РАБИ’ АЛ-АВВАЛ АЙЫНЫН 12-ТҮНҮ (МАВЛИД ТҮНҮ)
Мына ушул түнү Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам) төрөлгөн?
Бул ушундай куттуу түн: мына ушул түнү нечендеген кылымдар бою наадандыктын караңгылыгы каптап жаткан бул дүйнөгө биздин улуу руханий лидерибиз, теңдешсиз көсөмүбүз, салыштыргыс залкар жол башчыбыз Мухаммад Пайгамбар (саллаллооху алайзи ва саллам) бүткүл ааламдарга Аллахтын ырайымы катары жиберилген?
Ал алып келген Ислам нурунун жардамы менен жалпы адамзаттын бир бөлүгү наадандыктын караңгы баткагынан суурулуп чыгып, каапырлыктан — ДИНГЕ?, адашуудан — ОҢОЛУУГА, наадандыктан — ИСЛАМГА, караңгылыктан — ЖАРЫККА, жек көрүүдөн — СҮЙҮҮГӨ, согуштардан — ТЫНЧТЫККА, каргыштан — КУТ-БЕРЕКЕГЕ, кыйроодон — АМАНДЫККА, тозоктон — БЕЙИШКЕ КАРАЙ БЕТ АЛГАН.
Бул ушундай куттуу түн: мына ушул түнү биздин улуу төрөбүз Мухаммад Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам)дын урматы үчүн жер бетиндеги бардык МОМУНДАРГА ЖАРАТКАНДЫН ырайымы менен айкөлдүгү ак жаандай жаап турат?
Ошондуктан ушул түнү биз аткарууга тийиш болгон жана Аллахка жагымдуу амалдардын айрымдары төмөнкүлөр?
1) Мухаммад (саллаллооху алайхи ва саллам)га мол-мол салаваттарды айтуу?
2) бизди Өз Элчиси жана ырайымы катары жиберилген Мухаммад Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) түз жолуна салганы үчүн Аллах Таалага көп-көп шүгүрлөрдү келтирүү?…
3) биз анын жолун татыктуу жолдой албай жаткандыгыбыз үчүн Аллахтан кечирим сурап, истигфор тартып?…
4) Роббил-ааламиндин ыраазычылыгына жетүү үчүн адаттагыдан көбүрөөк саждалуу намаздарды окуу. Ушул түнү тасбих намазын окуу да кыйла пазилеттүү амалдардан бири болуп саналат?