлөнсөм болобу? 07030005..

 

— Болот. Байкең менен бажа болуп жатып каласың.

 

— Жакындарым каза болоордо жанында эч ким болбоптур. Ыйманы менен кеттиби, белгисиз. Аларга кантип жардам бере алам? 05540910..

 

— Сооп иштерди аткарып, анын соопторун багышта, дуба кыл.

 

— Татуаж, жасалма чач менен намаз окусам болобу? Ата-эненин күнөөсү үчүн да тообо кылса кабыл болобу? Жамгыр жааганда периште көбөйөт деген чынбы? Намаз окуп жатканда эмнени элестетиш керек, эмнени ойлош керек? 070274…

 

— Татуаж дегенди түшүнбөдүм. Жасалма чач такканга шариат уруксат бербейт. Ата-эне үчүн тооба кылынбайт. Алар үчүн сооптуу иштерди аткарып, соопторун белек кылат. Алардын акысына дуба кылат. Жамгыр жааганда Аллахтын ырайымы түшөт делет. Намаз окуганда акыретти, соопту эстөө керек.

 

— Ар бир адам өзүнө кепиндик материалды сатып алып даярдап койсо болобу? Кепинге деген материал үйдө турса өлүмдү чакырат дешет. Ушул туурабы? 077754…

 

— Даярдаса жакшы болот. Өлбөй турган ким бар? Чакырат дегени жалган кеп.

 

— Иттин жүнүнөн жасалган өтүктү (кончусунун сырт жагы) кийсе болобу? Ө7702390…

 

— Иттин жүнүнөн жасалган байпакты кийсе болот, жакшылап жууп алып туруп. Ансыз деле аны жууган болсо керек. Ал эми иттин терисинен тигилген маасы, өтүктөрдү ашталгандан кийин кийсе жарай берет. Ашталмайынча андан өтүк деле ултарбайт болуш керек. Намазга да жарай берет.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️