Шахадат келмесин айтып мусулман болгондон кийин пендеге намаз окуу милдети коюлган.
Намаз пенденин Жаратканынын алдындагы алсыздыгын, баш ийип
кулдук кылууга милдетүү экендигинин башкысы, Кудайынын өкүмүн кың дебей аткарууга моюн сунгандыгынын далили.
Кудайга болгон ызаат- урмат, коркуу, Акырет соопторуна болгон үмүт дүйнө кызыкчылыктарын, түйшүктөрүн артка таштап сажда кылууга
жетелейт.
Сүйүктүү Мухаммад (Ага Аллахтын тынчтыгы болсун):
«Намаз- диндин тиреги, Кимдин намазы жок болсо, дининин кыйраганы» — деген эле.
А канчалар өздөрүн мусулман эсептеп, бирок намазы жок бейкапар
жүрүшөт.
Намазын калтыргандардын өлүм алдындагы, кабыр ордундагы, Акырет
жашоосундагы азаптары жүрөк титиретет.
Пенде ошол азаптардан сактанып, Кудайдан калканч издеп намазга бекем болушу керек.
Пайгамбарыбыздан жакшы иштер тууралуу сурашканда:
«Эң жакшы иш (амал) -өз убагында окулган намаз.
Өз убагында окулган намаз.
Өз убагында окулган намаз», -деп кайталаган.
Сүйүктүү элчи (Ага Аллахтын тынчтыгы болсун) башына мүшкүл түшкөндөрдү да намаз окуганга буюрган.
Момундардын энеси Аиша (Аллах ыракматына алсын) риваят кылган
хадистерде:
«Алла Элчиси катуу шамал болсо да намазга шашылчу, шамал тынчыгыча намазда болор эле», -деген маани айтылат.
Пенденин окуган намазы Аллахтын алдында канчалык артык, баалуу,
даражалуу экенин төмөнкү хадистен көрсөк болот:
«Жебрейил периште кырк миң жыл бою намаз окуду.
Ушундан кийин Аллах:
«Анын намазынан Мухаммаддын (Ага Аллахтын тынчтыгы болсун!) үммөтүнүн эки рекет намазы кымбатыраак» -дейт.
Караңызчы, күнбү-түнбү, эртеби- кечпи кандай учур, кырдаал болбосун бири рүкүдө, бири кыямда, бири саждада турган периштелерден да
Мухаммад (Ага Аллахтын тынчтыгы болсун!) үммөтүнүн ордун артык баалап жатат!
Кудурет Ээси бизге ушундай урмат кылып жатса, биз кантип намаздарды каза кылып уктап жатабыз?
Азан жаңырып, убакыт-сааттын болгонун жар салып жатса кантип
кекиртегибизден аш өтүп беймарал тамактанып жатабыз?
Эмне үчүн намаз мынчалык бааланат?
Ислам шариатындагы өкүмдөр Жебрейил периште аркылуу
пайгамбарыбызга келип турган.
Ал эми намаз өкүмүн Жаратуучу элчисин Өзү турган жерге көтөрүп,
белек кылды.
Бул окуя ислам тарыхында «Мираж окуясы» деп аталып калды.
Ошондуктан, Пайгамбар да (Ага Аллахтын тынчтыгы болсун!), анын
жолундагы сахабалары да намазга өзгөчө жоопкерчилик менен
мамиле кылышкан.
Намаз-Жаратуучу менен болгон өзгөчө байланыш.
Намазга турганда жүрөктөгү коркуу денеге чагылышып, бүшүркөп,
тайсалдап турган менен жан адамга айтпаган дилдеги сураныч, тообо,
даттануу, аруу тилек, купуя сыр, арман-дарт биринен сала бири төгүлөт.
«Бир гана Сага таянам, Сенден гана үмүт кылам, Сен Кудуреттүүсүн, Сен гана жардам бере аласың»- деген сайын Аллахка болгон кадамың тездеп, аралык улам жакындайт.
Таянычыңды, Колдоочуңду таап алгандан кийин эч кимден, эч нерседен коркпойсуң, муктаж дагы болбойсуң.
Анткени, ар качанда бир качан жардамга келген, ар убак көзөмөл кылып турган, Жардамын аябаган Боорукер заттын коргонуна кирдиң.
«Намаз-көзүмдүн кареги»-деген эле Алла элчиси (Ага Аллахтын тынчтыгы болсун).
Көздүн карегинен артык мамиле кылып, аздектеп күтүп албасак көрөр
күнүбүз алыс болбогон Кыяматта абалыбыз оор.
Акыреттеги сурак да намазыбыздан башталат дегенди уккан сайын, окуган сайын намаздарга абай салуубуз керек.
Намаз окуудагы максатыбыз, окуган абалыбыз кандай болсо ошого
жараша азап, же жыргалды көрөбүз.
Намаз-бейиштин ачкычы.
Намаздарыбыз бейишти эңсөө менен окулса, барар жерибиз бейиш, окулбай калса, же «кожо көрсүн» деп мактаныч сезим менен окусак, а балким дүйнөлүк максаттар менен окусак (Алла сактасын!) бараар
жерибиз кейиш экени анык.
Урматтуу бир тууган, күнүбүздү иретке келтирип, убакыт- саатты бешке бөлүп хадисте айтылгандай күнөөнү тазалай турган дарыяга чайынып, периштеден артык макталган даражага умтулалы♥
Акырет азыгы болгон намазга бекем бололу, аракет кылалы.