Менин 2 балам бар (бироосу 2,5 жашта, экинчиси 4 айда), аларды кундузу жалгыз карайм . Азыр мен багымдат намазын окуп баштадым. Азырынча ошол жетиштуубу же болбосо толук окуп башташ керекпи?
ЖООП. Сиз намазкандардын катарына кошулуп намаз окуу дитин коюптурсуз. Мээримдүү Аллах сизден ыраазы болсун. Багымдат намазынан окуп баштай бериңиз. Кудай Таала сизге жардам берип калган намаздарды да тургузганга жетесиз. Ин шаааллах.
СУРОО №67.Ассалому алейкум Чубак ажы менин Энем намаз окуйт а Атам окуй элек озум коп дуаа кылып жатам, сизден суранам: жамаат м-н дуаа кылыпберсениз сураныч, акыретте Ата Энемдин бейишке киришин аябай каалайм.
Сизге жардамга муктаж болгондор коп кайрылса керек, колумдан келсе жардам берет элем!
ЖООП. Ва алейкум ассалам азиз бурадар! Жамаат менен дуа кылдык. Жардам сунуштарыңызга ырахмат. Аллах сизден ыраазы болсун!
ВОПРОС № 117. У меня дети учатся в Турецком лицее «Себат» и занятия проходят целый день, могу ли я попросить руководство лицея в выделении комнаты для молитвы, чтобы они совершили намаз во время перемены, не препятствуя учебному процессу. Или же наше законодательство воспрепятствует этому? То в этом случае как быть нашим детям с совершением намаза, который вскоре станет для них уже обязательным?
ОТВЕТ. Молельни в учебном заведении не противоречат нашим законам (как известно у АУЦА есть свой намазкана внутри университета). Вы можете написать заявление и поговорить с руководством. Например я, желая отдать свою дочь в турецкий женский лицей “Айчурек”, разговаривал с его учредителями. Сперва они говорили что не разрешается девушкам приходить в платке. Но после моей некоторой настойчивости они согласились расмотреть мое заявление.
ВОПРОС № 148. Я работаю водителем общественного транспорта, и работа начинается в 04.00 утра и заканчивается в 22.00 могу ли я читать Багымдат в 04.00 и Куптан в 22.00 и как читать остальные намазы? Да будет доволен вами Аллах Всевышний!
ОТВЕТ. “Календарь времени намазов” так называется последняя книжечка, которую мы выпустили как раз для определения периода для молитв. Она уже в продаже. Вы также можете просматривать времена намазов на нашем сайте в разделе “Времена намазов”. Багымдат в эти дни (28 января 2011 года) читается с 6:43 до 8:21. В четыре часа будет пока ночь, и прочтенные намазы засчитаются за тахаджут намаз. Куфтан наступает после 19:39. Как читать остальные намазы? Время пешим намаза начиная с 13:16 и до 16:09, пока не наступит аср. В эти три часа наверняка найдется время для четырех ракатов фарз намаза (суннаты можно не читать, только фарзы). Аср в 16:09, а шам намаз в 18:09.
Намаз облегчает нам жизнь, вселает надежду на милость Аллаха, стирает грехи и мерзости с нас, дает гарантию на вечную жизнь в раю, облегчает поиск пропитания, приносит благославление, учит терпению и дисциплине – как мы можем упустить хоть частичку этого. Если искеренно молить Всевышнего, то любое дело всегда облегчается. Успеха вам дома и на работе!
СУРОО № 149. Бир кундо багымдат намазын гана окуп коюп журсо болобу эгер беш убакка шарт жок болсо?
ЖООП.Сиз багымдатты окуй бериңиз, чындап Аллахкаыклас коюп окуган болсоңуз – багымдат калган өзүнүн синдилерин чыкырып алат.
СУРОО № 213.1) мен намазды жаны баштап жатам уйронуп, кээбир жерлерин жаттагычакты китептен карап намаз окусам боло береби ?? унутуп калып жатам 2) анан маасы кийгенде (булгаары байпак) кандай даарат алыш керек ал бир кунго эле би ?? 3) 3 рекет намазды окуп жатып 3-жолу эмес 4- жолу байкабай окуп алсан не болот улантып окуп кете бериш керекпи же ??? 4) кандайдыр бир себептер менен гусул ала албай калсан эмне кылыш керек Намазды убагы келгенде даарат алып анан окуй берсе болобу же гусулу жок окуганга болбойбу , кийинки намазда каза кылып окуса болобу ? рахмат
ЖООП. 1) Болот. Кийин жаттагандан кийин болбойт.
2) Мусапырга үч сутка (72 саат), мусапыр эмеске бир сутка (24 саат). Маасы даарат абалында бутка кийилип, кийин даарат сынгандан баштап эсептелет. Чечсе буттун даараты сынат, бутту кайра жууп коюу керек.
3) 3 рекетүү намазды окуп жатып, байкабай 4-рекетке туруп алган болсоңуз. Эгер рүкүгө кете элек болсоңуз кайра отура калыңыз. Намаз аягында сажда сахвын кыласыз. Эгер рүкүгө бүгүлүп жиберген болсоңуз 4-рекетти толук аягына чейин бүтүрүп, аны нафиль деп эсептеп, 3 рекеттүү намазды кайра окуйсуз.
4) Гусул намаз үчүн шарт. Гусулсуз намаз окууга болбойт. Мисалы эртен менен, жунуб абалында, күн чыгайын дегенде туруп калсаңыз – баары бир гусул ала бересиз, намаздын убагы отүп кете турган болсо да.
Кайсыл учурда тайаммум алынат? Суу жок кезде, жы сууну алыш кыйынчылыкка турган кезде, же суу аз болгон кезде, же суу менен жуунса ооруу күчөп кетүү коркунучу болгондо, же суу менен жуунса катуу суук тийүү ыктымал болгондо. НАМАЗ ӨТҮП КЕТИП БАРАТСА ДА ГУСУЛ ЖЕ ДААРАТ АЛЫШ КЕРЕК. ТАЙАММУМ БИР ГАНА ЖАНАЗА ЖАНА АЙТ-НАМАЗдары үчүн боло алат.
СУРОО № 254.1) Сaпaрдa, унивeр-тe жe жылуу суу жок учурдa дaaрaт учун зaн жe зaaрa кылгaн сон дaaрaт кaгaзы ж. б. у. с-лaр м-н aны тaзaлaп койсо жeтиштуубу? Шaрттaры бaрбы? М., бироо эгeр нaжaс 1 дирхaм олчомунон коб-к жeргe жуксa(aрткы тeшиктин aйлaнaсынa(шaрият суроодо уят эс aлaт)), aндa жууш фaрз дeди. 2) Бaгaлeкти кызыл aшыктaн ойдо туруп нaмaз окуу шaрияттa бaрбы? 3) Сaпaрдaпeшим м-н aсрды ж-a шaм м-н куптaнды бир убaкыттa окусa б-т дeгeн соз туурaбы? Туурa б-со, aнын жолу кaндaй? Унив-тe дa болобу? 4) Нaмaз учун жaлгaн суйлосо болобу? М.:Лeкцияда Нaмaз убaгы отуп бaрaтaт. Ичим ооруп ж-т дeп, жaлгaн aйтып, нaмaз окуп кeлсe.
5) Кудуккa эти aдaл уй жaныб-нын тeзeги тушуп кaлсa, aны кaнтип тaзaлоого б-т? Зaaрaсы тушсочу? 6) Мaндaш урунуп олтуруп уктaгaндa эгeр эки чыкaнaк м-н сaнгa суйонсо, дaaрaт сынaт дeгeн соз чынбы? Дaaрaтты сындырбaй уктоонун кaнчa туру бaр? 7) Колду жуугaн сон aны силкуу мaкрухбу? Эч кимгe зыян бeрбeсeчи? 8) Сиздeн моб-к тeл. a-луу мaсeлe суроо учун номeрлeринизди жaзып коe aл-бы(жe бир нeчe ишeниктуу фикх aaлымдaрынын)?
9) бaгымдaттын сунноту м-н фaрз-н орт-дa бироого сaлaм бeруу болбойбу? мeчиттe бироого кол узaтсaк корушпой койду. 10) нaмaздa бeшeнe aчык туруусу к-пи? шaпкa жe чaч aны жaбып турсa нaмaз ото бeрeби? 11) жумaгa бaргaн учурдa имaм бaян кылып жaтсa, мeчит aкы нaмaзын окусa мaкру дeгeн туурaбы?
12) Аялымдын aдaты б-чa aйызы 8 к. соз-т. Мунусундa 5 к-до токтоду. Кошулсaк болобу? 13) /Никeнин 1-туну/жe/никe ж-a уй-б./ — экоонун бириндe жыныстык кaтнaш тын бaрдык позaлaрын бaлa шaл туулaт, козу сокур туулaт ж. б. дeп туурa эмeскe чыгaрыптыр, бир гaнa aял aстындa эркeк устундо дeгeн позaны кaлтырыптыр. Бир aaлым aны туурa эмeс дeди. Авторго чaлсaк,/Ал жон элe котормо. Мeн жон гaнa котормочу элeмин/ деп жооп бeрди. Дин м-н aрaн жaшaп журсок, aлaр динди ого бeтeр оордоштурaт, диндeги жок тыюулaрды киргизип. Ал китeпти сиздeр тeкшeргeнсиздeрби? Эгeрдe созумдо кaтa б-со, кeчирим сурaймын.
14) Мeчиттe имaм жe дaaвaтчылaр бaян к-п ж-сa, нaфил, кaзa нaмaз окуй бeрсe б-бу(жe курaн)? 15) Бир мaсeлeгe эки имaм эки турдуу жооп aйтышсa, кимисин ээрчишибиз к/к? М., Шaмил Аляутдинов м-н Сиздин фaтвaлaрыныз кээдe дaл кeлбeй кaлaт, м., музыкaны aл киши хaлaл дeп, муз-к окуу ж-гa дa кирууго уруксaт бeрди. Сиз бaшкaчa aйтып ж-з. О. э. бир имaм сигaрeт дaaрaтты сындырaт дeп, Сиздин фaтвaнызды хaдистeн дaлил aйтып, кaйтaрып койду. 16) Кaтуу пaлaсты, эгeр aгa нaжaс тогулуп, синип кeтсe, кaнтип жуусa тaзa б-т?
17) Намазды уйдон окуганда азан айтпай эле комат айтып окуй берсе болобу же созсуз азан айтып анан окуш керекпи?
18) Кaндaй сeбeптeр м-н бaш кийимсиз нaмaз окусa б-т? 19) Эки aдaм жaмaaт б-п нaмaз окушсa, экоо жaнaшa бир сaптa турушсa б-бу? 20) Жaтып aлгaн aдaмгa кaрaп нaмaз окуу дуруспу? 21) Тошокто жылaнaч уктоо, жылaнaч aбaлдa кыблaгa кaроо болобу?
Жооп жазып койсонуз ото жакшы болот эле. Аллах сизден ыраазы болсун Чубак ажы байке!Рaхмaт.
ЖООП.1)Ооба шарттары бар. Эгер күн өтө эле суук болуп, суу колдонгондон ден-соолука зыян жете турган болсо, анда суу колдонбостон эле даарат кагаз менен тазалап койсо болот. Туура бир дирхамдан көп болсо аны жууш парз болот. Бирок жогоруда айтылгандай, ден-соолука зыян жете турган болсо анда бул учурда да кагаз колдонууга болот.
2) Багалекти кызыл ашыктан өйдө түрүп намаз окуу шариатта милдеттендирилбейт. Тескерисинче түрүлгөн багелекти жана жеңди жазып түшүрүп окуу керек. Ал эми намаз учурунда эле эмес, балким баардык учурда кызыл ашыктан өйдө кылып шым кийүү шариатыбызда сүннөт деп эсептелет.
3) Биздин Ханафий мазхабы боюнча бир гана Арафатта эки намаз бир убакта жам кылып окуганга болот. Башка убакта уруксат берилбейт. Бирок сапарда жүргөндө намаз окуганга кыйынчылык тууласа бир намазды кечиктирип акыркы убагында, ал эми кийинкисин баштапкы убагында окуса болот. М: пешим намазын акыркы убагында окуп, бир аз күтүп асыр намазынын убактысы кирген соң асыр намазын окуса болот. Ошондо бул көрүнүшүнөн эки намазды бириктирип окугандай болот. Бирок чындыгында ар бир намаз өз убагында окулган болуп эсептелет.
4) Эгер такыр башка айла калбай калган болсо болот. Бирок колдон келишинче жалган айтпаганга аракет кылыш керек.
5) Кудука эти адал уй, кой, жылкы ж. у. с. дын тезеги түшүп калган болсо эле суу нажасат болуп эсептелбейт. сууну көргөн тажрыйбалуу адам ошол сууга түшкөн нажасаттарды көп деп айта турганчалык болсо же чака менен суу алганда чакага тезек толуп чыккан болсо гана суу нажас болду деп эсептелет. Ушундай учурда биринчи суудагы нажасатты чыгарып салып, андан кийин сууну тазалоо керек болот. Сийдиги түшкөндө анын изи (даамы, жыты, түсү) билинеби же билинбейби ошого кароо керек болот. Эгер изи билинсе анда тазалоо керек.
6) Мандаш урунуп чыканагын тизесине сүйөп уктап жаткан адамдын колун ала койсон жыгылып кала турган болсо даарат бузулат. Жыгылбаса бузулбайт. Туруп, эч нерсеге сүйөнбөй отуруп, рүкүдө, саждада туруп уктаса даарат бузулбайт.
7) Колду силкүү макрух эмес, адепсиздик катары бааланат.
8) 0312 48 65 30, 0779 22 42 74 же 0772 177062 номерлерине чалып маселе сурасаңыз болот. Бул муфтияттын фатва бөлүмүнүн номери.
9) Багымдаттын сүннөтү менен фарзынын арасында салам берсе боло берет. Эгер салам берилген болсо алик алуу керек.
10) Ооба намазда бешене ачык туруусу керек болот. Эгер шапка тосуп турган болсо макүрү болот. Ал эми чач тосуп турса эч нерсе болбойт. Бирок эркек адам чачын кыскарак алып жүргөнү жакшы.
11) Имам хутба кылып жаткан убакта окуса макүрү болот. Ал жуманын алгачкы сүннөтү менен фарзынын арасында окулат. Алгачкы сүннөттөн мурда баян кылынып жаткан болсо, намаз окусаңыз боло берет.
12) Эгер аялдын айызы он күндөн аз убакытта токтогон болсо, ошол аял жуунгандан кийин же болбосо жуунуп бир намаз окуганчалык убакыт өткөндөн кийин кошулса болот.
13)Ал айтылган сөздөр туура эмес. Шариатыбызда бир гана аялдын артына жана аял айыз көрүп жаткан убакта жана төрөт каны болуп жаткан кезде кошулууга тыюу салат. Ал эми бала төрөй турган жерине каалагандай кошулсаңыз болот. “Нике жана үй-бүлө” китебине сын пикирлер көп айтылууда, каталары көп экен дешүүдө. Шектүү китептерди таштап, андан көрө шексиз китептерди пайдаланганыңыз жакшы.
14) Мечит ар бири ибаадат кыла ала турган жай.Нафил, каза ж. б. намаздарды башкаларга карабайокуй берсеңиз болот.
15) Бир маселеде эки имам эки маселени айткан болсо такыбалыка жакыныраагын алганыңыз жакшы. Музыка маселесине келсек мен өз сөзүмө жооп берем. Башкасынын сөзүнө жооп бере албайм. Ал эми сигарет маселесинде ошол хадисти бизге жазып жиберсеңиз. Биз ал хадистин деңгээлин карап көрсөк. Сахихби, даифби, ал хадистен кандай өкүм алынат. Ошого жараша жооп берсек.
16) Катуу паласты жууганда аны агып жаткан сууга салып коюп, ошол сууда кеминде он эки саат турушу керек.
17) Намазда азан жана коомат айтуу бул сүннөт. Айтсаңыз сооп аласыз. Айтпасаңыз сүннөт сообунан кур каласыз. Бирок намазды мечитте жамаат менен окуганыңыз сүннөт.
18) Эгер башында жарасы болуп баш кийим кийсе ооруусу күчөп кете турган болсо, баш кийими жок болсо ж. б. у. с. баш кийимсиз намаз окуса болот.
19) Болот. Бирок имам бир карыш алдында туруусу керек.
20) Эгерде башка орун жок болсо окуганга болот.
21) Жылаңач жатып уктоо адепсиздик. Бирок тыюу салынбайт. Ал эми жылаңач болуп кыбылага караса боло берет.
Сизге да Аллах ыраазы болсун, илимңизге илим кошуп ибадат жолунда бекем кылсын.
Азан жана убакыт
СУРОО № 76. Саламатсызбы Чубак аке. Азыр кээбир айыл, шаарларда мечиттер бирибирине жакын болгондуктан айтылган азандар бирбирине аралашып кетет. Бул жакшы эле корунушпу? Мечиттердин аралыгы жонундо шарияаттан же башка окумдор барбы? Аллах сизден ыраазы болгон болсун БЕКБОЛОТ
ЖООП. Саламатчылык урматтуу Бекболот! Мечиттердин канчалык көп болгону ошончолук жакшы. Азандар канчалык бири-бирине аралашып айтылып жаткан болсо, андан бетер жакшы. Азан айтылган жерден шайтан-шабыр качат, ошондой “шылтоо” менен айылдардын баары, шаарлар таза болот.
Меккеге барсаңыз, мен Меккеде он жыл жүргөн адам катары айтып кетем, мечиттери, намазканалары жакын-жакын жайгашкан. Бирок, жума намаздары атайын курулган чоң мечиттерде өткөзүлөт. Мусулмандардын жеңилчилиги үчүн ар бир 20-30 үйдөн кийин бир намазкана бар.
Мечиттердин жакын болушу жакшы нерсе, болгону алар өзүнүн ролун так аткаруулары керек. Мечит – адамдарга жакшылык тараткан, акыйкаттыкты таалим кылган, өспүрүмдөр бош убакытта Куран тамга таанып окуй турган өзүнчө бир “академия” болуш керек.
Эки мечиттер эки азан угуп кала турган болсоңуз эмне кылуу керек? Биринчи уккан азанын кайталап турсаңыз жетиштүү болот.
ВОПРОС № 97. Ассаламуалайкум Муфтий! Да будет доволен вами Аллах за такие преобразования и созданию мусульманам таких удобств. У меня к вам просьба я хотел бы чтобы в центральной мечети азан читал человек с красивым голосом и правильно, ведь на это же есть хадисы от пророка САЛЛАЛЛАХУ АЛЕЙХИ ВА САЛЛАМ Я очень был рад услышать как читают азан братья мусульмане в мечети в 12 м/р. Заранее спасибо вам за понимание и да вознаградит вас Аллах добром.
ОТВЕТ. Ва алейкум ас-салам. Благодарим вас за ваше конструктивное предложение. Джазакаллаху хойрон! Мы рассмотрим этот вопрос.
СУРОО №100. Менде шам намазын убактысы тууралуу суроо: Шам намазын окуш үчүн жарым саат убакыт берилеби? же 45 мөөнөтбү? же бир саатбы? Же болбосом кыш мезгилинде жарым саат, ал эми жай мезгилинде бир саат берилеби? Ушуну Мухтасар китебинен тагыраак жооп берип коюңузду суранамын!
ЖООП. Шамдын убактысы күн баткандан баштап “шапак” бүткүчө. Ал эми “шапак” деген өзү эмне тууралуу уламалар эки түрдүү пикирде:
1) Мухтасар китебинде “шапак– күн баткандан кийинки кызыл нур” делет. Күн баткандан кийин батыш тарап кызарып калат, мына ошол кызыл тараганга чейин шамды окуп бүтүү керек, кызыл жоголгондо шамдын убагы бүтүп, куптандын убагыкирип калат делет.
2) Ал эми башка китепте (мисалы “Аль-Мухтар”): “Күн баткандан кийин кызарат, кызаргандан кийин батыш тарап агарат, мына ошол ак шапак болот” деп айтышат да, ошол ак тарагандан кийин гана шам бүтөт жана куптан кирет деп далил келтиришет.
Ошон үчүн биз аалымдардын талашуусунан чыгуу, шаритты этиаттык менен өтөө максатында:
— Кызыл бүткүчөктү шамды эртерээк окуйбуз (биринчи пикирге ылайык)
— Кызыл бүтүп, ак киргенде шамды да, куптанды да окубайбыз
— Ак бүтүп, толук караңгылык киргенде гана куптанды окуйбуз (экинчи пикир менен)
Ошон үчүн шамдын убактысы куптандын азанына чейин дегенден да этиятта болуу керек.
СУРОО №138.1)Кун толук жашынып, бирок нурлары булуттарга, тоо башыларына тийип турса шам намазынын (ифтардын) убактысы башталабы? 2) Кун коруно элек болуп, бирок нурлары тоо башыларына, булуттарга тийип калса багымдат намазынын убактысы аяктайбы? 3) Жаны намаз календарын окудум, АЛЛАХ раазы болсун. Руксат болсо бир оюм бар эле: балким ар бир 5-10 кун сайын намаздын мустахаб убакыттарын белгилеп турса бир областтын (чолкомдун) мечиттеринин намаз убакыттары окшош болоор эле. Маулана муфтий Жамил Ахмад Назиринин «АЛЛАХ тын элчисинин намазы» аттуу китебинин орусча котормосунда “Мусаннаф ибн Аби Шейба т. 1, стр 321» келет «Посланник АЛЛАХа (солляллоху алейхи уа салам) сказал Билялю (розиаллоху анху): «Читай утренний намаз, когда станет светло так, что люди начнут видеть цель для стрельбы из лука». Самое лучшее время для фаджр намаза — это когда становится светло, и чтобы оставалось столько времени до восхода солнца после совершения намаза, чтобы можно было повторить намаз, соответственно сунне, в случае ошибки”. Биз намазканабызда ушуга амал кылып журобуз, бул туурабы? АЛЛАХ разы болсун!
ЖООП. 1) Күн көрүнбөй толку горизонткобатыш керек. Тоонун арасына кирип алып “күн батты” деген сөз эмес да. Же караңгы үйгө кирип алып тамак жей берсе болбойт дегендей. Тоо жок болгондо, горизонтко күн батат беле же жокпу деген маселе турат да. 2) Ошол эле маселе. 3) Багымдат намазынын убактысы күндүн шооласы чыккандан баштап күндүн дискасы көрүнүп чыкканга чейин. Эң жакшы убакыт мечиттерде жамаат окуган учур (багымдаттын убактысы киргенден тартып 30-40 мүнөттөн кийин). Эгер Бишкекте болсоңуз Борбордук мечитке телефон чалып билип алсаңыздар болот.
ВОПРОС № 148. Я работаю водителем общественного транспорта, и работа начинается в 04.00 утра и заканчивается в 22.00 могу ли я читать Багымдат в 04.00 и Куптан в 22.00 и как читать остальные намазы? Да будет доволен вами Аллах Всевышний!
ОТВЕТ. “Календарь времени намазов” так называется последняя книжечка, которую мы выпустили как раз для определения периода для молитв. Она уже в продаже. Вы также можете просматривать времена намазов на нашем сайте в разделе “Времена намазов”. Багымдат в эти дни (28 января 2011 года) читается с 6:43 до 8:21. В четыре часа будет пока ночь, и прочтенные намазы засчитаются за тахаджут намаз. Куфтан наступает после 19:39. Как читать остальные намазы? Время пешим намаза начиная с 13:16 и до 16:09, пока не наступит аср. В эти три часа наверняка найдется время для четырех ракатов фарз намаза (суннаты можно не читать, только фарзы). Аср в 16:09, а шам намаз в 18:09.
Намаз облегчает нам жизнь, вселает надежду на милость Аллаха, стирает грехи и мерзости с нас, дает гарантию на вечную жизнь в раю, облегчает поиск пропитания, приносит благославление, учит терпению и дисциплине – как мы можем упустить хоть частичку этого. Если искеренно молить Всевышнего, то любое дело всегда облегчается. Успеха вам дома и на работе!
СУРОО № 164. азан жана коомат айткан адам имамдыкка чыгууга болбойбу?
ЖООП.Жок, болот. Бир киши азан айтып, кайра коомат айтып, кайра имамдыкка чыга берсе болот.
СУРОО № 254.1) Сaпaрдa, унивeр-тe жe жылуу суу жок учурдa дaaрaт учун зaн жe зaaрa кылгaн сон дaaрaт кaгaзы ж. б. у. с-лaр м-н aны тaзaлaп койсо жeтиштуубу? Шaрттaры бaрбы? М., бироо эгeр нaжaс 1 дирхaм олчомунон коб-к жeргe жуксa(aрткы тeшиктин aйлaнaсынa(шaрият суроодо уят эс aлaт)), aндa жууш фaрз дeди. 2) Бaгaлeкти кызыл aшыктaн ойдо туруп нaмaз окуу шaрияттa бaрбы? 3) Сaпaрдaпeшим м-н aсрды ж-a шaм м-н куптaнды бир убaкыттa окусa б-т дeгeн соз туурaбы? Туурa б-со, aнын жолу кaндaй? Унив-тe дa болобу? 4) Нaмaз учун жaлгaн суйлосо болобу? М.:Лeкцияда Нaмaз убaгы отуп бaрaтaт. Ичим ооруп ж-т дeп, жaлгaн aйтып, нaмaз окуп кeлсe.
5) Кудуккa эти aдaл уй жaныб-нын тeзeги тушуп кaлсa, aны кaнтип тaзaлоого б-т? Зaaрaсы тушсочу? 6) Мaндaш урунуп олтуруп уктaгaндa эгeр эки чыкaнaк м-н сaнгa суйонсо, дaaрaт сынaт дeгeн соз чынбы? Дaaрaтты сындырбaй уктоонун кaнчa туру бaр? 7) Колду жуугaн сон aны силкуу мaкрухбу? Эч кимгe зыян бeрбeсeчи? 8) Сиздeн моб-к тeл. a-луу мaсeлe суроо учун номeрлeринизди жaзып коe aл-бы(жe бир нeчe ишeниктуу фикх aaлымдaрынын)?
9) бaгымдaттын сунноту м-н фaрз-н орт-дa бироого сaлaм бeруу болбойбу? мeчиттe бироого кол узaтсaк корушпой койду. 10) нaмaздa бeшeнe aчык туруусу к-пи? шaпкa жe чaч aны жaбып турсa нaмaз ото бeрeби? 11) жумaгa бaргaн учурдa имaм бaян кылып жaтсa, мeчит aкы нaмaзын окусa мaкру дeгeн туурaбы?
12) Аялымдын aдaты б-чa aйызы 8 к. соз-т. Мунусундa 5 к-до токтоду. Кошулсaк болобу? 13) /Никeнин 1-туну/жe/никe ж-a уй-б./ — экоонун бириндe жыныстык кaтнaш тын бaрдык позaлaрын бaлa шaл туулaт, козу сокур туулaт ж. б. дeп туурa эмeскe чыгaрыптыр, бир гaнa aял aстындa эркeк устундо дeгeн позaны кaлтырыптыр. Бир aaлым aны туурa эмeс дeди. Авторго чaлсaк,/Ал жон элe котормо. Мeн жон гaнa котормочу элeмин/ деп жооп бeрди. Дин м-н aрaн жaшaп журсок, aлaр динди ого бeтeр оордоштурaт, диндeги жок тыюулaрды киргизип. Ал китeпти сиздeр тeкшeргeнсиздeрби? Эгeрдe созумдо кaтa б-со, кeчирим сурaймын.
14) Мeчиттe имaм жe дaaвaтчылaр бaян к-п ж-сa, нaфил, кaзa нaмaз окуй бeрсe б-бу(жe курaн)? 15) Бир мaсeлeгe эки имaм эки турдуу жооп aйтышсa, кимисин ээрчишибиз к/к? М., Шaмил Аляутдинов м-н Сиздин фaтвaлaрыныз кээдe дaл кeлбeй кaлaт, м., музыкaны aл киши хaлaл дeп, муз-к окуу ж-гa дa кирууго уруксaт бeрди. Сиз бaшкaчa aйтып ж-з. О. э. бир имaм сигaрeт дaaрaтты сындырaт дeп, Сиздин фaтвaнызды хaдистeн дaлил aйтып, кaйтaрып койду. 16) Кaтуу пaлaсты, эгeр aгa нaжaс тогулуп, синип кeтсe, кaнтип жуусa тaзa б-т?
17) Намазды уйдон окуганда азан айтпай эле комат айтып окуй берсе болобу же созсуз азан айтып анан окуш керекпи?
18) Кaндaй сeбeптeр м-н бaш кийимсиз нaмaз окусa б-т? 19) Эки aдaм жaмaaт б-п нaмaз окушсa, экоо жaнaшa бир сaптa турушсa б-бу? 20) Жaтып aлгaн aдaмгa кaрaп нaмaз окуу дуруспу? 21) Тошокто жылaнaч уктоо, жылaнaч aбaлдa кыблaгa кaроо болобу?
Жооп жазып койсонуз ото жакшы болот эле. Аллах сизден ыраазы болсун Чубак ажы байке!Рaхмaт.
ЖООП.1)Ооба шарттары бар. Эгер күн өтө эле суук болуп, суу колдонгондон ден-соолука зыян жете турган болсо, анда суу колдонбостон эле даарат кагаз менен тазалап койсо болот. Туура бир дирхамдан көп болсо аны жууш парз болот. Бирок жогоруда айтылгандай, ден-соолука зыян жете турган болсо анда бул учурда да кагаз колдонууга болот.
2) Багалекти кызыл ашыктан өйдө түрүп намаз окуу шариатта милдеттендирилбейт. Тескерисинче түрүлгөн багелекти жана жеңди жазып түшүрүп окуу керек. Ал эми намаз учурунда эле эмес, балким баардык учурда кызыл ашыктан өйдө кылып шым кийүү шариатыбызда сүннөт деп эсептелет.
3) Биздин Ханафий мазхабы боюнча бир гана Арафатта эки намаз бир убакта жам кылып окуганга болот. Башка убакта уруксат берилбейт. Бирок сапарда жүргөндө намаз окуганга кыйынчылык тууласа бир намазды кечиктирип акыркы убагында, ал эми кийинкисин баштапкы убагында окуса болот. М: пешим намазын акыркы убагында окуп, бир аз күтүп асыр намазынын убактысы кирген соң асыр намазын окуса болот. Ошондо бул көрүнүшүнөн эки намазды бириктирип окугандай болот. Бирок чындыгында ар бир намаз өз убагында окулган болуп эсептелет.
4) Эгер такыр башка айла калбай калган болсо болот. Бирок колдон келишинче жалган айтпаганга аракет кылыш керек.
5) Кудука эти адал уй, кой, жылкы ж. у. с. дын тезеги түшүп калган болсо эле суу нажасат болуп эсептелбейт. сууну көргөн тажрыйбалуу адам ошол сууга түшкөн нажасаттарды көп деп айта турганчалык болсо же чака менен суу алганда чакага тезек толуп чыккан болсо гана суу нажас болду деп эсептелет. Ушундай учурда биринчи суудагы нажасатты чыгарып салып, андан кийин сууну тазалоо керек болот. Сийдиги түшкөндө анын изи (даамы, жыты, түсү) билинеби же билинбейби ошого кароо керек болот. Эгер изи билинсе анда тазалоо керек.
6) Мандаш урунуп чыканагын тизесине сүйөп уктап жаткан адамдын колун ала койсон жыгылып кала турган болсо даарат бузулат. Жыгылбаса бузулбайт. Туруп, эч нерсеге сүйөнбөй отуруп, рүкүдө, саждада туруп уктаса даарат бузулбайт.
7) Колду силкүү макрух эмес, адепсиздик катары бааланат.
8) 0312 48 65 30, 0779 22 42 74 же 0772 177062 номерлерине чалып маселе сурасаңыз болот. Бул муфтияттын фатва бөлүмүнүн номери.
9) Багымдаттын сүннөтү менен фарзынын арасында салам берсе боло берет. Эгер салам берилген болсо алик алуу керек.
10) Ооба намазда бешене ачык туруусу керек болот. Эгер шапка тосуп турган болсо макүрү болот. Ал эми чач тосуп турса эч нерсе болбойт. Бирок эркек адам чачын кыскарак алып жүргөнү жакшы.
11) Имам хутба кылып жаткан убакта окуса макүрү болот. Ал жуманын алгачкы сүннөтү менен фарзынын арасында окулат. Алгачкы сүннөттөн мурда баян кылынып жаткан болсо, намаз окусаңыз боло берет.
12) Эгер аялдын айызы он күндөн аз убакытта токтогон болсо, ошол аял жуунгандан кийин же болбосо жуунуп бир намаз окуганчалык убакыт өткөндөн кийин кошулса болот.
13)Ал айтылган сөздөр туура эмес. Шариатыбызда бир гана аялдын артына жана аял айыз көрүп жаткан убакта жана төрөт каны болуп жаткан кезде кошулууга тыюу салат. Ал эми бала төрөй турган жерине каалагандай кошулсаңыз болот. “Нике жана үй-бүлө” китебине сын пикирлер көп айтылууда, каталары көп экен дешүүдө. Шектүү китептерди таштап, андан көрө шексиз китептерди пайдаланганыңыз жакшы.
14) Мечит ар бири ибаадат кыла ала турган жай.Нафил, каза ж. б. намаздарды башкаларга карабайокуй берсеңиз болот.
15) Бир маселеде эки имам эки маселени айткан болсо такыбалыка жакыныраагын алганыңыз жакшы. Музыка маселесине келсек мен өз сөзүмө жооп берем. Башкасынын сөзүнө жооп бере албайм. Ал эми сигарет маселесинде ошол хадисти бизге жазып жиберсеңиз. Биз ал хадистин деңгээлин карап көрсөк. Сахихби, даифби, ал хадистен кандай өкүм алынат. Ошого жараша жооп берсек.
16) Катуу паласты жууганда аны агып жаткан сууга салып коюп, ошол сууда кеминде он эки саат турушу керек.
17) Намазда азан жана коомат айтуу бул сүннөт. Айтсаңыз сооп аласыз. Айтпасаңыз сүннөт сообунан кур каласыз. Бирок намазды мечитте жамаат менен окуганыңыз сүннөт.
18) Эгер башында жарасы болуп баш кийим кийсе ооруусу күчөп кете турган болсо, баш кийими жок болсо ж. б. у. с. баш кийимсиз намаз окуса болот.
19) Болот. Бирок имам бир карыш алдында туруусу керек.
20) Эгерде башка орун жок болсо окуганга болот.
21) Жылаңач жатып уктоо адепсиздик. Бирок тыюу салынбайт. Ал эми жылаңач болуп кыбылага караса боло берет.
Сизге да Аллах ыраазы болсун, илимңизге илим кошуп ибадат жолунда бекем кылсын