Пример HTML-страницы

«САБЫРДУУЛУКТУ КИЧИНЕКЕЙ БАЛАДАН ҮЙРӨНДҮМ…» 

https://kyrgyzcha.site/?p=60411&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

«САБЫРДУУЛУКТУ КИЧИНЕКЕЙ БАЛАДАН ҮЙРӨНДҮМ…»

Фудайл бин Ийааз айтат: «Мен сабырдуулукту кичинекей баладан үйрөндүм».

Күндөрдүн биринде мечитке баратып бир аялдын үйүнүн ичинде өз баласын уруп жатканын көрүп калдым. Баласы чыркырап ыйлап жатыптыр, арадан аз убакыт өтүп-өтпөй бала сыртка качып чыкты, апасы эшикти ичинен жаап койду. Мен кичинекей балага назар салып карап турдум. Ал бир аз ыйлады, кайра көз жашын аарчып ыйын токтотту. Оңго карап, солго карап жатаарга баш калкалаар жер таппады. Кайра апасын карай үйүнө аттанды. Эшикти түрттү, каккылап көрдү, бирок ичинен култанган эшик ачылаар түрү жок. Байкуш бала жаагын эшиктин босогосуна койуп уктап калды… Эч нерседен кабары жок апа эшикти ачты, баласынын босогодо уктап жатканын көрүп энелик мээрими козуп кетти да, өзүн кармана албай баласын бооруна кысып өпкүлөй баштады. Баласына: «О, балакайым менин! Менден башка кимге бармаксын?, менден башка баш калкалаар кимиң бар?, мен сага: Менин айтканымдан чыкпа, мени ук!, дебедим беле?», деп кучагына кыскан бойдон үйүнө алып кирип кетти. .

Фудайл бин Ийаз бул окуяны айтканда көз жашы сакалына чейин куюлуп жатты, жана мындай деди: «Эгер пенде, Аллах жаап койгон эшиктердин ачылышын күтүп сабыр кыла алса, Аллах ал эшиктерди сөзсүз ачат».

Абу Дарда (Аллах андан ыраазы болсун) айткан: «Дуба кылганда тырышчаак болгула, чындыгында эшикти көп каккан адамга эшиктин ачылуусу өтө тез болот».

Орозонун, намаздын, садаканын жана Куран окугандын даамын тата албай жүргөн бир тууганым!Алланын мээриминен үмүтүңдү үзбө! Алланын эшигин каккыла, Аллах сураган нерсеңди сөзсүз берет. Аллах, алакан жайып дуба кылган адамдын колун куру кол кайтаруудан уялат. Болгону бир аз сабыр кыл, балким Аллах сага сен сурагандан да жакшыраагын берет. Сабырдын түбү сары алтын!!!

Абдишүкүр ажы Нарматов.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE