1. Расул Алла (Аллахтын саламы жана салаты болсун) жана айтты. Бир бөлөк элди көрдүм, жылан- чаян мойнуна оролуп азаптап турат. Мен я Малик, булар ким?- деп сурадым. Малик: я Расул, булар малын зекет, эгининен үшүр бербегендер деди.
2. Дагы бир коомду көрдүм, мойнуна оттон боо салып колу- бутун от аркан менен байлап азап берип жаткан. Андан кийин, я Малик, булар ким?- деп сурадым. Малик булар сүткорлор деп айтты.
3. Дагы бир жамаатты көрдүм, өз этин өзү жулуп жеп турган. Я Малик, булар ким?- деп сурадым. Малик айтты, булар жалган дүйнөдөушак айтып, зыян кылып, тобосуз дүйнөдөн кайткандар.
4. Дагы бир коом көрдүм, тозоктун ичинде эки оттун ортосунда бутунда оттон кепич, башында оттон тажы, үстүндө оттон кийим. Я Малик, булар ким?- десем. Булар жалган дүйнөдө эки аял алып, экөөбүнө тең карабай, бирин артык, бирин кем көргөндөр.
5. Дагы бир жамаатты тозокто от найза менен уруп азаптап жаткан экен. Бул кандай жамаат?- деп дагы сурадым. Ошондо Малик айтты, булар дүйнөдө күнөө ишти жасап, эл ичинде жасабагандай болуп жүргөн, тобо кылбай өлгөндөр. Эми биз аларга казык кагып, азап берип жатабыз.
6. Дагы бир жамаат көрдүм, тили салактап салбырап турат. Я Малик, булар ким?- деп сурадым. Малик айтты, булар аялын, балдарын себепсиз уруп, себепсиз сөккөндөр.
7. Жана бир аялды көрдүм. Эмчегинен асып коюптур. Мен бул ким?- деп сурадым. Бул күйөөсүнөн уруксатсыз башка бирөөнүн баласын эмизген аял эле деди.
8. Дагы бир аялды көрдүм. Чачынан асып коюптур. Мээси шарактап кайнап турду. Бул ким деп сурадым. Бул күйөөсүнүн көңүлүн оорутуп, беймаани сөз айткан аял эле.
9. Бир аялды көрдүм, өз этин өзү жулуп жеп турат. Бул жалган дүйнөдө өзүн боёнуп, менменсинип, асыл буюм тагынып, жат адамдарга өзүн көрсөткөн аял деди Малик.
10. Жана бир жамаат аялдарды көрдүм. От аркандар менен буту- колу байланган, жылан- чаян соруп этин жеп, катуу азап берип чыңыртып жатат. Бул эмне болгон аялдар деп сурадым. Булар дааратты туура албагандар деди.
11. Дагы бир аялды көрдүм, оттон жасаган табытка салып коюптур. Бүт денеси күйүп турат бул кандай аял деп сурадым. Бул аял ойноштон бала тууп, ал баланын атасын жашырып, бөлөк бирөөгө телиген аял деди.
12. Бир аялды көрдүм, бутунан асып, башын төмөн каратып от дандырга салып коюптур. Малик айтты: Я Мухаммед бул аял күнөөлүү адамдарга ээрчип бир айылдан экинчи айылга барган аял деди.
13. Жана бир аялды көрдүм, ит сүрөтүнө болур турду. Ал аялдын от ичинен өтүп оозунан чыгып турат. Малик айтты: Бул ойноштон бала боюнча бүтүп, аны түшүрүп, же тууп анан өлтүргөн аял деди.
14. Жана бир аялды көрдүм, тилин аркасынан чыгарып койгон, от болуп жанып туру. Малик айтты: Булар дүйнөдө калп ант ичкендер деди.
Муну угуп азирети Айша, Фатима ыйлашты: О Расул, адамдар бул иштен кандайча кутулат”- деп. Раслу айтты, мен бул ишти баян кылдым, сиздер өзүңүздөр шайтан азгырып иштесеңиздер, тобо кылып, экинчи иштебеңиздер. Өкүнүңүздөр, тобо кылыңыздар. Алла- Таалага ушул иштерден сактап, тобобузду кабыл кылып, өзү рахым этсин, Оомийн, я раббил аламиин.