СУЛАЙМАН (АГА АЛЛААНЫН САЛАМЫ БОЛСУН) ПАЙГАМБАРДЫН ДААНЫШМАНДЫГЫ!!!
Күндөрдүн биринде Сулайман (ага Алланын саламы болсун) пайгамбарга эки аял келет. Алардын бирдей, бир убакта төрөгөн балдары болот. Капысынан чоң аялдын баласын отун терип жүрүшкөн жерден карышкыр жеп коёт. Чоң аял биринчи көргөндүктөн кичине аялдын баласын өз колуна алып, артынан чуркап келген кичине аялга: сенин балаңды карышкыр жеп кетиптир, а бул менин балам дейт. Кичине аял: жок бул менин балам карышкыр сенин балаңды жеген деп талаша кетишет.
Апа кандай гана зат! Кантип өз баласын тааныбай койсун?! Көр болгондо дагы жытынан тааныйт го!
Ошентип чоң аял менин балам деп талашып бербей коёт. Көпкө талашып акырында Сулайман (ага Алланын саламы болсун) пайгамбардын алдына келишет.
Сулайман пайгамбардын атасы Дауд пайгамбар (аларга Алланын саламы болсун) тиги аялдарга өкүм чыгарат.
Өкүмдүн алдында байкуш кичине аял эч кандай далил алып келе албай койгондуктан Сулаймандын атасы Дауд (аларга Алланын саламы болсун) пайгамбар баланы чоң аялдын баласы деп өкүм чыгарат.
Сулайман (ага Алланын саламы болсун) пайгамбар аялдарды, чоңу кубанып кичүүсү кайгырып чыгып баратканын көрүп, өзүнчө «ушуларды сынап көрөйүнчү, бул жерде акыл эмес балким эненин мээрими туура чечеттир, кимисинин балага болгон мээрими сүйүүсү көп болсо анда бала ошол аялдыкы болот» деп алдына чакырат.
Аллаа Сулайман(ага Аллаанын саламы болсун) пайгамбарга көзү өткүр, ар ишти өз ордунда чече билген, өзгөчө касиеттү даанышмандыкты берип койгон эле.
Сулайман (ага Алланын саламы болсун) пайгамбар аларга: экөөңөр тең бала меники деп жатасыңарбы дейт.
Аялдар экөө бирдей «меники» дешет.
Сулайман (ага Алланын саламы болсун) пайгамбар тегерегиндеги кишилерге: анда мага өткүр, курч бычак келтиргиле, дейт.
Чоң аял унчукпай тура берет.
А кичинеси болсо: эмнеге, эмне кыласыз бычакты дейт.
Сулайман (ага Алланын саламы болсун) пайгамбар: так ортосунан экиге бөлүп берем силерге дейт.
Албетте апа көз алдында өз баласынын бирөө өлтүрүп жатканын көргөнгө эч качан чыдай албайт, раазы болбойт да.
Кичине аял жүзү бозоруп көздөрүнө жаш келип: жок, жок антпеңиз пайгамбарым, андай кылбаңыз.
Макул балам ошол аялдын колунда калса калсын бирок өлтүрбөңүз. Канымдан жаралган баламды кучагыма албасам дагы алыстан тирүү көрсөм мен үчүн аябай чоң бакыт деп жалына баштайт.
Муну көргөн Сулайман (ага Алланын саламы болсун) пайгамбар баланын энеси ушул аял деп тиги аялдын колунан баланы алып, колуна карматат.
Ооба апа бул кандай гана зат!. Анын оордун эч качан эч ким толуктай албайт.
Аллаахым ата энелерибизди тозок отунан сактагын. Бейишиңдин төрү Фирдаус ал-аьлаа бейишиңден жай бергин!!!