Пример HTML-страницы

РАМАЗАН АЙЫНДА ЗЕКЕТ

https://kyrgyzcha.site/?p=60405&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

=РАМАЗАН АЙЫНДА ЗЕКЕТ=

 

Аяттардын биринде: 《Алтын жана күмүш топтоп аларды Алланын ак жолунда сарптабагандарга жан сыздаткан азапты сүйүнчүлө!》 (9, Тавба сүрөөсү, 34-аят), башка аятта:《Эгерде садакаларды ашкере түрдө берсеңер кандай сонун иш болмок! Эгерде аны жашыруун түрдө жакырларга берсеңер, анда бул ишиңер жакшы жышаандын белгиси. Ушул сыяктуу мамилелерден улам Алла да силерди күнөөңөрдү жашырат жана кечирет. Алла жасаган иштериңерди толук билет》. (2/Бакара сүрөөсү, 27-аят)-деп баяндалган. Бул аяттарда акчанын кулу болгон адамдар азапка тартылаары, бирок акчаны жана байлыкты жакшылык иште колдонгондордун күнөөлөрү кечириле турганы түшүндүрүлгөн. Адам жакшылык жолдо мал-мүлкү жана акчасы менен кечиримдүүлүктү жана багышталууну сатып алат. Соодагерчилик деген кандай сонун иш!

Сахабалар, «Алтын менен күмүш топтогондор …» үчүн жанды сыздаткан азапты баяндаган аят түшкөндө, бул аяттын тушунда өздөрүн оңтойсуз сезе башташкан. Муну менен бирге Аз. Умар ордунан туруп Алланын элчисинин жанына барат: 《Оо Алланын элчиси: Алла зекетти мал-мүлкүңөрдөн ашыгын тазалоону жана мурастарды силерден кийинки муундарга калуусун парз кылды》-деп буюруп бул абалдан коргонуунун жолун ага жана бардык мусулмандарга үйрөткөн. (Абу Давуд, «Закат», 32) Анткени зекет адамдарды күнөөлөрдөн тазалайт, рухту жана жүрөктү агартат.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE