Пример HTML-страницы

САПАРГА ЧЫГУУ

https://kyrgyzcha.site/?p=58611&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

=САПАРГА ЧЫГУУ=

Сапарга чыккан адам үйүнөн, мекенинен ажырап көбүнчө жакындарынан узак жерге кетет. Сапарга чыккан учурда түрдүү кыйынчылыктарга дуушар болушат. Каалаган учурда тамак-аш жей албайт, каалаганында уктай абайт. Жолдо кээ бир тоскоолдуктарга учураган мезгил да болот. Кээде сапардын кээ бир кыйынчылыктары болушу жолдо коопсуздуктун болбошу себепчи. Алла оор сапарды оңойлоштуруу максатында кулдарына жакшы өбөлгө түзүп берген. Сапарга чыккан адам төрт рекеттүү парз намазын кыскартып, эки рекет кылган. Куран: 《Жер жүзүндө сапарга чыкканыңарда, каапырлардын силерге жаман иш кылаарынан корксоңор, намазды кыскартууда силер үчүн эч кандай айып жок》 (4/Ниса сүрөөсү, 101-аят)-деп сүйүнчүлөнгөн эмеспи?

Яла таң калып Умардын (р. а) эшигине жакындашты. 《Аят бизге бул оңойчулукту таанып жатат, бирок азыр болсо бардык жер ишенимдүү. Сапарга чыкканыбызда эмне үчүн намаздарыбызды кыскарталы?》-дешти. Аз. Умар өзүнө ишенип сүйлөй баштады. Ал Умар болчу. Мусулмандардын жол башчысы. Эч кимдин акылына келбеген көп нерсе анын акылына келген. Аз. Умар Ялага: 《Мен ошол эле суроону Алланын элчисинен сураган болчумун. 《Бул Алланын силерге берген садакасы. Алланын садакасын кабыл албайт》 деген》-деп жооп берди. (Муслим, «Салатул-Мусафирийн»ва Касруха»,4)

Алланын кулуна садакасы эч кабыл алынбайбы?

Алланын садакасынан бири! Сапарга чыккан учурда адам кааласа орозо кармайт, кааласа кармабайт! (Насаи, «Сыям», 56) Сахаба төмөнкү маалыматты бизге кабарлайт: «Рамазан айында Алланын элчиси менен сапарга чыкчуубуз. Кээ бирибиз сапарда болгондуктан орозо кармабайт болчубуз, кээ бирибиз кармаганбыз. Бирок орозо кармаган (Сапардагы мүмүкүнчүлүгүн колдонбогондугу) эмнеге орозо кармагандыгы, кармабаган эмне үчүн кармабагандыгы сындалган жок». (Муслим, «Сиям» 95) Ошол эле учурда Алланын элчиси да сапарда болгон учурда кээде орозо кармаган, кээде кармаган мезгилдер да болгон. (Ибн Маажа, «Сиям», 10) Ооба бул сапарлар үч күндүк (он сегиз саат жөө жүргөн 90км) болушу керек жана адам орозо кармап, күндүз жолго чыкса сапардан пайдалана албайт. (Өмер Насухий Билмен, Илмихал, 286- бет)

Анастын айтканы боюнча: «Алланын элчиси менен сапарда бирге болдук. Арабыздан кээ бирибиз орозолуу, кээ бирибиз орозолуу эмес болчубуз. Аба аябай ыссык болчу! Жолдо тыныгуу жасадык. Кээ бирибиз көйнөгүн башына жамынып күндөн коргонууга аракеттенип жатты, кээ бирибиз болсо колу менен күндүн нурунан сактанууга аракеттенип жаттык. Орозо кармагандар бир-бирден салкын жер издеп жыгылып жатты. Орозо кармабагандар эч таасирленбей бутунда турган болчу. Чатырлардын баарын алар курушту. Минген айбандарды алар суугарышты. Алланын элчиси: 《Бүтүн орозо кармагандар сооптун баарын жыйнап алышты》-деп буюрду. » (Муслим, «Сыям», 100)

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE