Рамазан айынын артыкчылыгы

https://kyrgyzcha.site/?p=47538&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Рамазан айынын артыкчылыгы

Рамазан айы-бул, Ыйык Курандын айы♥ Адам баласын караңгы жолдон адал жолго алып чыгып, түбөлүк бакытка жетелеген Ыйык Куран дал ушул куттуу рамазан айында түшүрүлө баштаган♥

Бул ай-момун мусулмандар үчүн ырайымдуулуктун жана кечиримдүүлүктүн айы♥

Бул ай-уктап жаткан жүрөктөрдү ойготуп, күнөөлөрдүн катмар-катмар дарттарын арылтуучу ай♥

Бул ай-жан дүйнөлөрдүн көркүнө көрк кошуп ажарын ачкан куттуу ай♥

Бул ай-орозосу менен, саарлыгы-ифтары менен, таравихи менен, окулган Кураны менен өзгөчө берекелүү айы♥

Жараткан Аллах Таала Ыйык Куран жөнүндө аяттардын биринде мындай дейт♥

«Эй, адамдар!

Силерге Жараткан Эгеңерден насаат, көөдөндөргө шыпаа, момун-мусулмандарды туура жол баштоочу, ырайым (катары Ыйык Куран) ыроолонду»

Жүрөккө нур, көөдөнгө шыпаа, жанга азык катары ыроолонгон Ыйык Куран дал ушул айда түшүрүлгөн. Миң айдан да артык Кадыр түнү дал ушул айдын ичине катылган♥

Бул ай-башы Аллахтын ыраайымына, ортосу Аллахтын кечиримине, акыры тозоктон кутулууга себепкер боло турган куттуу ай♥

Андыктан Аллахтын ырайымы өзгөчө жааган бул куттуу айдын кадырын билип, ошого жараша жакшылык иштер менен, ибадаттар менен алек болууга жан үрөшүбүз керек♥

Бул куттуу айда Куранды көп окуу зарыл♥

Бул ай-Аллахка болгон сүйүүбүздү жандантып, дуба саждалар менен жан дүйнөбүздү көркүнө чыгара турган ай♥

Бул ай-өзүбүздү-өзүбүз суракка тартып, напсибизди теске салып, күнөөлөрдөн алыс болуп, жүрөгүбүздү зикир менен тазалап аруулай турган куттуу ай♥

Азирети Мухаммад (саллаллооху алайхи ва саллам) куттуу хадистеринин биринде♥

«Рамазан айы келгенде Бейиштин эшиктери ачылып, тозоктун эшиктери жабылып, шайтандар чынжырга байланат»-дейт♥

Дагы бир куттуу хадисте, азирети Пайгамбарыбыз (саллааллооху алайхи ва саллам) шаабан айынын акыркы күнү элге кайрылып мындай дегени айтылат♥

«Эй, момун-мусулмандар!

Үстүңөргө ушундай бир айдын көлөкөсү түшкөнү турат. Ошол айда катылуу бир түн бар. Ал түн (Кадыр түнү) миң айдан да артык! Аллах Таала (бизге) бул айда күн сайын орозо кармоого буйрук берди. Бул айда түнкүсүн таравих намазын окуу-сүннөт болуп эсептелет. Бул айда кылынган (ийненин көзүнчөлүк) жакшылык башка айларда парзды аткаргандай (соопко себепкер) болот. Бул айда бир парзды аткаруу башка айларда жетимиш парзды аткаргандай (соопко себепкер) болот. Бул ай- сабырдуулуктун айы♥

Сабыр кылган адам Бейишке барат♥

Бул ай- жылуу мамиленин айы♥

Бул айда момун-мусулмандардын ырыскысы көбөйөт♥

Кимде-ким бул айда орзо кармаган бир адамга ооз ачырса,мкүнөөлөрү кечирилет♥

Аллах Таала аны тозок отунан алыс кылат. Ошондой эле орозо кармаган адамдын сообунчалык соопко эгедер болот»♥

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️