Сабыр — казына

https://kyrgyzcha.site/?p=42290&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Сабыр — казына

Сабыр кылуу кутулууга жана ийгиликке себеп боло турган жакшы мүнөз. Сабыр пайгамбарлардын өзгөчөлүктөрүнөн болгон.

Ошондуктан, аталарыбыз:

«Сабыр ачуу болсо да жемиши таттуу.”, «Сабыр – саламат”, «Сабырдын түбү сары алтын”, — ж.б., даанышман акылдарын айтышкан.

Сабырсыз бир фарзды аткаруу же бир күнөөдөн качууга болбойт. Себеби:

«Ыйман деген эмне?” -деп сурашканда, Пайгамбарыбыз:

«Сабыр”, — деп жооп берген. (Дайлами)

Сабырдын улуктугу жана фазилатынан улам Курани каримде жетимиштен ашык жерде сабыр жана сабыр кылгандарга бериле турчу сооптор билдирилген. Аяттарда айтылат:

«Сабыр кылгандардын сыйлыгын, кылып жаткандарынын дагы да жакшысын беребиз”. (Нахл 96)

«Аллах сабыр кылгандарды жакшы көрөт.” (Ал-и Имран 146)

«Эййубдун (малына жана жанына келген кыйынчылыктарга карата) сабыр кылгандыгын көрдүк.

Ал кандай жакшы кул эле, дайым Аллахка умтулуп, ага сыйынчу эле.” (Сад 44)

«Эй, ыйман келтиргендер, сабыр кылгыла, сабыр кылууда бири-бириңер менен жарышкыла!” (Ал-и Имран 200)

Сабырдын фазилаты өтө бийик болгондуктан Аллаху таала сабырды өтө баалуу кылды.

Ар ким сабыр ниматына жете албайт.

Хадис-и шарифте буюрулду:

«Сабыр — Жаннат казыналарынан бир казына”. (Имам Газали)

«Эгер сабыр адам болгондо өтө керим жана жоомарт болмок.” (Таберани)

«Жактырылбаган нерсеге сабыр кылууда өтө чоң жакшылык бар.” (Тирмизи)

«Ибадаттын башы — сабыр”. (Хаким)

«Сабырдын ыймандагы орду баштын денедеги орду сыяктуу”. (Дайлами)

«Хак таала сабырдуу жана ихластуу болгон адамды суракка тартпастан Жаннатка киргизет.” (Таберани)

«Эң жакшы курал — сабыр”. (Хаким-и Тирмизи)

«Аллаху тааланын сабыр кулдун сабыры менен бирге болот.” (Эбу Нуайм)

«Бузук бир ишти оңдой албасаңар сабыр кылгыла!

Аллаху таала аны оңдойт.” (Байхаки)

«Орозо сабырдын, сабыр болсо ыймандын жартысы.” (Эбу Нуайм)

«Ашыктыгын жашырып, намысын коргоп сабыр кылган адам Бейишке кирет.” (Ибни Асакир)

«Ыймандын жартысы сабыр, калган жартысы болсо шүгүр.” (Байхаки)

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️