Сабыр: турмуштун ар кандай оор сыноолору, оош-кыйыш күндөрү жараян эткен чакта тең салмактуулукту сактоо, балээлерге чыдоо, кыйынчылыкка туруштук берүү, уруш-талаш жүз берип, оор жоготуулар болгон чакта кызуу кандуулукка алдырбоо, пенделик сезимдерди акыл-парасаттын жана диндин чегинде тизгиндөө деген маанилерди туюнтат.
Сабыр-изги ахлактын чордону, ыймандын жарымы, кубаныч жана таалайдын ачкычы?
Сабыр-бейиш нематтарын таттырган улуу изгилик. Сабыр-жагымсыз жана кайгы-муңдуу окуялар жүз берген чакта мурунку калыптан жазбай Жаратканга бет алуу, рухий дүйнөгө сүңгүү?…
Пайгамбарлар, олуялар сабырдуулук жаатында үлгүлүүлүктү көрсөтүп, Алланын жардамына тушугушкан. Андыктан сабырдуулукта, чыдамкайлыкта, кайрат кылууда аларды негизги үлгү деп билгенибиз дурус.
Сабырдын будүйнөдө ачуу, акыретте таттуу мөмөсү бар?
Сабырдын оорлугуна чыдаган пенделер одүйнөдө Алланын ыраазылыгына татып, Бейиштен орун алышат?
Тактап айтканда, Жараткандын жаса-жасаба деген буйруктарынын артындагы сыр, акыбет жана үзүр тууралуу ой жүгүртүү сабырды жеңилдетет.
Машакаттуу окуяга тушуккан маалда акыл-эсти сергек кармап, кайрат кылуу-сабырдын алгачкы шарты. Өз убагында көрсөтүлбөгөн сабырдуулуктун акыбети зор болбойт.
Ахлактык жаамы изгиликтерди камтыгандыктан динибизде сабырдын салмактуу орду бар. Куранда сабыр тууралуу жетимиштен ашуун жерде кеп айтылат. Аяттарда Азирети Пайгамбарыбызга жана ал аркылуу бүтүндөй пендезатка сабырдуулук сунуш этилген:
“Эй ыйман келтиргендер! Сабыр жана намаз аркылуу Алладан жардам сурагыла!…” (Бакара, 153).
“Эй ыйман келтиргендер! Сабыр кылгыла, чыдамкай болуп, даяр жана сергек болгула. Алладан корккула, ийгилик табасыңар” (Аалу Имран, 200).
Элмалы Хамди Языр бул аятты төмөнкүдөй чечмелеген:
“ас-Сабур”-Жараткан Алланын токсон тогуз ысмынын бири. Кимде сабырдуулук болсо, демек анда Кудай Тааланын кудуретинин бир бүркүмү бар. Ал ар дайым сабырдуулардын досу жана колдоочусу”.
Чоң өзгөрүүлөр, албан акыбет ар дайым бекем чыдамкайлыктын, кылт эткис сабырдуулуктун артынан келет.
“Сабыр кылгандардын акысы эсепсиз кайтарылат” (Зумар, 10).
Сабырдын түрлөрү жана изгилиги тууралуу Азирети Пайгамбарыбыздан бир хадис?
“Сабыр үчөө: Балээлерге сабыр, кулчулук озуйпаны өтөөдөгү сабыр, күнөөдөн оолактоодогу сабыр…” (Саюти, II, 42; Дайлами, II, 416).
Сүйүктүү Элчиси аркылуу Алла Таала береги сүйүнчүнү билдирген?
“Жандай көргөн досун тирүүлүктөн алган маалда (сабыр кылып) үзүрүн Менден күткөн момун пендеме даргөйүмдөн бейиш тартуулайм?” (Бухари, Рикак, 6).
“Пендемдин эки көзүн алып сынаганымда азиздикке сабыр кылса, көздөрү үчүн ага бейиш берем” (Бухари, Марда, 7; Тирмизи, Зухд, 58).
Динибиздин тарбия-таалим жаатында сабыдын маанилүү орду бар. Ошол себептен Азирети Абу Бакир мындай деген?
“Мен үчүн жайчылыкта жашап шүгүр кылганга караганда сыноого тушугуп сабыр кылганым дагы да пайдалуу”.
Изгилик элестери?
Алла Элчисинин өмүр жолу баштан аяк сабырдуулуктун эң мыкты өрнөктөрүнө толтура. Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) балачагынан көзү өткөнгө чейин зор кыйынчылыктарды, машакаттарды тартып, оор жоготууларга дуушар болгон. Жарык дүйнөгө али келе электе атасын, алты жашка келгенде энесин, сегиз жашта чоңатасын, Пайгамбарлыгынын онунчу жылында ошо кезге чейин душмандан коргоп, болгон жардамын көрөстүп келген абасын, бул айрылуудан үч күн өтпөй улуу озуйпадагы эң ишенимдүү колдоочусу, сүйгөн жары Азирети Хатижаны, Ухуд айкашында шейиттердин мырзасы Азирети Хамзаны, алты перзентин жана көптөгөн неберелерин ар кайсы куракта Жаратканга тапшырган?
Сүйүктүү сахабаларынын көбүн өз колу менен жерге берген. Кордук көрүп, жалган жалаа, куру доомат жана жокчулуктун азабын тарткан. Согуштарда жаракат алган, алоолонгон ысытмалуу ооруулар менен ооруган. Ошентсе да, кайратынан жанган эмес. Булардын бири да анын сабыр чебин бузуп өталган эмес. Бул жаатта да өрнөктүү өмүр кечирди?
Ал сыяктанып канча киши алты перзентин өз колу менен жерге берди экен? Канча кишинин кучагында өз перзенттери жана неберелери дем алалбай жан берди экен? Дүйнөдө абасынын олбурлуу денеси мыкаачылык менен кескиленип, боору майда чайналганын көргөн пенде барбы деги? Дүйнөдө Алла Элчиси сыяктуу жан чыдагыс кыйынчылыкттардын түрү менен сыналган жана алардын баарын сабырдуулук менен көтөрө билген кайраттуу пенде бар болду бекен?
?Караңгылык доордо ажылык учурунда жарманкелер өтө турган. Ага келген арап урууларын Алла Элчиси Исламга чакырчу?
Тилеке каршы, алардын көбү аны шылдыңдап, кордук көрсөткөндөн кайра тартчу эмес. Жаратылыш Нуру алардын баарын сабардуулук менен көтөрө алган?
Бир жолкусунда Алланын Элчиси Указ жарманкесине келген Амир бин Сасаадан тарагандарга да ыйман, дин тууралуу кабар таштады:
-Мен Алланын Элчисимин! Эл-журтка Улуу Алланын буйруктарын жеткирип, Ал милдеттендирген Элчилик озуйпаны орундатканга чейин мени коргоого аласыңарбы? Бирок муну эч кимге таңуулабайм!
-Андай болсо, биз сени жаныбыздан кубалабайбыз да, сага ыйман да келтирбейбиз. Болгону чакырык озуйпаңды аягына чыгарганга чейин сени коргоого алабыз! дешет.
Дал ошол маалда келишим түзүлүп жаткан уруунун арасынын Байкара аттуу бир карөзгөй келип, Азирети Пайгамбарыбыздын ким экенин сураштырып билет. Анын максатына көмөк көрсөтүмүш болуп жаамы арап элин бийлегенге мүмкүнчүлүк бар экен деген таттуу кыялга балкып суроолорду жаадырат.
Жаратылыш Нурунан?
-Ал иш Аллага гана таандык! Алла аны каалаганына берет! деген жоопту алган Байкара буркан-шаркан түшүп өз уруусуна минтип кайрылды:
-Ушул жармаңкеден силер гана эң жаман акыбет менен кайтып жатасыңар. Бүтүн арап элине туруштук бере аларыңарды ойлоп жатасыңарбы? Аны өз коому силерден да жакшы билет, ошондуктан чанып, танып жатышат. Эгер бир жакшылыгын байкай алганда өз коому эч кимге бербей калар эле…
Азирет Пайгамбарыбыздын алдына түз басып келди:
-Кана, бирди көрө элегиңде тез кетип кал бул жерден ! деди.
Алланын Элчиси ордунан капалуу туруп, төөсүнө карай басты. Буйласын чечип эми минип бутун ашырайын деп жатканда жаалданган акмак Байкара төөнүн көкүрөгүнөн артка карай түрттү эле төө секирип туруп кетип, бутунун жарымы ашпай калган Кутман Пайгамбары жерге жыгылды.
Дубаа бинти Амир ысымдуу мусулман аял Алланын Элчисинин мушриктин атайылаган кастыгынан улам жыгылганын көрүп:
-Оо, Амир жамааты! Алланын Элчисине кастык жасалып жатканын өз көзүңөр менен көрүп турасыңар. Менин урматым үчүн аны коргоп калар бирөө жарым барбы араңарда?! -деп өз жамаатына үмүттүү карады.
Абасынын балдарынан үч киши дароо келип Байкараны мойнунан толгоп, ары сүйрөп кетти.
Бул окуя түш сыяктуу өтүп кетти. Азирети Пайгамбарыбыз өзүнө жан тарткан адамдар үчүн?
«Оо Жараткан Кудайым! Бул пенделериңе берекеңден насип кыл!» деп жакшылык тиледи. Азирети Пайгамбарыбыздын бул жакшылык тилегинин берекеси менен өзүнө жан тарткан адамдарга ыйман этүү насип кылынып, дин жолунда күрөшкөн каармандарга айланды, акырында шейит болуп кетишти (Ибн-и Хажар ал-Исаба, IV, 353).
?Дин Исламды жаям деп жүрүп тарткан азыбына күбө болгон Тарик бин Абдуллах бир окуяны минтип эскерет?
Айтылгандай эле Алланын Элчиси кызыл желек кийинип алып Зулмажаж жарманкесинде элди дин Исламга чакырып жүрдү. Аны мен өз көзүм менен көргөн элем, анын чакырыгы мындай мааниде эле:
-Оо, калайык калың журт! Алладан башка сыйынууга татыктуу эч бир кудай жок деп айткыла, кутулганыңар ошол?!
Бирок ошол эле учурда ниетинин жамандыгы кебетесинен билинип турган бир адам колуна таш кармап, Анын артынан аңдып жүргөнү да көзүмө чалдыгып калды. Ал адам аңдып эле тим болбостон жанындалар:
-Айланайын калайык! Бул адамдын айтканынна ишене көрбөгүлө, Ал жеткен жалганчы! деп кыйкырып алыптыр. Анан да тиги адамды улам таш менен ура берип, анын бутун канга бойоптур же динге чакырган адам бир каршылык берип койсочу.
Жарманкеге келгендерден ал адамдын ким экендиги тууралуу сураганымда:
-Абдулмуталлибдин неберелеринин бири деп айтышты.
-Мейли, анысы го ал экен, а тиги артынан аңдып ташбараңга алган мыкаачы ким болот? дедим.
-Ал өзүнүн эле агасы Абу Лахап деген адам дешти (Хаким. II, 668; Ибн-и Асийр, Усдул-Гааба, III, 71)
?Сүйүктүү Пайгамбарыбыз сабырдуулуктун сересин үлгү катары көрсөткөнүн Мудрик ал-Азди мындайча баян эткен?
«Атам менен ажыга барган элем. Ажылык озуйпабызды аткарып жүрүп, Минага келип конуп калдык. Ал жерде да бир жамаат бар экен. Атамдан сурадым:
-Атаке, булар эмне үчүн топтолушуп алышкан?
-Өз коомунун динин чанган тиги адам үчүн жыйналышыптыр!
Атам колун нускаган тараптагы адамдарды бирден көздөн өткөрүп олтуруп Алланын Элчисин көрдүм. Анткени ал:
-Оо, калайык калың журт! Алладан башка сыйынууга татыктуу эч бир кудай жок деп айткыла, азаптан кутулганыңар ошол! деп үнүн бийик чыгарып, элди аралап жүрүптүр.
Ал эми топтолушуп турган адамдардын кээ бири анын бетине түкүрүп жатса, кээлери башына топурак чачып, үчүнчү бирлери аны сөгүп жатыптыр. Мындай басмырлоо жана кордук түш ченге чейин уланды. Бир мезгилде кордук көрүп жаткан адамдын жанына бир кыз келди. Анын колунда кумган жана жүз аарчы бар эле. Кыздын ыйлап жатканын баары көрүп турду. Алланын Элчиси кумгандан суу ичти, боз-ала болгон бетин жууду. Башын өйдө көтөрүп:
-Кызым, жакаңды жоолугуңдун учу менен кымтылап ал! Тузакка түшүп өлтүрүлөт экен же ушу бойдон кордук көрүп жүрүп өтүп кетет экен деп атаң үчүн өзүңдү кыйнаба! деди кызына жолооруй.
Адамдардан сураштырып жанындагы кызды өз кызы Зайнап экенин билдим (Ибн-и Асийр, Усдул-Гааба, V, 130; Хайсами, VI, 21).
?Бул окуяны Абдулла бин Масуд баян эткен:
Алла Элчиси Хунайндан келген олжолорду таратууда дин Исламга имерүү үчүн айрым адамдарга көбүрөөк берет. Акра бин Хабиске жүз төө, Уяйна бин Хыснга да жүз төө берет. Ошол күнкү бөлүштүрүүдө араптардын тыңчыкмаларына бираз ашыкча берилет. Олжо аз тийип калгандардын күбүр-шыбыры күчөйт. Ортолуктан нааразы болгондор ачыка чыга баштады:
-Кудай урсун! Мындай бөлүштүрүү акыйкат эмес! Алла ыраазылыгы көздөлгөн эмес!
-Эмне үчүн акыйкат жок экен. Алла Элчисине айтам сени! деп кыжырланып, ачуу үстүндө болгонун болгондой айтып бердим.
Муну уккан Алла Элчисинин ачуусу жүзүнө чыкты.
«-Алла жана Элчиси адилеттүүлүк кылбаса, башка эч ким адилеттүүлүк кылалбайт! Алла Мусага мээримин төксүн. Ал мындан да оор сыноого кабылганы менен сабыр кылган» деди (Бухари, Адаб, 53; Муслим, Закат, 145).
?Анас бин Маликтин айтуусуна караганда Алла Элчиси перзентинин мүрзөсүнүн башында боздоп ыйлап жаткан эненин жанынан өтүп баратып, ага кайрат айтат:
«-Алладан корк, сабыр кыл!»
Муңга чөгүп башын көтөрүүгө дарманы жетпеген аял:
-Жогол көзүмө көрүнбөй! Менин башыма келген караан күн сени башыңа келген эмес! деп ачууланат.
Мусулман аял ошол маалда анын Азирети Мухаммад экенин тааныбагандыктан береги оор сөздү айтып алат. Жанындагылар сабырдуулукка чакырган инсандын Пайгамбар экенин айтаары менен Алла Элчисин издеп табат да, кечирим сурайт. Ал мусулман аялга муну насааттайт?
«-Балекет жүз берген чакта көрсөтүлгөн сабыр-чыныгы сабыр!»(Бухари, Жанаиз, 32).
?Алланын Ардактуу Элчиси Жабраил периштеден сурап калды:
-Жакып Жусуп үчүн канчалык кайгы-муң тартты экен?
-Уулунан тирүүлөй айрылган жетимиш эненин кайгы-муңундай азап тартты.
-Оо, андай болсо, анын сообу канчалык болду экен?
-Жүз шейиттин сообуна барабар. Анткени ал эч убакта Жаратканга жаман ой бапестеген эмес (Суйути, ад-Дуррул мансур, IV, 570).
Мына ушул сабырдын сабыры, сабырдын эң мыктысы эле.
Башка түшкөн каранкүн же кандай гана балээ болбосун эч кимге даттанып, муңканбай, чындап чыдоо — «Сабру жамийл» — мыкты сабыр болуп эсептелет.
?Абдулла бин Масуд (Алла ага ыраазы болсун) баян этет?
Алла Элчисинен кабар алганы бардым. Ысытмасы күчөп турган экен. Түтпөй кеттим:
«-Пайгамбарым! Сиздин ысытмаңыз чындап эле күчөп калыптыр».
«-Ооба, силерден эки адам араң көтөрө ала турганчалык абалда кыйналып турам».
«-Балким, бул эки эсе соопко ээ болушуңуз үчүндүр?»
«-Ооба ошондой. Бутуна тикен киргени же башына кандайдыр бир балээ түшкөндүгү үчүн Алла Таала мусулмандын күнөөлөрүн кечирет» (Бухари, Марда, 3, 13, 16; Муслим, Бирр, 45).
?Сабырдуулуктун акыбети бейиш экенин аңдаткан береги окуя абдан ибараттуу:
Абдулла бин Аббас (Алла ага ыраазы болсун) Ата бин Аби Рабахка кайрылат:
-Сага бейиш сүйүнчүсүн алган бир аял көрсөтөйүнбү?
-Ооба, көрсөт!
-Береги кара аял бар го, мына ошол Алла Элчисинен өтүнөт:
-Кээде менин туталагым тутуп, өзүмдү жоготуп коюп жатам. Ал учурда үстү-башым ачылып, өзүмө ээ чыга албай ооруп калам. Айыгып кетишим үчүн бир дуба кылсаңыз жакшы болот эле.
-Эгер сабыр кылам десең акыбети бейиш болот. Бирок кааласаң, шыпаа тилеп Аллага жалбарайын? дейт боорукер жан.
Бейиш дегенди укканда аялдын жүзүн кубаныч чайды. Жүрөгү элеп-желеп болуп мукактана мындай деди:
-Бул дартка сабыр кылам. Бирок, талма ооруум кармаганда үстү-башымдын ачылбашы үчүн дуба кылсаңыз жакшы болор беле дейм.
Алла Элчиси бул аял үчүн дуба кылды (Бухари, Марда, 6; Муслим, Бирр, 54).
Мынакей, башка түшкөн оор кыйынчылыкка сабыр кылуунун албан акыбети?…
?Абу Саид (Алла ага ыраазы болсун) мындай дейт:
«Мухажирлердин бир топ кедей адамдары менен отургам. Булардын бир бөлүгү (денесин толугу менен жаап турган кийими жок болгондуктан) жанындагылардын кийимдери менен калкаланууга аракет кылып жатышты. Бир адам бизге Куран окуп отурган. Алла Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) келип, жаныбызда турду. Куран окуган адам да унчукпай калды. Саламдашкан соң Алла Элчиси бизден сурады:
-Эмне кылып жатасыңар?
-Кадырман Пайгамбар! Бул биздин мугалимибиз, бизге Куран окуп берип жатат. Биз болсо, Алланын китебин тыңдап жатабыз.
Анда бар ааламдын Мырзасы?
-Чогуу сабыр кылуум үчүн Алла Таала үммөтүмдөн (өзгөчө) адамдарды жаратты. Аллага чексиз алкоо! деп ортобузга келип отурду.
-Тегерек болуп отургула — деп колу менен жаңсады.
Жамаат дароо анын айланасына тизе бүгүп отуруп калышты. Жаратылыш Нуру (саллаллаху алейхи васаллам) бизге төмөнкү сүйүнчү кабарды билдирди?
-Эй, кембагал мухажирлер, сүйүнчү! Силер үчүн кыямат күнү толук нур болот. Силер бейишке бай адамдардан жарым күн мурун кадам таштайсыңар. Бул жарым күн (дүйнө жылсанагы боюнча) беш жүз жыл» (Абу Давуд, Илим, 13/3666).
?Абу Хурайра (Алла ага ыраазы болсун) дагы бир баяндамасында буларды билдирген:
«Мен ахли суффадан жетимиш кишини көрдүм. Алардын эч биринде денесин толук жаап турчу кийими болгон эмес. Кээ биринин белинен төмөн жагына гана жетчү кийими боло турган. Айрымдарында чыптама өңдөнгөн жамачы кийимдери гана бар эле. Алар кийимин мойнуна байлап алышар эле. Айрым сахабалардын кийими араң тизеге жетсе, кээсиники согончогуна чейин жетер эле. Алар уяттуу жерлери көрүнбөсүн үчүн этияттык менен отура турган» (Бухари, Салат, 58).
Жокчулукка, эң катаал турмуш капшабына өздөрүнүн такыбаалыгы, чыныгы диндарлыгы жана албетте сабырдуулугу менен туруштук берип, өмүр кечиген сопу жамаатынын өзгөчөлүгүн Фадала бин Убайд (Алла ага ыраазы болсун) эскерет:
«Алла Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) сахабаларга имам болуп намазда турганда сопу жамаатынан айрым сахабалар ачкалыктан өзөөрүп жыгылып түшчү. Бул көрүнүшкө чөлдөн келген бедуиндер аларды жинди деп ойлоп, таң калышчу. Намаз бүткөн соң Алла Элчиси жыгылып калгандардын жанына барып:
«Силер үчүн Алланын даргөйүндө эмне даярдалганын билгениңерде, мындан да кедей, мындан да кембагал болууну кааламаксыңар» деп сооротчу» (Тирмизи, Зухд, 39/2368).
?Мухаммад Икбалга таандык береги сөз кыйынчылыкка сабыр кылуунун артыкчылыгын айкын түшүндүрөт:
«Бир кийик бир кийикке арыз-муңун айтып жатат:
-Мындан кийин Каабада жайшайм. Ошол жайта жатып-туруп, оттоп курсак тойгузам. Анткени аңчылар тоолорго тузак койгондуктан, жаныбыз ар дайым бычак мизинде. Аңчылардын кооптуулугунан кутулуп, жайчылыкта жашагым келет!
Арыз-муңун сабырдуулук менен уккан экинчи кийик минтип кеңеш берет:
-Эй акылдуу досум! Жашагың келсе коркунучка тобокел кылып жаша. Өзүңдү ар дайым бүлөөгө кайрап, чыңалган болот кылычтан өткүр жаша! Коркунуч күч-кайратты, кудуретти сынайт. Дене — турпаттын жана көзгө көрүнбөгөн киши рухунун эмнелерге кудуреттүү экенин бизге ошо кооптуулук аңдатат».
?Жыйынтыктап айтканда, сабыр-инсан көөдөнүндөгү баа жеткис казына?
Апаат, балээ жана сан миң кыйынчылык-машакаттарга каршы жешилгис калкан. Алла ыраазы болуп, албан акыбеттерди апкеле турган улуу касиет. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) айткандай?«Сабыр -бул шоола?» (Муслим, Тахарат, 1).
«Сабырдын түбү сары алтын», «Кайратың бекем болсо, кара баш эсен болот?», «Жанып кетсе кайратың, жамандык тагат чалмасын», «Эркти өстүр эрк барда, ишенимди бек карма!» деп кеменгер элибиздин да сабырдуулук, кайрат жөнүндө акыл-насааты бар?