Рамазан айы келгенде

https://kyrgyzcha.site/?p=47586&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Рамазан айы

Рамазан айы келгенде Алла Таала тозок периштесине 7 тозоктун эшигин жап, рамазан айы бүткөнчө күнөөкөрлөрдү чыгар деп буйрук берет.

Жабирейил периште добуштап:

«Эй көрдөгү жаткандар кубангыла, рамазан айы келди»♥-дейт.

Алла Таала эч бир көрүстөнгө азап бербей, көрдү нуру менен жарык кылат.

Кыямат кайым болгондо рамазан айы бир жакшы кишинин сүрөтүндө болуп, эң жогорку асмандын үстүндө туруп, Аллага сажда жасар.

Ошондо Алла Таала айтат:

Эй Рамазан, бул күн сажданын күнү эмес, бул күн кыяматтын күнү дээр. Бул күнү Менден эмне тилесең тиле, эмне кааласаң да беремин дейт.

Ошондо Рамазан айтар, Мухаммедин үмөтү көрдөн жылаңач турду, орозо кармаган аларга кийим бер деп сурайт.

Ошондо периштелерге буйрук болуп, жаннаттан кийим алып келип кийгизер.

Ошондон кийин Рамазан айы:

Я Алла, бул орозо кармагандардын башы жылаң баш. Башына кийим бер.

Алланын буйругу менен периштелер Жаннаттан ал орозо кармагандарга таажы алып келип кийгизер.

Андан кийин Рамазан айы айтар:

Я Алла, бул орозо кармагандардын буту жылаң аяк деп. Алла периштелерге буйрук кылар, 70 миң бут кийим алып келгиле деп. Периштелер алып келип орозо кармагандарга берер.

Ошондон кийин Рамазан айы:

Я Алла, бул орозо кармагандар ач, аларды өзүң каримиң менен тойгузсаң дээр.

Алла периштелерге амир кылат. Бейиштин тамагынын баардык түрлөрүн алдыларына койгула дээр. Ал периштелер түркүн тамакты орозо кармагандарга алып келип берер. Алар таң болуп калар.

Алла айтты:

«Я Мухаммад!

Эгер пенденин күнөөсү таатынан көп болсо, ал күнөөнү мындай адамдардын мойнуна саламын.

Дүйнөдө мусулмандарды кордогон, мусулмандын малын тартып, уурдап, коркутуп алгандар залым, ошол залым түрүндө тозокко жиберемтн, а жапа чеккен пендени Жаннатка жиберемин».

Сенин үмөтүң үчүн мынча керемет кылдым. Сенин үмөтүң Мен үчүн кандай таат ибаадат кылар экен депдосуна убада кылды.

Расул Алла айтты:

Кимде-ким Рамазан айында 30 күндү таравих намазын окуп, орозо менен өткөзсө, эркек же аял болсун, аларды Алла Таала тозоктон азат кылат.

Али шери айтты:

Алла Таала пендеге азап бере турган болсо, Рамазан айын бербес эле. Эми белгилүү болду, Мухаммад (саллаллооху алайхи ва саллам)дын үмөтүнө тозок оту арам.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️