Пример HTML-страницы

ПИТИР САДАКАСЫ.

https://kyrgyzcha.site/?p=60408&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

=ПИТИР САДАКАСЫ=

 

Питир садакасы жана башкача айтканда питир Рамазан айынын акырында жана «хаваиж-аслия» деп түшүнүлгөн негизги муктаждыктардын тышында берилип, белгилүү өлчөмдө мал-мүлккө ээ мусулман, ниетке жараша берилген садака болуп саналат.

Питирдин өлчөмү зекетте болгондой 20 мискал (өлчөм бирдиги) алтын драхма күмүштүн өлчөмүндөгү мал-мүлккө ээ болуу керек. Бирок зекеттен өзгөчөлөнүп питирде мал-мүлктүн көбөйүүсүнө да, арадан бир жыл өтүшүнө карабайт.

Питир (фитра) сөзүнүн «жаратылыш» түшүнүгү менен байланышы бар. Бул жагынан питир (фитра) Улуу Жараткандан сооп табуу үчүн бизге берген ырайымы жана кулуна арнаган илахий белек. Питир садакасы орозо кармаган адамды жаман жана пайдасы жок сөздөрдөн, пайдасыз иштерден узак туруп күнөөлөрдөн тазалануу жана жакырларга тамак-аш берилүүсүн буйрук кылган ибадат. (Ибн Мажа, «Закат», 21) Ошентип орозо кармоо менен руханий дүйнөбүз таазаланса, калган кирлерди питир тазалайт. Алланын элчиси садакалардын эң кайырлуусу Рамазан айында берилген садака (Тирмизий «Закат», 28) экени диний булактарыбызда «зекеттин башы» (закатур-ра-с) катары билдирилген. Анткени бул ар бир мусулман адамдын милдети.

Питир садакасы Рамазан орозосу парз болгон хижранын экинчи жылынын Шаабан айында зекет парз болгонго чейин буйрук берилген материалдык ибадат болуп саналат. Питир садакасынын өлчөмү жогоруда токтолгор фидянын өлчөмү менен бирдей.

Питир, кулга, кичине же чоң адамга берилет. Адам өзү менен бирге балдарынын питирин берүүгө милдеттүү. Бирок ата-энеси караган баласы, чоң балдары, туугандары жана башка туугандары үчүн питир берүүгө милдеттү эмес. Зекет берилбеген жерлерге питир да берилбейт. Бирок адам питирин ислам укугунун усулуна жана өкүмдөрүнө байланыштуу (фурусуна) ата-энесине, чоң атасына, чоң энесине балдарына, неберелерине жана өмүрлүк жолдошуна бере албайт.

Бир мусулман Рамазан орозосун кармаса же кармабаса, сак-саламат майрамга кирген болсо майрам намазына чыкпай туруп питирин берүүсү зарыл. (Бухарий, «Закат», 76) Питирлер, Рамазан айы келгенден мурда да берилсе болот. Питирлерде фидяда болгондой эң жогорку өлчөмдөн көп берүү үлгүлүү жүрүм-турум болуп саналат. Питир. Мусулман бир туугандарыбызга майрамдык белек. Ошентип бардык мусулмандар майрамды жогорку деңгээл менен өткөрүшөт.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE